Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

“Центерра" сураган акция, купуя калган сүйлөшүү


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

“Центерра Голд” компаниясы Кыргызстандан чыгып кетиши мүмкүн. Мындай билдирүүнү Акылбек Жапаров “Азаттыкка” билдирди. Бирок алар Кыргызстандын 26% акциясына кызыкдар.

Швейцариянын Женева шаарындагы Кумтөр кени тууралуу “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду аяктаганы менен анын мазмуну, корутундусу тууралуу толук маалымат айтылган эмес. Буга эки тараптын сүйлөшүүнүн жыйынтыгын купуя сактоо келишими себеп болгон.

Бирок Министрлер кабинетинин 12-октябрда жаңы дайындалган төрагасы Акылбек Жапаров “Азаттыкка” учкай маек куруп, бул маселе боюнча маалыматтын четин чыгарды. Анын айтымында, канадалык компания Кыргызстандан чыгып кете турганын билдирген. Бирок алар шарт койгон.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

“Кумтөрдү бүгүнкү күнгө чейин өзүбүз иштетип келдик. Мындан ары дагы өзүбүз иштетебиз. “Центерра” менен сүйлөшүүлөр болду. Алар дагы, биз дагы сүйлөшүү жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарбайбыз деп кол коюп бергенбиз. Сүйлөшүүлөр уланышы мүмкүн. Сүйлөшүүнүн демилгечиси Скотт Перри болду. Алар принципиалдуу түрдө Кыргызстандан кеттик деген чечимин айтты. Бирок "силер 26% акцияңарды бизге берсеңер" деген ойду дагы айтып жатышат. Биз андай болбойт, дообуз көп дедик. Эң оболу, эки тарап үстөлгө отуруп, бири-бирибизди уктук. Сын-пикир, талаптарды гана айтпастан, бул маселени кандай жолдор менен чечсек болот деген бир топ механизмдерди сүйлөштүк. Кийинки кадамдарды көрө жатарбыз”.

“Центерра” компаниясы Акылбек Жапаровдун айтканы боюнча комментарий бербей турганын билдирди.

Швейцариянын Женева шаарында 29-30-сентябрда өткөн сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын Акылбек Жапаров баштап барган.

Анын курамында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Тенгиз Бөлтүрүк, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер болгон. Экинчи тараптан барган топтун башында "Центерра Голд" компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри турган.

Азыркы тапта Кумтөрдү башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк Женевадагы жолугушууга канадалык компания чакырганын, кийинки сүйлөшүүлөр Кыргызстанда өтүшү мүмкүндүгүн айтууда.

“Кумтөрдүн каржылык абалы мыкты. Канча киреше түшүп жатканын айта албайм. Бирок анын көлөмү жогору экенине токтоло кетейин. Биз стратегияны алмаштырдык. Азыр жер астына түшө баштадык. Мындан тышкары калдыктарды кайра иштетүүнү пландап жатабыз. Андыктан убакыт бизге иштеп жатат. “Центерра Голд” компанисына 70% кирешени Кумтөр алып келип жатканын айтып, “саан уй” биздин колдо экенин түшүндүрдүк. Бизге керек болгон Кумтөрдү алдык. Аны артка кайтаруу мүмкүн эмес. Муну алар дагы түшүнүп турат. Азыр компенсация жөнүндө эле сөз болуп, ажырашканда мүлк кандай бөлүштүрүлө турганы чечилүүдө. Менин оюмча алар жакын арада Кыргызстанга келет. Биз күтүп жатабыз”.

Скотт Пери сөз кылган Кыргызстандын “Центерра Голддогу” акциясынын саны 77 млн. 401 миң 766. Бул жалпы акциянын 26% түзөт. Кыргызстан соңку жолу 2016-2020-жылдар үчүн 2,2 млн. доллар дивидент алган. Эл аралык Yahoo! Finance сайтындагы маалыматка ылайык, 14-октябрда "Центерранын" бир акциясы Торонто фондулук биржасында 7,53 АКШ долларына бааланып турат. Аны “Кыргыз алтын” аркылуу көзөмөлдөнгөн акциянын санына көбөйтсөк, 582 млн. 835 миң 297 АКШ доллары чыгып жатат. Бир жыл мурун Кыргызстандын “Центеррадагы” акциясынын наркы 1 млрд. 100 млн. АКШ долларынан ашып турган.

Жогорку Кеңештин төрагасынын мурдагы орун басары, Кумтөр алтын кени боюнча китеп жазган Кубанычбек Исабеков төрт орчундуу делген маселени атады.

Кубанычбек Исабеков
Кубанычбек Исабеков

"Центерра" компаниясынан мындай сунушту күтсө болот эле. Себеби алар дагы маселенин тынч чечилишин каалайт. Бирок бул жерде төрт маселе бар. Биринчиден, "Центеррадагы" акциялар Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Аны бекер берүү туура эмес. Экинчиден, Кумтөрдүн эсебинен сатылып алынган алтын кендер бар. Алар Канада, Түркия жана Монголияда жайгашкан. Ал кендерден кол жууп калабызбы? Биздин үлүшүбүз эмне болот? Буга дыкат мамиле кылыш керек. Үчүнчү маселе, Лондондогу рекультивациялык фондду Кыргызстанга алып келиш керек. Мындан тышкары дагы бир чоң маселе - экология жана салык төлөмдөрү боюнча кыргызстандык соттордун чечими кандай болот? Анда көрсөтүлгөн сумманы "Центерра" төлөп береби? Мына ушул төрт маселеден кур калбашыбыз керек".

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарган.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда.

Швейцариянын Женева шаарындагы жолугушуудан кийин кыргыз өкмөтү менен "Центерра" Кумтөр маселесин соттошуп эмес, сүйлөшүү жолу менен чече турганын божомолдогондор бар. Ошол эле учурда сүйлөшүүлөрдүн жашыруун жүрүп жатышынан шек санагандар да жок эмес.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыктагы” талкуу учурунда Кумтөр алтын кенинин айланасындагы окуяларга мындай баа берди:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Кумтөр мамлекетке өттү” деп бийлик өкүлдөрү жарыялап, эл кол чаап жатат. Кыргызстандын 77 млн. 400 миң даана акциясы болгон. Бир акцияга да көбөйгөн жок. "Кумтөр Голд Компани" ишканасына таандык бир дагы техника, бир буюм Кыргызстандын менчигине өткөн жок. Биз жөн гана убактылуу басып жатабыз. Улутташтыруунун жол картасы катары 2013-жылы эки мыйзам жазып киргизгем. Ал жөнүндө сөз жок. Демек, улутташтыруу болушу мүмкүн эмес. Азыр жашыруун сүйлөшүүлөр болуп жатат. Анын максаты эмне экенин биз билбейбиз”.

Азыркы тапта Кыргызстан алтын кенден канча киреше тапканы боюнча так маалымат жок. Акылбек Жапаров 22-сентябрда “Азаттыкка” берген комментарийинде “Кумтөр Голдду” башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн айтып берген. Ал мындан өлкө 62 млн. доллардай киреше алганын тактаган. Бирок 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 90 млн. доллар тапканын айткан. “Кумтөр Голд” бири-бирине каршы келген маалыматка чекит кое элек.

Депутаты Наталья Никитенко Жогорку Кеңеште Кумтөр кени боюнча маалымат угууну талап кылган. Анын себебин мындай түшүндүрдү:

Наталья Никитенко
Наталья Никитенко

"Азыркы учурда Кумтөрдү башкаруу, экология жана киреше боюнча суроолор көп. Бирок алгылыктуу жооп бербей жатышат. Мен Акылбек Жапаровдон алтын кендин толук кандуу иштеп жатканына кызыктым. Анткени белгилүү бир мөөнөттүн ичинде Кумтөрдөн түшкөн салык болжогондон аз болуп калган. Ошондой эле алтындын каякка сатылып жатканы айтылбай жатат. Буга Жапаров баары жайында экенин айтып, жооп берди. Кенди иштетип жаткан компания соттук иштерге байланыштуу маалымат таратпай турганын айтат. Биз маселени жабык караганга деле даярбыз. Мындан тышкары алтындын каякка сатылып жатканы да так айтылбай турат. Кумтөр кимдир бирөөнүн жеке менчиги эмес. Ал бюджеттин бир бөлүгүн толтурган компания".

Октябрдын башында президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу берген түшүндүрмөсүндө алтынга кардарлар кезекте турушканын билдирген. Ал Кумтөр боюнча эл аралык соттон утулуп калган күндө да Кыргызстан уттурбасын, ал үчүн элдин колдоосу зарылдыгын белгилеген.

"Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турат талашып. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Эмне болот? Кумтөрдү көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го? Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт",- деген пикирин жазган Садыр Жапаров.

Канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетип келген Кумтөр алтын кенине быйыл май айында Кыргызстан убактылуу тышкы башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG