Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:48

Бийликтин беш жылдык планы


Бишкек.

Президент Садыр Жапаров 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө жарлыкка кол койду.

Долбоордо экономиканын өсүшүн жыл сайын орточо 5%, ички дүң өнүмдү (ИДП) калктын жан башына алганда кеминде 1 500 долларга жеткирүү, жумушсуздукту 5% чейин төмөндөтүү пландалган.

Кыргызстанда ар бир жаңы бийлик экономиканы көтөрүп, элдин жашоосун жакшыртуу боюнча кат-кат убадалар жазылган план, стратегияларды кабыл алат. Алардын канча пайызы аткарылганы, турмушка ашпай калганы тууралуу анализ, отчёт жок.

Бийлик беш жылдык программаны кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бийлик жакынкы беш жыл аралыгында аткара турчу иштер жазылган негизги документтердин бири - “2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыкка 14-октябрда кол койду.

Ал экономиканы көтөрүү, кризиске каршы чаралар, социалдык маселелерди чечүү, тышкы саясат жана коопсуздук маселелери камтылган көлөмдүү документ.

Улуттук программада экономиканын өсүшүн жыл сайын орточо 5%, ички дүң өнүмдү (ИДП) калктын жан башына алганда кеминде 1 500 долларга жеткирүү, жумушсуздукту 5% чейин төмөндөтүү пландалган.

Чет элдик инвестициялардын жылдык келүүсүн ИДӨ 13% жеткирүү, мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмүн ИДӨ 60% көп эмес деңгээлинде кармоо жазылган.

Аны иштеп чыгууга катышкандардын бири, президенттин администрациясынын cтратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Борбордук шайлоо комиссиянын азыркы мүчөсү Искендер Гаипкулов долбоордо белгиленген пландар тууралуу буларды айтты.

Искендер Гаипкулов.
Искендер Гаипкулов.

“Бул донорлор менен сүйлөшүп, бюджеттин абалын талдап ошонун баарын эске алуу менен жазылган программа. Эми 2022-жылы 1-январда жаңы Салык кодекси ишке кирет. Мунун баары реалдуу аткарылчу иштер. Садыр Нургожоевичтин президенттик мөөнөтүндө аткарылчу иштери аныкталып жазылды. Ушунун негизинде эми эртең жаңы парламент шайланып келсе, келерки жылдын бюджети ошого жараша каралат”.

Программада шаар менен айылдагы турмуштун айырмачылыгын азайтуу, коррупцияны кабылдоо индекси боюнча рейтингинде Кыргызстандын көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу каралган.

Мамлекет тышкы донорлордун жана республикалык бюджеттин эсебинен 470 миллион долларга жакын каражат сарптап таза сууну өлкөнүн калктуу конуштарынын 95% жеткирүү пландалган. Энергетикалык долбоорлордон Камбар-Ата ГЭС-1, Жогорку-Нарын ГЭС каскадын, Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадын, Казарман ГЭС каскадын ишке ашыруу белгиленген.

Мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев 2026-жылга чейинки программада реалдуу эле нерселер жазылган деп эсептейт.

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

“Кыргызстанда экономиканы өтө тез көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бирок ага тоскоол болгон бир топ жагдайлар да турат. Андай тоскоолдуктардын түзүлүшү коррупциялык иштерге байланыштуу. Мен Кыргызстанда экономиканы жакшыртууга укмуш деле реформатор болуунун кереги жок экенин түшүндүм. Бир аз гана мээни иштетиш керек”.

Кагазда калган долбоорлор

Президент ошол эле жарлыгы менен Министрлер кабинетине улуттук программаны ишке ашыруу боюнча планды иштеп чыгып кабыл алууну, “2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында” көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырууну тапшырды.

Эми “2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө” документке келсек. Улуттук өнүгүү стратегия Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда жазыла баштаган. Бул документке 2018-жылы ноябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Анда Кыргызстан 2040-жылы өмүрдүн узактыгы 80 жылга жеткен өлкөлөрдүн, билим берүү деңгээли боюнча алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кирери белгиленген.

Үй-бүлөнүн ай сайын кирешеси 2023-жылы 450 доллар болуп ар бир кожолук өзүнүн турак жайын сатып алууга жарап калышы керек. Коррупция азайып, элдин мамлекеттик органдарга болгон ишеними 65% чейин өсөт деп жазылган. Кыргызстан 70 ийгиликтүү өлкөнүн тизмесине кирип, “Бизнес жүргүзүү” индекси боюнча дүйнөнүн алдыңкы 40 өлкөсүнүн катарына кошулушу керек. Ушуга окшогон бир топ кереметтер бар.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы, депутат Эмил Токтошев жазылган пландар кагазда эле калып, анын аткарылышы тууралуу отчёт берилбей жатат дейт.

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

“Бийлик беш жылда аткара турчу иши тууралуу планды кабыл алса болот. Бул убакыт аралыгында планды аткарып көп өзгөртүүлөрдө жасоого мүмкүн. Стратегиянын аткарылып ал жемиш берип жатканы эки жылдын ичинде билинип калат. Бизде президенттер 10, 20, 25, 40 жылга чейин деп пландарын берет. Бирок ушуга чейин алардын бири да эмне менен бүткөнү белгисиз. Ошондуктан президенттер жыл аягында анын аткарылышы боюнча отчёт бериши керек”.

Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Сооронбай Жээнбеков кол койгон улуттук стратегияны президент Садыр Жапаровдун командасы өзгөртүп, алымча-кошумча киргизди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы “2013-2017-жылдары Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын” кабыл алган. Бул стратегияда экономиканын өсүшү жыл сайын 7% болмок.

Буга окшогон мамлекеттин өнүгүшүн аныктаган документтердин канча пайызы аткарылды, канчасы кагаз жүзүндө калды жана ага эмне себеп болгону тууралуу анализ жок. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев аны коомчулук көзөмөлгө алыш керек дейт.

“Программа ишке ашкан-ашпаганы элдин жашоо турмушунан эле көрүнүп калат. Долбоордо эң негизгиси аны аткаруунун мөөнөтү жазылыш керек. Эгерде ал так жазылбаса, кагазда тура берет. Андан тышкары стратегия, программанын аткарылышын парламент көзөмөлдөп турса болот. Президент бийликтин башында тургандан кийин өзү да кызыкдар болушу керек. Андан тышкары жарандык коом да айтып турса алдыга жылмак”.

Кыргызстанда Конституция алмашып өлкө быйыл толугу менен президенттик башкарууга өттү. Ушул аптада президент сунуштаган Министрлер кабинетинин курамы менен түзүмү ишке кирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG