Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:26

Акча табуу үчүн чет өлкөлөрдө жер кезген кыргыз кыздардын айрымдары кулга айланып азап тартса, кээ бирлери темир тор артында отурат. Ал эми былтыр Москвадагы өрттө өмүрү өчкөн күлгүндөй кыздардын тагдыры көптү күйүткө салды.

Кыздарын конок деп күткөн кыргыз эли кийинки кезде эмне үчүн кыздарына кайдыгер карап, акча табуунун куралына айландырып алды? Балтыр эти ката элек кыздардын чет жерде күң болуусуна эмне себеп? Эмне үчүн улуттун келечектеги энесинин саламаттыгы менен тагдырына таш боор болуп жатабыз?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул суроолорго жооп издеди.

Талкууга педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова жана Миграция кызматынын миграция саясатын иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов катышты.

“Азаттык”: Ишенгүл айым, акыркы кезде Кыргызстандан чет жерге акча табуу үчүн кеткен мигранттардын көпчүлүгүн аялдар, анын ичинде балтыр эти ката элек кыздар түзөөрү баарыбызга белгилүү.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Былтыр Москвадагы өрттө 14 кызыбыз мерт болду. Түркияда сабалып, азыр эсине келе албай жаткан кыздын, Индонезиянын түрмөсүндө жаткан Жибектин, Кытайда өлүм жазасын алган Светлананын тагдырлары кыргыз кыздарынын келечеги кандай болот деген ойго салууда. Кыздарын конок деп күткөн кыргыз эли кийинки кезде эмне үчүн кыздарына кайдыгер карап, акча табуунун куралына айлантып баратат?

Ишенгүл Болжурова: "Беш кол тең эмес" дегендей, кыздарыбыздын баары бирдей эмес. Арасында жакшы окуп, турмушта өз ордун тапкандар да көп. Бирок, тилекке каршы, азыркы турмуш шарттын айынан социалдык чаржайыттык күч алды.

Колунда барлар кыздарын бапестеп багып, чет өлкөдөн билим берип жатат. Ал эми көпчүлүк эл нан табуу менен гана алек, эң башкы максаты балдарынын курсагын тойгузуу болуп калды. Үй-бүлөнүн уюткусу жоголуп, тарбиянын жоктугунан моралдык чоң проблемага туш болдук. Айылдан шаарга миграция күч алганы элдин менталитети бузулду. Демек, бул чоң социалдык проблемага айланып, бара-бара генофондго коркунуч пайда кылууда.

Мен кыздарын чет өлкөгө жиберген айрым ата-энелерден себебин сурасам бири “өзүн-өзү баксын, бутуна туруп, окусун” десе¸экинчиси “миграцияга жалаң тың жигиттер кетип жатат, ошол мигранттын бирине турмушка чыксын” деп айтты. Демек, бул жерде ата-эненин жоопкерчилиги экинчи планда калып, кандай иш, кандай жагдай болсо да акча табуу максаты биринчи планга коюп жатканы айкын.

“Азаттык”: Майрамбек мырза, Кыргызстандан жылына канча жаран чет жерге иштөөгө чыгат? Алардын канча процентин аялдар түзөт? Аялдар кайсы өлкөлөргө көп кетишет жана негизинен кандай жумуштарда иштешет?

Майрамбек Бейшенов: 2016-жылдагы маалымат боюнча эмгек миграциясында 800 миңден ашык адам жүрөт. Алардын көбү Орусия менен Казакстанда иштешет. Алардын 40% ашыгын аялдар түзөт. Мигранттардын көбү Орусия, Казакстан, Түркия жана Кореянын кызмат көрсөтүү тармагында иштешет.

Ал эми интеллектуалдык билим менен деңгээлди талап кылган иште иштегендер аз. Жогорку билимдүү кыздардын дээрлик баары бала багып, үй жыйнап иштешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG