Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:08

Түркияда кайнатасынын колунан ажал тапкан Аят


Аят.
Аят.

12-октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында жашаган 30 жаштагы кыргызстандык келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөнү тууралуу суук кабар элдин үрөйүн учурду. Бул окуя Түркияда резонанс жаратып, Башкы консулдук окуянын иликтенишине тыкыр көз салууда.

Шейшембиде түрк кабар агенттиктери Текирдаг аймагында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыргызстандык келиндин өлүмү тууралуу жабыла жазышты.

Түрк полициясы 30 жаштагы Аятты кайнатасы өлтүрүп, денесин жиликтеп, таштандыга ыргытып жибергенин билдирген.

"ШоуТВ" телеканалы үрөй учурган окуя болгон жерге барып, эмне болгонун сүрүштүргөн. Коңшулары кыргыз келин кайната-кайненеси менен чогуу жашаганын, акыркы күндөрү Аяттын түнт тартып, сабыры суз жүргөнүн айтып беришкен.

"Бул үй-бүлө эч ким менен катышпайт. Жөн эле саламдашып койчубуз. Окуя болгон түнү кайненеси ыйлап кыйкырды. Көрсө ушундай окуя болуптур. Кайнатасы мыкаачыдай деле көрүнчү эмес. Сот жазасын берет деген ойдобуз", - деди каргашалуу окуя болгон үйдүн коңшусу.

"Азаттык" Аяттын эң жакын курбусу Умида менен байланышты. Аят күйөөсү Толгахан менен төрт жыл мурда таанышып, Түркияга келген экен. Кыргыз келин күйөөсү менен ынтымактуу жашаган. Бирок кайындары жактырбай, кодулап келген.

Умиданын айтымында, Аят үй-бүлө чырынын курмандыгы болду. Маркум келиндин эки баласы жетим калды.

"Аятты Түркияга келгенге чейин эле тааныйт элем. Кийин мага чалып "Эже, түрк жигитке турмушка чыгып жатам" деп калды. "Жардам керек болсо кайрыл" дедим. Көп өтпөй күйөөсү менен биз турган Анкара шаарына келип, жашап калды. Ошондо Аят "мени күйөөмдүн үй-бүлөсү кабыл албай жатат" деп даттанды. "Начар кишилер болсо өзүңдү ойло" дегем. Кийин күйөөсү менен кайындары турган Адана шаарына көчүп кетишти. Кайната-кайненесин жактырчу эмес. "Алар мени кордоп жатышат" деп көп айтчу. Аятты кайнатасы бычактап салганын жаңылыктан билдим. Кабыргам кайышып турат", - деди курбусу.

Аят социалдык тармактагы баракчасына акыркы жолу 30 жашка толгондо кирген экен. Ошол билдирүүсүндө алдыда жакшы күндөр күтүп турганын, сүйгөн жар, балдардын энеси болгонун белгилеген. Мурдагыдай эрке, ишенчээк кыз болуудан калып, токтолуп, жоопкерчиликке үйрөнгөнүн айтып, жарык дүйнөгө алып келген апасына "Өмүр тартуулаганың үчүн алкыш" деп жазган.

Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулу Лира Сыдыкова соцтармактагы баракчасына Текирдаг аймагына барганын, үрөй учурган окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Башкы консулдук Түркиянын укук коргоо органдарынан иликтөө иштерин тездетүүнү суранды. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына консулдук-укуктук көмөк көрсөтүү ишин колго алды.

Ошондой эле Аяттын апасы бейшембиде Москвадан Түркияга келерин, тергөө ишине катышып, кызынын сөөгүн алып кетерин кабарлады.

Ал эми түркиялык басылмалар жазгандай, полиция "адам өлтүрүү" беренеси менен шек саналган адамды камакка алган. Тергөөдө шектүү "келиним неберелеримди кагып-силкип, күн көрсөтчү эмес, абдан өкүнүп жатам" деп көрсөтмө берген.

Түркияга барган кыргызстандык кыз-келиндер киши колдуу болгон учурлар буга чейин да катталган. 2020-жылы Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык кыз бейтааныш адамдын кол салуусунан каза тапкан.

2016-жылы дагы бир кыргызстандык келин бычак жеп, ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары аны менен чогуу жашаган киши кармалган.

Ушул эле 2016-жылы Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени келген Малика эс-учун жоготкон абалда жол жээгинен табылган.

Тергөө анда Анталиянын Коркутели аймагында түрк жараны М.Й. Маликага зомбулук көрсөтүп, бир нече жолу темир менен башка чаап, жолдун жээгине таштап кеткенин кабарлаган. Айыпталуучу сотто күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Энис Зияли.
Энис Зияли.

Малика Ноотиеванын соту беш жылдан бери бүтө элек. Анын укугун түркиялык төрт адвокат коргоп жатат.

Алардын бири адвокат Энис Зияли, кылмыш ишине аралашкан айыпталуучу түрк же чет өлкөлүк жаран экенине карабай адилеттүү чечим чыгарын, бирок айрым учурда жеңил жаза чегерилип каларын да жашырган жок.

"Зөөкүр кайнатанын келинин өлтүргөнүн көрүп зээним кейиди. Адвокат катары, шектүү өмүр бою эркинен ажыратылат деп үмүттөнөм. Бул окуя Түркияда чоң резонанс жаратты. Менин тажрыйбамда айрым чет өлкөлүк жарандар аралашкан иштерде айыпталуучулардын жазасы жеңилдетилиши же такыр эле бошотулушу да ыктымал. Андыктан Аяттын окуясы кылдат текшерилип, сотко жетиши керек жана кайнатасы эң оор жазага тартылышы керек деп ойлойм", - деди адвокат Зияли "Азаттыкка".

30 жаштагы маркум келиндин жашы жете элек эки уулу учурда убактылуу балдар үйүнө жөнөтүлгөнү кабарланды.

Түрк полициясынын расмий маалыматына ылайык, 2020-жылы өлкөдө 300 аял өлтүрүлгөн. Алардын ичинде канчасы чет өлкөлүк кыз-келин экени айтылбайт.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп, жашайт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу шаарларда эмгектенишет.

Аяттын өлүмүнө чейин кыргызстандык дагы бир кош бойлуу келин баласы менен Индияда киши колдуу болгон.

21-сентябрда Нью-Дели шаарындагы Калькаджи районунда 27 жаштагы кыргызстандык Мыскал Жумабаеванын жана анын уулунун сөөгү табылган. Маркум каза болгонго чейин курбусунун үйүнө барган. Полиция окуя боюнча маркумдун күйөөсүн, курбусун жана анын жигитин суракка алганын билдирген. Келиндин жакындары кылмышка шектүүлөрдү табууга жана аларды жазага тартууга көмөктөшүүнү суранып, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG