Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

АКШнын коргоо министри Грузияга келди


АКШнын коргоо министри Ллойд Остин.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин.

Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин Кара деңиз аймагындагы үч өлкөгө багытталган сапарынын алкагында 18-октябрдын таңында Грузияга келди. Ал Тбилисиде Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили жана коргоо министри Жаншер Бурчуладзе менен жолугат. Бул Пентагондун жетекчисинин 2014-жылдан берки Тбилисидеги биринчи сапары.

Пентагондун расмий сайты АКШнын Коргоо министрлигинде иштеген жогорку жетекчилердин биринин: "Биз Орусиянын агрессиясы менен бетме-бет турган өлкөлөрдүн суверендүүлүгүн бекемдеп жатабыз", - деп айткан сөзүн жарыялады.

Грузия узак убакыттан бери Түндүк атлантикалык аскердик альянска (НАТО) мүчө болууну көздөп келет. Учурда Грузия НАТОго өнөктөш мамлекет.

2008-жылы Орусия менен Грузиянын ортосунда дээрлик беш күнгө созулган согуш чыккан. Андан бери орус күчтөрү Грузиянын Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарында кала берген.

Москва Грузиянын НАТОдогу макамын жогорулатууну көздөгөн бардык аракеттерге каршылыгын билдирип келет.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Грузиядан кийин Украина жана Румынияга барып, андан соң 21-22-октябрда НАТОнун коргоо министрлеринин Брюсселдеги жыйынына катышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG