Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Бир мандаттуу округдан арыз берген талапкерлердин 80и расмий катталды


Бир мандаттуу округдардын картасы.
Бир мандаттуу округдардын картасы.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз тапшырган 381 адамдын 80ин расмий талапкер катары каттады. Алардын арасында Жогорку Кеңештин азыркы, мурдагы депутаттары, юристтер, адвокаттар бар. Катталган талапкерлердин тизмеси БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн партиялардан жана бир мандаттуу округдардан талапкер болууну каалагандардан документтерди кабыл алууну токтотту. Мыйзам боюнча, документ тапшырууга берилген убакыт 18-октябрда кечки саат 18:00дө аяктады. Буга чейин арыз берген 23 саясий партиянын 21и документтерин берип жетишти.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет. Шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирип, 18-октябрга карата 21 партия катталган.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрда аяктайт. 29-октябрда үгүт иштери башталат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG