Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:14

Жапаров КМШнын президенттер кеңешинин жыйынына катышат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчылар Кеңешинин мааракелик жыйынына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жыйын Беларустун төрагалыгында өтөт. КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери шериктештик алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Жыйынтыгында КМШ мамлекет башчыларынын бир катар билдирүүлөрү кабыл алынары пландалууда. Негизинен шериктештиктин 30 жылдыгы, биологиялык коопсуздукту камсыздоодогу, миграция тармагындагы кызматташтык, шериктештик жарандарынын шайлоо укуктарын коргоого багытталган документтер.

КМШ уюму мурдагы СССР урагандан кийин 1991-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын курамына Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Түркмөнстан эркин мүчө макамына ээ. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG