Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Чүйдө жол кырсыгынан эки адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

17-октябрда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Ударник айылында жол кырсыгы катталып, 16 жаштагы кыз, дагы бир бала көз жумду. Daewoo Nexia машинеси кырсыктап, анда бараткан беш өспүрүмдүн үчөө жаракат алган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кырсык болгон жерге министрликтин куткаруучулары барып, жабыркагандарга жардам берген.

Буга чейин Таласта 15-октябрдын түнүндө жол кырсыгынан сегиз адам набыт болду. Ички иштер министрлиги алардын бардыгынын тек-жайы такталганын билдирди.

Ички иштер министрлигинин октябрь айынын башындагы акыркы эсеби боюнча, Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көп катталган. Жол кырсыгында набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашты.

2020-жылы 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү бала). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG