Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Бишкекте 30 жаңы автобус каттамга чыгат


"Эко жүргүнчү ташуу" компаниясынын автобустары.
"Эко жүргүнчү ташуу" компаниясынын автобустары.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы маалымдашынча, 18-октябрдан тартып жаңы алып келинген 30 автобус №34, №21 жана №46 каттамдарга чыгып, жүргүнчү ташый баштайт. Ар бир каттамга ондон автоунаа бөлүнгөн.

Алардын ичинен №34 каттам Жеңиш жаңы конушунун тургундарынын өтүнүчү менен жаңыдан түзүлдү. Каттамдарды жаңы муниципалдык автобустар келгенче "Эко жүргүнчү ташуу" компаниясынын автобустары ишке ашырат.

"Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" жоопкерчилиги чектелген ишканасынын карамагында 210 автобус бар. Мэрия анын ичинен 90у гана эл ташууга чыгып жатканын, буга жүргүнчүлөрдү коопсуз жана ыңгайлуу ташый турган квалификациялуу айдоочулардын жоктугу себеп болуп жатканы айтылды.

Мэрия аталган компанияга муниципалдык каттамдарды аутсорсингге берген. Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын "Самарканд-авто" заводу менен "Исузу" маркасындагы 350 автобусту алуу боюнча келишимге кол койгону кабарланган. Автобустардын экинчи партиясы октябрга чейин келери айтылган эле.

Борбор калаада муниципалдык троллейбустар менен автобустардан тышкары жүргүнчүлөрдү 41 жеке компаниянын кичи автобустары (маршруткалар) тейлейт. Бир күндө мындай автобустардын миңге жакыны каттамга чыгат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG