Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Тбилисиде Саакашвилини колдогон акция болду


Грузиянын баш калаасы Тбилисиде мурдагы президент, октябрдын башында камалган Михаил Саакашвилини колдогон миңдеген адамдар көчөгө чыкты.

Массалык маалымат каражаттары көчөдөгү каршылык акциясына болжол менен 50 миңдей адам чыкканын кабарлады. Алар "Мишага эркиндик" жана "Саясий куугунтукка жол жок" деген ураандарды көтөрүп чыгышты.

Саакашвилинин тарапташы Ника Мелия экс-президенттин оппозицияны 30-октябрга чейин биригүүгө чакырган катын окуп берди. Трибунага чыгып сүйлөгөндөр Грузиянын бийлигине келген "Грузин кыялы" партиясын кескин сындап жүргөн Саакашвилини бошотууну талап кылышты.

Саакашвили 2018-жылы Украинада жашап жүргөн учурунда грузин соту тарабынан сыртынан соттолгон.

Саакашвили 1-октябрда кармалган. Ал Грузияга 2-октябрдагы жергиликтүү шайлоого катышарын, “өлкөнү сактап калуу үчүн” Грузияга келерин айткан. Камалгандан кийин нааразылык билдирип, абакта ачкачылык жарыялаган. (BCh)

XS
SM
MD
LG