Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

Анталияда Кыргызстандын Башкы консулдугу негизделди


Кыргызстан менен Түркиянын желектери. Архив.
Кыргызстан менен Түркиянын желектери. Архив.

Президент Садыр Жапаров "Түркиянын Анталия шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады. Чечим эки өлкөнүн ар тараптуу байланыштарын активдештирүү жана өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын консулдук тейлөө максатында кабыл алынды.

Буга чейин быйыл 28-ноябрда өтө турчу парламенттик шайлоодо Түркиянын Анталия шаарында дагы шайлоо тилкеси ачылары айтылган. Түркиядагы кыргызстандыктар Анкарадагы элчиликтин жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун имаратында ачылган участкаларда гана добуш берип келген.

Түркиядагы кыргызстандыктардын дээрлик көпчүлүгү дал ушул Анталия, Измир жана Алания аймактарында жашап, иштегендиктен бул жерлерде шайлоо тилкесин ачуу керектиги бир канча жылдан бери айтылып келген.

Ал эми расмий эсепте Түркияда 20 миңден 25 миңге чейин кыргызстандык бар. Бирок пандемияга байланыштуу мигранттардын саны акыркы эки жылда азайып кеткени айтылууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG