Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Айрым зарыл товарлардын баасын убактылуу тескөө сунушталды


Нан саткан базардагы баалар. Бишкек. Идлюстрациялык сүрөт.
Нан саткан базардагы баалар. Бишкек. Идлюстрациялык сүрөт.
Кыргыз өкмөтү күйүүчү майды жана айрым социалдык маанилүү товарлардын баасын убактылуу тескөө боюнча токтом долбоорун 18-октябрда коомдук талкууга чыгарды.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка караганда, токтом долбоорунун демилгечиси - Экономика жана финансы министрлиги.

Баасы тескелүүчү товарлардын тизмесинде:
  • 1-сорттогу буудай уну;
  • 1-сорттогу ундан жасалган нан;
  • 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт;
  • өсүмдүк майы;
  • 72,5% майлуулуктан кем эмес каймак майлар;
  • эт (уйдун жана койдун эти);
  • кумшекер;
  • ак күрүч;
  • макарон;
  • жумуртка;
  • көмүр;
  • Аи-80 жана Аи-92 үлгүсүндөгү бензин, дизелдик күйүүчү май;
  • кысылган газ;
  • жер семирткичтер;
  • тоют (чөп жана жем) бар.
Ал эми жашылча-жемиштер, балык, чай, туз жана башка товарлар бул тизмеде жок.

Токтом долбооруна ылайык, бааны тескөө социалдык зарыл товарлар 20% ашуун кымбаттаган учурда киргизилет.

Азык-түлүк запасын түзүү максатында буудай сатып алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд. сом, өсүмдүк майына жана кумшекерге 300 млн. сом бөлүнгөн. Буудайдын жана ундун импортуна кошумча нарк салыгы бир жылга токтотулган. Тыштан мал алып келүүгө да жыл аягына чейин кошумча нарк салыгын салбоо тууралуу чечим чыккан.

Кыргызстанда баалардын кескин кымбатташы 2020-жылдын жаз айында башталган. Адистер буга коронавирус пандемиясы негизги себеп экенин айтып келишет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG