Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Евробиримдик Иран менен жаңы сүйлөшүүлөр болоорун билдирди


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел.

18-октябрда Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел жакынкы күндөрү шаркеттин дипломаттары Ирандын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын айтты. Бул жолугушуу Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди жандантуу аракети катары мүнөздөлүүдө.

"Мен кечээкиге караганда бүгүн көбүрөөк оптимистмин. Тастыктама жок, бирок абал жакшырып баратат. Алдыңкы күндөрдө Брюсселде даярдык көрүүчү жолугушуулар өтөт деп үмүттөнүп жатам. Бирок толук ишеним жок", - деп билдирди журналисттерге шаркеттин башкы дипломаты Боррел.

Бир күн мурда ирандык депутат Ахмад Алирезабейги Улуу Британия, Кытай, Франция, Орусия жана Германия баштаган өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр Бельгиянын баш калаасында 21-октябрда баштала турганын айткан.

Бирок 18-октябрда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы мындай маалымат туура эмес экенин билдирип, Ирандын өзөктүк маселелер боюнча башкы чабарманы, тышкы иштер министринин орун басары Али Багери Брюсселде Евробиримдиктин расмий жетекчилери менен эки тараптын ортосундагы "орчундуу маселелерди" талкуулай турганын белгиледи.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.

Бирок АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы 2018-жылы бул келишимден чыгып кеткен. Тегеран буга жооп кылып, келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тартып, уран байытуу аракетин күчөткөн.

Бул келишимди кайра жандантууну көздөгөн сүйлөшүүлөр быйыл июнда Иранда ашынган консерватор саясатчы Ибрахим Раиси президент болуп шайлангандан кийин токтоп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG