Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Октябрь окуялары боюнча сот 2-ноябрга жылды


Ала-Тоо аянтындагы митинг. 9-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы митинг. 9-октябрь, 2020-жыл.

Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы башаламандыктарга байланыштуу баштапкы соттук угуу болуп, ал жабык эшик артында өттү.

Сот отурумуна "Замандаш" партиясынын мурдагы лидери, саясатчы Жеңиш Молдокматов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов алынып келди. Атамбаевдин мурдагы жансакчылары, айыпталуучулар Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев да сотто болду. Камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев отурумга катышкан жок.

Сот Убайдулла Сатимкулов айыпталуучулардын бири Темирлан Султанбеков ооруп жатканын жүйө келтирип, сот отурумун 2-ноябрга жылдырды.

2020-жылы 5-6-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган.

Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев да бар. Кийин Султанбеков менен Асанов үй камагына чыгарылып, калгандары камакта калган. Асанов 14-сентябрда кайра кармалып, №50 тергөө абагына камалган.

"Замандаш" партиясы менен 2020-жылы парламенттик шайлоого катышкан Жеңиш Молдокматов 8-майда камалган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык митингги өтүп, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң чыккан. Андан кийин бийлик алмашып, башкаруу формасын өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Парламенттин жетинчи чакырылышынын шайлоосу быйыл, 28-ноябрда өтөт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG