Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

Чехия президенти Земандын саламаттыгы суроо жаратууда


Чех президенти Милош Земан.
Чех президенти Милош Земан.

Чех Сенатынын спикери Милош Выстрчил учурда ооруканада жаткан президент Милош Земандын жакынкы жумаларда жумушка кайтуу ыктымалдыгы аз экенин билдирди. Ал бул тууралуу 18-октябрда Земан дарыланып жаткан Прагадагы оорукананын тыянагын жарыялап жатып айтты.

"Борбордук аскердик оорукананын пикири боюнча Чехиянын президенти Милош Земан ден соолугуна байланыштуу учурда өзүнүн кызматтык милдеттерин аткара албайт. Оорукананын пикирине ылайык, оорунун мүнөзүнө жана узак мөөнөттүк божомолго байланыштуу президент Земандын саламаттыгы өтө бүдөмүк деп мүнөздөлүүдө", - деди Выстрчил.

Ал чех парламенти Земандын ыйгарым укуктарын башка расмий жетекчиге убактылуу өткөрүп туруу маселесин жакын арада карашы керек экенин кошумчалады.

77 жаштагы Земан Чехияда парламенттик шайлоо өткөндөн бир күндөн кийин, 10-октябрда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын диагнозун ачык жарыялашкан эмес. Бирок чех медиасы чылымды көп тарткан жана ичимдик ичкен Земан диабет жана боор ооруларынан жапа чегиши мүмкүндүгүн жазып жатышат. Соңку жумаларда Земан көбүнесе коляска менен жүрүп калган.

Президент ооруканага жатып калгандыктан Чехияда шайлоодон кийин жаңы өкмөттү куроо боюнча мандат бир дагы саясий партияга бериле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG