Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Адвокат Орхан Инанды Бишкекте кыйноого кабылганын билдирди


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин 5-июлда жарыя кылган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин 5-июлда жарыя кылган.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Кыргызстанда уурдалып, бир айдан кийин Түркияда табылган "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инанды Бишкекте эле кыйноого кабылганын айтып чыкты. Бул тууралуу жактоочу өзүнүн Facebook баракчасына Түркиядагы кесиптешинин айткандарына таянып жазды.

"Орхан Инанды мырза аны кантип уурдаганын, кандай оор кыйноого кабылганын айтып берген (аны мага Анкарадагы кесиптешим айтып берди)... Эң өкүнүчтүүсү жана коркунучтуусу - кыйноо Бишкекте эле башталып, эстафетаны өткөрүп беришкен. Аны үч киши уурдаган, алардын экөө кыргыз. Дароо эле машинеден колун сындырышкан".

Токтакунова буга чейин Инандынын өзүнүн иши боюнча сот баштала электигин, отурум 26-октябрга белгиленгенин билдирген. Ошондой эле, Инандынын колу үч жеринен сынганын, ден соолугу начар экенин кошумчалаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 18-октябрда Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинин жыйынында Орхан Инандынын атуулдугуна байланышкан маселени көтөргөн. Ал Тышкы иштер министрлигинен Инандынын укугу боюнча абалды талдоону талап кылган

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан. Түркиядагы жактоочусунун айтымында, Инандынын колун Бишкектен уурдоо учурунда сындырышкан, прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылган. Анкаранын прокуратурасы Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкарууга" айыптап жатканын "Анадолу" агенттиги кабарлаган.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш иши козголгон.

Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG