Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Өзбекстан чек арадан өтүп кеткен жылкыларды кайтарып берди


Кыргыз-өзбек чек арасы. Көк-Серек, Ала-Бука району.
Кыргыз-өзбек чек арасы. Көк-Серек, Ала-Бука району.

Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек ара тилкесинен оттоп жүрүп Өзбекстанга өтүп кеткен 20 жылкы кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кош-Алмурут айылынын тургуну кыргызстандык чек арачыларга жылкылары Өзбекстанга өтүп кеткенин айтып, кайтарууга көмөктөшүүнү суранган.

Эки тараптын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Өзбекстандын чек арачылары өтүп кеткен жылкыларды ошол эле күнү кайтарып беришти.

Сүйлөшүү учурунда тараптар мындан ары ушул сыяктуу маселелерди жергиликтүү чек ара заставаларынын жетекчилеринин деңгээлинде чечүүнү макулдашты.

Кыргызстандын Чек ара кызматы жарандарды бул сыяктуу окуялар боюнча жакынкы чек ара бөлүмүнө кайрылууга үндөп жатат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG