Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Сузактын ооруканасы талапка жооп бербей турганы аныкталды


Сузактагы ооруканада тартылган сүрөт.
Сузактагы ооруканада тартылган сүрөт.

Акыйкатчынын кеңсеси Сузак районундагы аймактык оорукананын абалы талапка жооп бербей турганын айтып, Саламаттык сактоо министрлигин сындаган билдирүү таратты.

Омбудсмен аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков "Укук кербени" долбоорунун алкагында аталган ооруканага мониторинг жүргүздү.

"Оорукана санитардык ченемдерге жана калктын саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо талаптарына таптакыр жооп бербейт", - деп жазылган билдирүүдө.

Бейтапканада төрт кишилик палаталарда алтыдан адам жатканы, ажааткана маселеси көйгөйлүү экени, шыптар көгөрүп, дубалдардын сыры көчүп кеткени, жаан жааганда чатырынан суу тамчылап турары, терезелерден шамал кирип, жуунчу жайы да иштебей калганы аныкталган.

Оорукананын жетекчилиги көйгөйдү чечүүгө аракет кылып келатканын, бирок абалды жакшыртуу мүмкүн болбой жатканын билдирген. Андан сырткары, мамлекет тараптан бейтаптарга акысыз бериилчү дары-дармектер сатылып жатканы аныкталган.

Саламаттык сактоо министрлиги Омбудсмен кеңсесинин бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.

Сузак району - Кыргызстанда калкы эң көп аймактардын бири.

XS
SM
MD
LG