Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда парламенттик демократия болгон эмес деп айтты. Бул тууралуу "Ала-Тоо 24" телеканалына 17-октябрда берген интервьюсунда билдирди.
"Бизде буга чейин бир чоң президент анан ага кошумча дагы 120 президент болгон. Алар өлкөнү бир нече бөлүккө бөлүп алышкан. Өкмөт ошол парламенттеги 120 депутаттын, беш фракция лидеринин каалоосун аткарып, алар койгон кадрларды гана кабыл алып, толук кандуу иштегенге убактысы болгон эмес. Министрликтеги кызмат орундары депутаттарга устукандардай таркатылган. Быйыл кышында шайланган президент Садыр Жапаров муну токтотуу үчүн өлкөнүн башкаруу жолун президенттик нукка бурду. Кыргызстан буга чейин парламенттик демократия деп келгени менен иш жүзүндө андай болгон эмес".
Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп турган Эдил Байсалов 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалды. Министрлер кабинетинин курамы Садыр Жапаровдун сунушу менен алмашып, мурдагы төрага Улукбек Мариповдун ордуна Акылбек Жапаров дайындалды.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. (BCh)