Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

Акылбек Жапаров "Торугарттан" өткөн жүк ташуучу машинелер көбөйөрүн билдирди


Кытайдан товар оор жүк ташуучу машиналар менен ушул эки бекет аркылуу ташылып келет.
Кытайдан товар оор жүк ташуучу машиналар менен ушул эки бекет аркылуу ташылып келет.

Бүгүн, 18-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү бекетине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров "Фантузи" контейнердик кранынын иши менен таанышып чыгып, мындан ары жүктөө "Арка" районунда эмес, "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырылаарын жана жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйтүлөрүн айтты.

13-октябрда Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерине киргизилген чектөөлөр толук алынганын Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште билдирген.

"Эки күндөн кийин "Торугарттан" 32 эмес, 64, "Эркечтамдан" 22 эмес, 44 машина кире баштайт. Кытайдын талаптарынын баарын толук аткарып бүттүк. "Торугарт" бүгүнтөн баштап тоскоолдуксуз иштей баштады. “Эркечтам” эки-үч күндө баштайт”.

Кытайдан товар оор жүк ташуучу машинелер менен ушул эки бекет аркылуу ташылып келет. Коронавирус пандемиясына байланыштуу алар дээрлик жабылып, соодагерлер товарын ала албай калган. Мындан улам алар нааразылыгын билдирип, өкмөттөн маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG