Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Улуттук банк валюта базарына 30,2 миллион доллар сатты


Улуттук банк 14-октябрда финансылык рынокко интервенция жасап, 30,2 млн. долларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында айтылат. Бул өлкөнүн башкы банкынын 2021-жылдагы тогузунчу интервенциясы болуп калды. Расмий маалыматка караганда, Улуттук банк жыл башынан бери 341 млн. 350 миң долларды валюта базарына саткан.

Интервенция доллардын курсун кармап туруу үчүн жасалат. Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,9 сомдун тегерегинде болуп жатат. Улуттук банктын расмий сайтында (15-октябрга карата) доллардын курсу 84,8 сом деп көрсөтүлгөн. 2020-жылы башкы каржы көзөмөл мекемеси 518,5 млн. доллар саткан.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар 2020-жылдын март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG