Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Чүйдө өспүрүм жараат алган окуя боюнча иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулуктун Новопавловка айлынын 15 жаштагы өспүрүмү жараат алган окуяга байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу 18-октябрда “Азаттык” радиосуна Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Кылмыш иш Жазык кодексинин “Бейбаштык” деген беренесинин негизинде козголду. Бала Бишкектеги ооруканалардын бирине дарыланууда.

Ушул эле күнү интернетте Новопавловка айылында өспүрүм балдар “топтошуп урушуп жатат” деген видео тараган. Андан көчөдө 20-30 чакты бала топтошуп жүргөнүн көрүүгө болот.

Милиция териштирүү жүргүзгөндө балдар мушташ же уруш болгону тууралуу маалыматты четке кагышкан. Бул жөнүндө арыз да түшкөн эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG