Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Көмүскө экономика. Өкмөттүн дымагы ишке ашабы?


Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 37% жетти.
Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү 37% жетти.

Статистика боюнча Кыргызстан 67-80% чейин товарларды сырттан импорттойт. Андагы аткезчилик жана мыйзамсыз ишкердиктен турган көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң өнүмдүн 37% барабар. Ушул шартта жаңыдан бекитилген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы жана салык тармагындагы чийимдерди аныктап, экономиканы көмүскөдөн чыгаруунун эсебинен 2024-жылга чейин мамлекеттик бюджетти 600 млрд. сомго чейин толтурууга убада берди. Анын бул дымагын ишке ашпаган жөө жомок катары сындагандар, ошол эле кезде колдогондор да бар.

Парламентте өкмөттүн жаңы курамын бекитүү учурунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көмүскөдөгү экономиканы ачыкка чыгаруунун эсебинен салык жана бажы төлөмдөрүн көбөйтүп, алдыдагы үч жыл аралыгында эки эселеп отуруп, жалпы бюджеттин киреше бөлүгүн 600 млрд сомго чейин көтөрүү планын жарыялады.

Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү салыктардан, бажы төлөмдөрүнөн жана салыктык эмес түшүүлөрдөн турат.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Бюджет тууралуу мыйзамга” ылайык, жыл сайын ар бир жылдын бюджетинин долбоору жана кийинки эки жылга божомолу кошо бекитилип турат. Анда каржы булактары көрсөтүлүп, түшчү каражаттын таңкыстыгы менен кошо бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн өлчөмү аныкталат.

"Бюджеттин кирешесин 400 млрд сомго көтөрүү"

Депутат Абдывахап Нурбаев алдыдагы 2022-жылдын бюджетинин сунушталган кирешеси эмненин эсебинен көбөйтүлөрүн сурады:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

“Акылбек Үсөнбекович, эмдиги жылдын бюджет долбоорунун киреше бөлүгү бизге өкмөттөн 203 млрд сом өлчөмүндө келди. Бирок, сиз азыр аны бир жылда эки эсеге жогорулатып, “400 млрд сом кылам” деп жатасыз. Муну сиз кандай жол менен жасайсыз? Бул өзү реалдуу түрдө турмушка аша турган нерсеби?”

Ал эми Акылбек Жапаров ага көмүскө каржы булактардын эсебинен акча табарын айтып, жооп кайтарды:

“Ишке аша турган эле нерсе. Мен мунун каржы булактарын тактап, айтып койсом. Бажыдагы көмүскө иштердин бардыгы ачыкка чыгат. Президенттин буга эрки жетет. Анын “Кумтөр” боюнча саясий эрки жетип жаткан соң, анан кантип анын бажы тармагына алы жетпей калсын. Ал бизге мына ошондой “карт-бланш” берди. Бажы кызматы быйыл 50 млрд сом акча чогултат дегенбиз, бирок азыр планын 2,5 млрд сомго кечиктирип жатат. Эмдиги жылы бажы тармагынын планы н 100 млрд сомго чыгарабыз. Буга чейин салыктан түшчү кирешени 100 млрд сомдун айланасында бекиткенбиз. Салык кызматы эмдиги жылы 150 млрд сом чогултат. Анан салыктык эмес кирешелерди 20 млрд сомго көбөйтүп жатабыз”.

"Кытайдан жүк кирбей жатса, бажы төлөмү каяктан?"

Жогорку Кеңеште депутаттар соңку жылдары Кытайдан Кыргызстанга кирчү товарлардын жана транзиттик жүктөрдүн агымы кескин кыскарган учурда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бажы төлөмдөрүн каяктан алынарына кызыгышты.

Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

“Азыр кымбатчылык күчөп, алып сатарлар каалагандай бааларын коюп жатышат. Бажы тармагы тууралуу айтып жатасыз. Анда сиз бажыдан түшчү акчанын өлчөмүн 100 млрд сомго жогорулай турганын айтыңыз. Бирок дээрлик эки жылдан бери Кытайдан жүктөр толук кандуу келбей калды. Анан жүктөр келбесе, товарлардын агымы азайып жатса, анан сиз бажыдан түшчү төлөмдөрдүн өлчөмүн кантип көтөрө аласыз? “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларына эмнеге жүктөр оз убагында жана толук кандуу келбей жатканынын себеби эмнеде экен?”, - дейт депутат Шайлообек Атазов.

Кытайдын сыры. Жүктү азайтуунун жүйөсү

Анткен менен Акылбек Жапаров Кытайдан кирчү жүктөрдүн негизги агымынын кыскарып кетишинин себептери табылганын айтты. Анын айтымында, 2020-жылы марттан бери пандемия башталган шартта кыргыз тарап Кытай менен чек араны бир жактуу жаап, жүктөрдү киргизүүгө кош кабат тоскоолдуктарды киргизген.

Акылбек Жапаров мына ошонун айынан Кытай тараптан товар ташуулардын көлөмү кескин азайганына токтолду:

“Кытайдан жүк ташууларды көбөйтүү маселесин чечип жатабыз. Буюрса, эки күндөн кийин “Торугарт” бажысынан 32 эмес, 64 автофура өтө турган болот. “Эркечтам” бажысынан 22 эмес, 44 машине кире турган болду. Бул боюнча кытай тараптын талаптарынын бардыгын толугу менен аткардык. Бажы өткөрмөлөрү тоскоолдуксуз иштей баштайт. Кемчилик бизден кетип жатат. Биз алган милдеттерибизди так аткарган эмеспиз. Мурдагы бийликтин тушунда биз жактан туура эмес саясат болуптур. Дүйнөдө бизден башка бир дагы өлкө карым-катнашты токтотпоптур. Анткени биз тарап “ал жактан кире турган жүктөрдү киргизүүдө алгач Кытай тараптан анан бул жактан дагы эки ирет эки жактан тең дезинфекциялоодон өтсүн” деген талаптарды коюптур. Кытай тарап, андай боло турган болсо, бир күндө дезинфекциялап, өткөрө турган жүк ташуучу унаалардын мүмкүнчүлүгүн эсептеп чыгып, бир бажы өткөрмөсүнөн 32 машине өтөт” деп бекитип коюптур. Биз азыр мына ошону жокко чыгарып, Кытай тарап менен макулдашып жатабыз”, – деди Акылбек Жапаров.

Сандар менен ойноонун санаасы

Финансыны анализдеген көз карандысыз талдоочулар Акылбек Жапаровдун көмүскө экономиканы кыскартуунун эсебинен салык жана бажы төлөмдөрүн көбөйтүп, бюджеттин кирешесин арттыруу планына анчейин ишене беришпейт. Анткени 2021-жылдагы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү таңкыстыгы менен кошо 172 млн. сомго бекитилген. Жыл аяктарына эки ай калды. Ал эми Акылбек Жапаров аны быйыл 280 млрд. сом менен жабууга убада кылды. Аналитик Айданбек Акматов муну реалдуулуктан алыс убада катары баалады:

Айданбек Акматов
Айданбек Акматов

“Бул өзү жөн эле популизм. Быйыл бюджеттин кирешеси 160-170 млрд. сомдун айланасында бекитилип, бирок анысы дагы толбой, бюджет тартыштыгы чыгып, Улуттук банктын кирешесинин негизинде алдын ала алып, толтуруп жатышып, анан эле бюджетти эки эселетип, “180 млрд сомго көтөрөбүз” дешкени түшүнүксүз. Бул сандар менен ойноонун гана белгиси. Реалдуулук мындай болбойт. Бул туура эмес. Анан калса булар бардык бюджеттердин кирешесин кошуп эсептеп чыгарып алып, анан ошонун негизинде “бюджеттин кирешесин көбөйтөбүз” деп айткысы келип жатышат. Негизги көрсөткүч - бул жерде республикалык бюджеттин гана киреше бөлүгү. Анткени мугалимдердин, дарыгерлердин, аскер кызматкерлеринин айлыгы ошол жактан келет”.

Аткезчилик: күйүүчү май, азык-түлүк, арак, тамеки.

Анткен менен Акылбек Жапаровдун мамлекеттик бюджеттин кирешесин ар жыл сайын эки эселеп көтөрүү планын ишке ашырса болоруна ишенгендер да арбын. Бул үчүн бажы төлөмү менен салыктар алынбай, ички рынокто сатылчу товарлардын агымын фискалдаштырып, көзөмөлдөө маселеси көптөн бери көтөрүлүп келди.

Депутат Тариел Жоробеков күйүүчү майдын аткезчилигин ооздуктоонун эсебинен эле бюджетке чоң салыктарды түшүрсө болорун айтты:

“Азыр биз базарларда семичке саткандардан, пирожки саткандардан салык төлөөнүн талап кылабыз. Анан бул жерде мен миңдеген тонналап күйүүчү майды Кыргызстанга ташып келип, салыктарын жашырып бул жакта сатып, кайра сыртка чыгарып сатып жүргөндөрдү көзөмөлдөөнүн убакыт-сааты келди го дейм. Биздеги керектөөнүн көлөмү менен келип жаткан күйүүчү майдын ортосундагы айырманын себептери мына ошол жакта турат. Мына ошонун бардыгын көзөмөлдөсө эле болот”, – деди Жоробеков.

Ал эми Акылбек Жапаровдун айтымында, буга чейин өкмөт башчылары көмүскө экономиканын көлөмү өсүп, аткезчилик күчөгөнүн айтышканы менен алардын көпчүлүгү ага өздөрү аралашкан:

“ Бажы тармагы аркылуу көмүскө жолдор менен кирип жаткан товарлардын бардыгы көзөмөлдөнүп, салыктарынан түшчү кирешелер бюджетке бурулат. Биз азыр сатыла турган ар бир литр күйүүчү майга чейин көзөмөл орнотобуз. Аткезчилер азыр бизди билбей калат деп ойлошот. Бирок биз Орусиядагы алардын заводдор менен түзгөн контрактарынын алып, электрондук эсептери менен салыштырып, фискалдаштыруу аркылуу салык төлөбөгөндөрдүн бетин ачабыз. Фискалдык жөнгө салуу күйүүчү майдан, арактан, тамекиден жана башка азык-түлүктү көзөмөлдөп өткөрүүдөн башталат. Мурдагы өкмөттөгүлөр “товарлар аткезчилик жолдор менен Токмоктон, Кара-Балтадан кирип жатат деп коюшуп, оздөрү болсо ээн-эркин эле эшалондор менен ташып турушкан. Мына ошол эшелондордун бардыгынын эсебин табабыз. Айрымдары эле азыр көз жаздымда калып кетип жатпаса, дээрлик бардыгынын жашыруун жолдорун, көмүскө чийимдерин аныктап, таап чыгып калдык. Буюрса, жаңы жылга чейин бардыгын тартипке салабыз”.

Импорт менен көмүскө экономиканын көлөмү

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстан күндөлүк керектөөчү товарларды, азык-түлүктү, техниканы, кийим-кечени, курулуш жана өнөр-жай товарларын 67% 80% чейин сырттан импорттойт. Бул деген экономисттердин айтымында, өлкө импорттон толугу менен көз каранды дегенди түшүндүрөт.

Сырттан ташылган товарларды аткезчилик жол менен же салыктарын толук төлөбөй, эсепке алынбай алып кирүүдөн мамлекет жыл сайын ички дүң өнүмдүн чейрек бөлүгүн же тагыраагы 23-25%ын жоготуп келүүдө. Ошондуктан 2020-жылы Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү 130 млрд. сомго же ички дүң өнүмгө карата 23,6% түзөрүн ошол кездеги өкмөт расмий жарыялаган.

Европалык реконструкция жана өнүгүү банкы жалдаган PricewaterhauseCoopers LLP компаниясы 2019-жылы Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмүн изилдеп, анын катталган ишкердиктеги эле деңгээли 37% барабар экенин аныктаган. Буга эсептелбеген чарбалардын, жеке ишкерчиликтин жана кылмыштуу экономикадан табылган пайданын көмүскө көрсөткүчү кошулган эмес. Эл аралык Transparency Internationa уюмунун 2017-жылдагы изилдөөсү боюнча Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү 40%дан ашканы көрсөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG