Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Шайлоого катыша тургандар такталууда


Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниетин билдирген 21 партиянын документин кабыл алды. Андан тышкары шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн арыз берген 380дей адамдын ичинен азырынча 80ден ашык талапкер расмий катталды.

"Аламанга" аттанган партиялар

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңешке шайлоого катышууну каалаган партиялардан жана бир мандаттуу округдардан талапкерлигин көрсөткөндөрдөн документтерди кабыл алууну токтотту. Мыйзам боюнча, документ тапшырууга берилген убакыт 18-октябрда кечки саат 18:00 аяктады.

Бул убакыт ичинде 21 партия - "Улуттар Биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Кыргызстан жашылдар партиясы", "Бирдиктүү Кыргызстан", "Ата Мекен", "Ыйман Нуру", "Эл үмүтү", "Азаттык", "Ынтымак", "Күчтүү регион", "Бүтүн Кыргызстан", "Аруузат – Эл Куту", "Ата-Журт Кыргызстан", "Мекенчил Эл", "Ордо", "Багыт", "Жашасын Кыргызстан", "Улуу Журт", "Легалайз" жана "Социал-демократтар" партияларынын документтери кабыл алынды.

"Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары" партиясы шайлоого катышуудан баш тартты. Ал эми "Ак Асаба" партиясы документ тапшырууда кечигип калып, алардыкы кабыл алынган жок. Жыйынтыгында 21 партия калды. Андан тышкары "Жашасын Кыргызстан" партиясы документ тапшырууга убагында келген, бирок документтери толук эмес",-деди Боршайкомдун басма сөз катчысы Руслан Изреков.

Башта парламенттик шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген. Алардын ичинен 21 саясий уюм курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүп, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү.

Эми Боршайком 29-октябрга чейин түшкөн документтерди текшерип чыгып, партияны каттоо же шайлоого коё бербөө чечимин чыгарат. Башкача айтканда, 29-октябрга чейин бюллетенге жазылчу партиялар аныкталып, 29-октябрда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Ушул эле талап бир мандаттуу округдан шайлоого бараткандарга да тиешелүү.

Партиялардын ичинен "Ыйман Нуру", "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Ордо" партиялары былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышкан. Алар шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип митингге чыккан 10дон ашык партиянын катарында болгон.

Ал эми бул жолку парламенттик шайлоого катышуу үчүн берген документи кабыл алынбай калган "Ак Асаба" партиясы БШКнын чечимине каршы сотко арызданарын билдирди. Бул тууралуу партиянын лидери Табылды Акеров мындай деди.

Табылды Акеров.
Табылды Акеров.

"Биз БШКдан саат 17:36да документти алып келдик деп каттоодон өттүк. Бирок партиянын БШКдагы расмий өкүлү мөөрдү унутуп коюптур. Аны алып келейин деп барып келди. Ушундан улам "кечигип келишти, документтери жок" деп каттабай коюшту. Эми сотко бергенге даярданып жатабыз".

Боршайкомдун даярдыгы

VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоо - былтыр Кыргызстанда бийликтин алмашуусуна алып келген чырлуу саясий окуядан кийин кайра өтүп жаткан парламенттик шайлоо. Бир жыл ичинде өлкөдө Конституция өзгөртүлүп, парламент депутаттарынын саны кыскарып, ыйгарым укуктары да азайды.

Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Шайлоо күнү жарандарга эки бюллетень берилет. Бирөөндө, партиянын жана талапкерлердин катар саны жазылат. Экинчисинде, бир мандаттуу аймактан чыккан талапкерлердин аты-жөнү болот.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев 19-октябрда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Боршайком шайлоонун жаңы эрежелери тууралуу шайлоочуларга кенен маалымат бере албай жатканын айтты.

"Алдыда боло турган шайлоо мамлекет үчүн өтө маанилүү. Шайлоо башка тартип менен өтөт. Эки урна коюлат. Шайлоочу эки талапкерди шайлаганга укук алат. Ушул боюнча маалымат берүүнү БШК эрте баштаса болмок. Бирок эми шайлоого аз эле күн калды. Шайлоодо көп бюллетень жараксыз болуп калбашы үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Айрыкча региондорго каражат толук бөлүнүп, жетиш керек".

Бюллетень демекчи, Боршайкомдун шайлоо календары боюнча 3-ноябрда бюллетендин текстти бекитилиши керек. 21-ноябрга чейин мамлекеттик жана расмий тилде даярдалып, 23-ноябрга чейин округдук шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берет. Андан кийин 27-ноябрга чейин бюллетендер участкалык шайлоо комиссияларынын колуна тийиши шарт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө 592 миллион 350 миң сом каражат керектелет. БШКнын мүчөсү Искендер Гайпкулов бардык иштер убагында эле аткарылып жатканын айтууда.

Искендер Гаипкулов.
Искендер Гаипкулов.

"Автоматтык эсептөөчү урналардын механизми толук иштелип чыкты. Техникалык өзгөртүү киргизүү боюнча кошумча 47 миллион сом каражат керек болчу. Аны өзүбүздүн бюджеттин жана донорлордун эсебинен бүтүрөбүз. Адистер да келген. Алар техникалык камсыздоочу топ менен иш алып барууда. Азыркы күндө тесттен өткөрүлүп жатат".

БШК бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз тапшырган 381 адамдын 80ден ашыгын ушул күнгө карата расмий талапкер катары каттады.

Ал тапта Жогорку Кеңешке шайлоого №33 Нарын оркругу боюнча талапкер Чыңгыз Капаров БШКга кайрылып, ушул округдан талапкер Улан Бакасовдун үстүнөн даттанды.

Капаров өз маалыматында, Бакасов "үгүт иштерин эрте баштап, добуштарды сатып алууга аракет кылып жатканын" билдирген. Ал атаандашы Эмгек-Талаа, Хутор, Ак-Кудук, 8-март, Шоро айылдарынын аймактарына шагыл төгүп жатканын кабарлаган.

БШК бул маалыматты иликтөө жана укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине (ИИМ) жөнөттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG