Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Француз элчиси Минскинин талабынан улам Беларустан чыгып кетти


Франциянын Беларустагы элчиси Николя де Лакост.
Франциянын Беларустагы элчиси Николя де Лакост.

Франциянын Беларустагы элчиси Николя де Лакост расмий Минскинин талабы менен 17-октябрда өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу "Франс-пресс" маалымат агенттиги жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун беларус кызматы өз булактарына таянып кабарлашты.

"Беларус Тышкы иштер министрлиги элчинин 18-октябрга чейин өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган", - деп айтып берген "Франс-пресс" агенттигине элчиликтин кызматкери.

"Азаттыктын" беларус кызматы жазгандай, Франциянын Тышкы иштер министрлиги элчинин Минскиден чыгып кетиши боюнча расмий билдирүүнү 18-октябрда жарыялаганы турат.

Николя де Лакост 2020-жылы Франциянын Беларустагы элчиси болуп дайындалган. Ал былтыр сентябрь айында Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенкого ишеним грамотасын тапшыруу иш-чарасына катышпай койгон. Ал грамотанын көчүрмөсүн Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макейге берген.

Октябрь айынын башында Николя де Лакост Беларуста өлүм жазасы жокко чыгарылышы керек экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG