Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Министрлер кабинети дары-дармектин баасын талкуулады


Базарда сатылып жаткан дары-дармек. Иллюстрациялык сүрөт.
Базарда сатылып жаткан дары-дармек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 18-октябрда Министрлер кабинетинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы калкты дары-дармек менен камсыздоо жаатында мекемелер аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, фармацевтика жаатындагы ишкерлер катышты.

"Анда элди дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды. УКМК төрагасы Ташиев дары-дармектердин баасына, фармацевттик бизнестин көйгөйлөрүнө, анын ичинде медикаменттердин аткезчилигине, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына тийиштүү маселелерге өзгөчө басым жасаганын" өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектердин рыноктук наркын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды. Дарыны чайкоочулук менен саткандарга жол бербөөнүн механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмасы тийиштүү органдарга берилди.

13-октябрда Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин отурумунда дары-дармек жакынкы күндөрү кескин арзандай турганын айткан.


Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Дары-дармек көйгөйүнө байланыштуу “Азаттык” “Көмүскөдөгү дары бизнеси” аттуу иликтөө жүргүзгөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG