Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:18

Нарын округунан талапкер атаандашын "шагыл төгүп жатат" деп айыптады


Улан Бакасов жана Чыңгыз Капаров.
Улан Бакасов жана Чыңгыз Капаров.

Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча №33 Нарын округу боюнча талапкер Чыңгыз Капаров Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылып, ушул округ боюнча талапкер Улан Бакасовдун үстүнөн даттанды. Бул тууралуу БШКнын Ыкчам чара көрүү тобу кабарлады.

Капаров өз маалыматында, Бакасов “үгүт иштерин эрте баштап, добуштарды сатып алууга аракет кылып жатканын” айткан. Анын белгилешинче, атаандашы Эмгек-Талаа, Хутор, Ак-Кудук, 8-март, Шоро айылдарынын аймактарына шагыл төгүп жатат.

Улан Бакасовдун расмий өкүлү Майрамбек Өмүрбаев маселе боюнча “Фейсбукта” билдирүү таратып, Капаровдун айыптоосун “каралоо” деп атады. Өмүрбаев Бакасов жолду оңдоо иштерин токтотконун, Нарын - 8-март автоунаа жолун мамлекеттик №8 жол тейлөө мекемеси оңдоп жатканын билдирген.

БШК иликтөө жана укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине маалымат жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Мурдараак БШК бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз тапшырган 381 адамдын 80ин расмий талапкер катары каттаганын маалымдаган. Буга чейин арыз берген 23 саясий партиянын 21и документтерин берип жетишкен.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет. Шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирип, 18-октябрга карата 21 партия катталган.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрда аяктайт. 29-октябрда үгүт иштери башталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG