Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

COVID-19: Орусияда бир күндө миңге жакын бейтап каза болду


Москвадагы коронавирусту дарылаган ооруканалардын биринин айланасы, 26-июль 2021-жыл.
Москвадагы коронавирусту дарылаган ооруканалардын биринин айланасы, 26-июль 2021-жыл.

Орусияда COVID-19га чалдыккан адамдардын саны беш күн катары менен эң жогорку чегин көрсөтүүдө. Соңку бир сутка ичинде өлкөдө 34 325 адамдан коронавирус табылса, 998 бейтап COVID-19дан көз жумду.

Ушуну менен Орусияда коронавирусту жугузуп алган жарандардын расмий саны 8 миллиондон ашты. 220 миңден ашуун жаран өпкөнү сезгенткен илдеттен каза тапты.

Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча оперативдүү штабдын маалыматына ылайык, бир күн ичинде вирусту жугузуп алгандардын көбү (6823 адам) Москвага туура келет. Бул орус баш калаасындагы июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Дүйшөмбүдөн тарта Москвада калкты коронавируска каршы акысыз тесттен өткөрүүчү дагы 30 пункт ачылды.

Кремл илдеттин күчөшүн Орусияда эмдөө жараяны солгун жүргөнү менен байланыштырып, жарандарды вакцина алууга чакырган. Адистер өлкөдө эмдөөнүн жай жүрүп жатканына эл арасында жайылган туура эмес маалымат, бийлик өкүлдөрүнө ишенимдин аздыгы жана жаңы медициналык препараттардан коркуу себеп болуп жатканын билдирип келишет.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда жалпы калктын үчтөн бири же 47 миллион адам гана коронавируска каршы толук эмдөөдөн өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG