Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

Орусияда пенсиядагы дарыгерлер ишке чакырылды


14-октябрда бир сутканын ичинде 986 киши COVID-19дан көз жумду, 31 299 адамда оору жаңы аныкталып, пандемия башталгандан бери 7,8 миллион учур катталды.
14-октябрда бир сутканын ичинде 986 киши COVID-19дан көз жумду, 31 299 адамда оору жаңы аныкталып, пандемия башталгандан бери 7,8 миллион учур катталды.

Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко Мамлекеттик Думанын комитеттик отурумунда пенсиядагы медициналык кызматкерлерди жумушка кайтып келүүгө чакырды.

Министрдин айтымында, медициналык мекемелерде абал оорлошуп жатат. Орусияда жаңы типтеги коронавирус инфекциясын жуктургандар 1 миллион 100 миңден ашты. Бул былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 1,5 эсеге жогору.

14-октябрда бир сутка ичинде 986 киши COVID-19дан көз жумган, 31 299 адамда оору жаңы аныкталып, пандемия башталгандан бери 7,8 миллион учур катталды. Бийлик бул расмий көрсөткүч экенин, иш жүзүндө ооругандар мындан да көп болушу мүмкүн деп эскертип келет.

Каза болгондордун жалпы саны 220 миңден көп. Көз карандысыз демография адистери бул сан 660 миңден ашык болушу мүмкүн экенин эскертишкен. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG