Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Казакстан Кабулга делегация жөнөттү


Ержан Казыханов.
Ержан Казыханов.

Казакстан Кабулга делегация жөнөттү. Бул тууралуу расмий Нур-Султан 17-октябрда билдирди. Делегацияны президенттин эл аралык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Ержан Казыханов жетектейт.

"Казак элинен Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү, ошондой эле соода-экономикалык алака-катышты калыбына келтирүү маселеси талкууланат",- деп жазылган пресс-релизде.

Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Эсенгелдиев 26-сентябрда Кабулда "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушкан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан кабарда "Талибан" деген сөз колдонулган эмес. Расмий баяндамада Муттаки "Ооганстандагы өткөөл өкмөттүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу" деп аталган.

Ал арада Казакстан БУУнун ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү өнөктүгүнө кошулары күтүлүүдө.

Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттерден Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан "Талибан" менен мамиле куруу зарыл деген турумду билдирген.

Тажикстан талибдер түзгөн өкмөттү тааныбай турганын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG