Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

“Алтын балалык” борборуна каражат топтоо боюнча марафон өтүүдө


"Алтын балалык" борбору.
"Алтын балалык" борбору.

Бишкекте бүгүн 15-октябрда Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Алтын балалык” реабилитациялык борборун ишке киргизүү максатында уюштурулган кайрымдуулук марафону өтүп жатат.

Марафондун ачылышына президент Садыр Жапаров катышып, борборду быйыл март айында көрүп келгенин, курулушун аяктоону жана пайдаланууга берүүнү тапшырганын айтты:

“Араб өлкөлөрүнүн Кыргызстанда ачылган фонду бир блогун бүтүрүп берип жатышат. Дагы бир блогун “Кумтөр” ишканасы бүтүрүп берүүдө. Бүгүнкү марафонду уюштуруп, өзүбүздүн да мекенчил балдар-кыздарыбыздын, инсандарыбыздын жардамын сурайлы деп уюштуруп жатабыз”.

Марафондон түшкөн акча жетпесе республикалык бюджеттен каражат бөлүнөрү, борбор келерки жылдын 1-июнунда Балдар күнүнө карата пайдаланууга берилери, Кыргызстандан гана эмес, башка өлкөлөрдөн да бейтаптарды, эс алуучуларды кабыл алууга шарт түзүлөрү белгиленди.

Жапаровдун айтымында, 500 орунга эсептелген бул борбор “Бир-эки эсе эмес, беш жылда беш эсе өзүн актаган мекеме болот”. Бүгүнкү күндө анын эки бөлүмү (Жүрөк оорулары боюнча операция жасоочу бөлүм, Аллергия бөлүмү) иштеп жатат.

“Алтын балалыкты” мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева түзгөн “Мээрим” кайрымдуулук фонду 2000-жылы кура баштаган. 2005-жылы бийлик алмашып, Акаевдер өлкөдөн чыгып кеткен.

Жапаров 2012-жылы ошол кездеги бийлик борбордун аталышын “Өмүр булагы” деп өзгөрткөнүн, бирок курулушун аягына чыгарбаганын айтып, аталышын кайра “Алтын балалык” бойдон калтыруу тапшырмасын бергенин кошумчалады.

Марафондун эсебине президенттин резервдик фондунан 3 миллион сом, Министрлер кабинетинен 3 миллион сом, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнүн атынан 500 миң сом түштү.

Мурдагы президент Аскар Акаев 1 миллион сом которгонун жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG