Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

"Салык азайбаса, күйүүчү май дагы кымбаттайт"


Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу май саткан негизги компаниялардын бекеттериндеги 5-октябрдагы баалар. "Азаттыктын" коллажы.
Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу май саткан негизги компаниялардын бекеттериндеги 5-октябрдагы баалар. "Азаттыктын" коллажы.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы “өлкөдө күйүүчү майлардын наркы дагы өсүшү мүмкүн” деген билдирүү жасап, бааны туруктуу кармоо үчүн өкмөттөн жеңилдиктерди сурады.

Буга дүйнөдө мунайдын баасынын өсүшү жана эл аралык рыноктогу тартыштыктар себеп болушу ыктымал. Бензин менен дизель Кыргызстанда ансыз кымбаттаган.

ОПЕК уюмунун саясаты

5-октябрдагы басма сөз жыйынында Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов алгач мунай рыногундагы жалпы жагдайга түшүндүрмө берди.

Ал Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму – ОПЕК жана ОПЕК+ (Organization of Petroleum Exporting Сountries) бирикмелеринин жүрүшүнөн кеп салды. Бул топторго жалпы 20дан ашык мамлекет кирет жана дүйнөдөгү мунай өндүрүшүнүн басымдуу бөлүгүн камсыз кылат. Натыйжада, бааларды да ушул уюмдар аныктайт.

Канат Эшатовдун басма сөз жыйыны.
Канат Эшатовдун басма сөз жыйыны.

“2020-жыл экономикадагы аномалдуу жыл болгонун баарыбыз билебиз. Былтыр бардык өлкөлөрдө киргизилген карантиндерден улам экономика токтоп, мунайга болгон баа кескин түшүп кеткен. Мунай өндүргөн өлкөлөр андан чоң зыян тартышты жана мунайзаттарды өндүрүүнү максималдуу түрдө кыскартууга мажбур болушту. Натыйжада ОПЕК+ өлкөлөрү 2021-жылы мунайды анча шашпаган абалда өндүрүп жатышат. Иш жүзүндө алар дүйнөдө мунайдын тартыштыгын пайда кылып, ошонун негизинде бааны көтөрүшүүдө. Демек, былтыртан бери мунайдын баасы эки эсеге кымбаттады. Анын бир баррели 40 доллардан 80 долларга чейин чыкты. Ага байланыштуу мунайзаттарынын баасы да өсүп жатат. Күйүүчү-майлоочу майдын импортунан көз каранды өлкө катары Кыргызстан дагы дүйнөлүк тенденциядан кутула албайт”,-деди Канат Эшатов.

ОПЕК уюмунун негизги курамы 13 өлкөдөн турат. Алар Алжир, Ангола, Венесуэла, Габон, Ирак, Иран, Конго, Кувейт, Ливия, Бириккен Араб Эмираттары, Нигерия, Сауд Арабия жана Экватордук Гвинея.

Бул уюмдун саясатына толук макул болбогон башка мунай өндүрүүчү өлкөлөр дагы бир топ түзүшкөн. Аларга Азербайжан, Бахрейн, Бруней, Казакстан, Малайзия, Мексика, Оман, Орусия, Судан жана Түштүк Судан кирет. ОПЕК уюмуна бул өлкөлөрдүн кошулган альянсы ОПЕК+ деп аталат.

Кыргызстан мунайзаттарын аталган өлкөлөрдүн ичинен негизинен Орусиядан алат. Дээрлик 95% күйүүчү-майлоочу майлар ушул мамлекеттен алып келинет. Ошондон улам ОПЕК+ уюмунда кырдаал Орусияга таасир этсе, ал өлкөдөгү жагдай Кыргызстандагы абалды ары-бери калчап турат.

Маселен, кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон былтыр ушул маалда бензиндин тоннасын 300 доллардан алып турушса, азыр аны 700 доллардан ашык каражатка сатып алышууда. Ал эми дизел отуну мурда 350-360 доллар болсо, азыр 600 доллардан ашкан.

Бизде баалар мына ушул себептүү өскөнү түшүнүктүү. Бирок кыргыз нефтетрейдерлер жагдайды ынсаптуу пайдаланганына ишендиргиси келет:

ОПЕК уюмунун логосу.
ОПЕК уюмунун логосу.

“Биздин нефтедрейдерлер бул жагдайды түшүнүү менен кабыл алып, баалардын жогорулоосун токтотуу үчүн бир катар чараларды көрүп жатат. Биринчи кезекте өз чыгымдарыбызды кыскарттык. Натыйжада компаниялардын кирешелүүлүгү бул жылы 1%дан ашкан жок. Мындан мамлекеттик органдар деле кабардар. Биз Орусиядан алып жаткан бензиндин баасы жыл башынан бери 130%га жогорулады. Бирок бекеттердеги чекене баадагы бензиндин наркы 59%га гана көтөрүлдү. Дизел отуну Орусиядагы дүң баасы 70% жогорулады, а биздеги чекене баа 40% гана өстү. Иш жүзүндө биз коңшуларга салыштырмалуу бааны арзан кармап жатабыз. Тажикстанда бизден 20 сомго кымбат, Арменияда, Беларуста, Молдовада, Украинада бизге караганда баалар 30 сомго жогору. Бир гана Казакстанда бизге салыштырмалуу баалар төмөнүрөөк. Себеби, биринчиден алардын өздөрүндө мунай өндүрүлөт, экинчиден мамлекет бензинди арзан кармоо үчүн керек болсо мунайдын өз наркынан да арзан кылып сатыкка чыгарууга көмөктөшүп турат”,-деди Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов.

Уюмдун жетекчиси маалымдагандай, Казакстанда жана Өзбекстанда күйүүчү-майлоочу майлардын дефицити пайда болуп жатат. Ал сентябрдын башында Ташкенттеги май куюучу жайлардын көбүндө бензин менен дизел отундарынын жетишсиздиги байкалганын белгилейт.

Коңшуларга салыштырмалуу Кыргызстанда кеминде эки-үч айлык запас бар экени маалымдалды.

Баалар дагы жогорулайт

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2020-жылдын октябрь айында Аи-95-маркадагы бензин 36-37 сом болсо, 2021-жылдын октябрь айында 56 сомдон 62 сомго чейин жетүүдө.

Бишкектеги май куюучу бекеттердин бири.
Бишкектеги май куюучу бекеттердин бири.

Ал эми Аи-92-маркадагы бензин былтыр ушул маалда орточо 33 сомдун терегинде сатылып турса, азыр анын наркы 55-60 сом болуп жатат.

Өткөн жылы октябрда дизель майы 32-33 сомдон болсо, ушул күндөрү анын наркы 50 сомдон 54 сомго чейин чыкты.

Бишкекте атаандаштык көбүрөөк болгону үчүн баалар салыштырмалуу бир аз арзаныраак. Бирок аймактарда жолдор алыстаган сайын баа өсө баштайт.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов нарк мындан ары да көтөрүлүшү ыктымал экенин коңгуроо кагууда. Октябрдын ортосуна чейин эле бензиндин наркы 1,5 сомго, дизелдики 1 сомго чейин өсүшү мүмкүн.

Эшатов мунун себептерин белгилеп, анын алдын алуу үчүн өкмөттөн жардам керек болорун айтты.

“Биринчиден, мунайдын баасы дагы эле жогорулап баратат. Эл аралык эксперттер анын баасы 100 долларга чейин өсөт деп божомолдоп жатышат. Мындан тышкары абалды оорлоткон дагы бир нече жагдай бар. Биринчиден, Орусиядагы Орто Азияга багытталган эки ири Омск жана Орск мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун иши оңдоо жумуштарына байланыштуу токтоп калды. Иш жүзүндө биздеги компаниялар башка компаниялар оойт жана аларда баалар дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Экинчиден, Казакстан Орусиядан айына кеминде 150 миң тонна дизелдик майын сатып алганы жатат. Бул дагы тиешелүү рынокто тартыштык жаратат. Ушунун баары орусиялык заводдордогу чыккан бааны жогорулатат. Алар көтөрүшсө биздин нефтедрейдерлер да чекене бааны көтөрүүгө аргасыз болушат. Ошол себептүү биз өкмөткө сунуш берип, акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелдик отунду импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну суранып жатабыз”.

Бишкек шаарындагы автоунаалар.
Бишкек шаарындагы автоунаалар.

Күйүүчү жана майлоочу май ташып келген компаниялардын бирикмеси эгерде бул чаралар кабыл алынса, ал бензиндин чекене баасын 3 сом 70 тыйынга, дизелдин чекене баасын 4 сом 8 тыйынга чейин төмөндөтүүгө шарт түзөрүн маалымдоодо.

Арийне, Кыргызстанда учурда акциздик салык бензиндин бир тоннасына 10 миң сомго чейин, дизелдин бир тоннасына 2 миң сомго чейин коюлган. Мыйзамга ылайык, өкмөт аны нөлдөн ушул суммага чейин өйдө-төмөн кылып турууга укуктуу.

Азыркы шартка байланыштуу күйүүчү-майлоочу майлардын акциздик салыгын жана кошумча нарк салыгын албай турууга мүмкүнбү? Бул боюнча суроого жооп алуу үчүн Экономика жана финансы министрлигине кайрылып көрдүк. Бирок министрдин салык маселелери боюнча орун басары Бекболот Алиевге чалып, комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Министрликтин басма сөз катчысы Махабат Маматова ага таянып, бул маселе азыр кароодо жок экенин айтты:

“Акциздик салык жана кошумча нарк салыгы боюнча Алиевге кирип чыктым. Ал бул маселе азырынча талкуулана электигин билдирди. Кыскача айтканда, аталган тема күн тартибинде жок”.

Бирок адистер тиешелүү товарларга болгон акциздик салыктарынан жана кошумча нарк салыктарынан түшкөн киреше Кыргызстандын бюджетинде ролу чоң экенин белгилеп, өкмөт андан баш тарта албайт деп эсептешет. Демек, күйүүчү-майлоочу майдын баасын кармоодогу негизги рычаг иштебейт десек болчудай.

Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов ушул темада үн кошту:

Базарбай Мамбетов
Базарбай Мамбетов

“Кошумча нарк салыгы менен менен акциздик салыкты алып турса жакшы болмок. Бирок андай болбойт. Себеби, өндүрүшкө жана импортко болгон кошумча нарк салыгы менен менен акциздик салык Кыргызстандын республикалык бюджетинин кирешесинин 13% түзөт. Өкмөт ошого карап иш кылат да. Ассоциация муну сунуштап жатат, бирок бийлик бул кадамга бара албайт го деп ойлойм”.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына жалпы он чакты компания мүчө. Алардын ичинде "Газпромнефт-Азия", "Бишкек петрелеум", "Роснефть", “Партнёр Нефть” сыяктуу компаниялар негизги импортерлор болуп саналат. Өлкөдө ассоциацияга кирбеген ушул багыттагы дагы бир нече ишкана өз алдынча иш алып барат.

Өлкөдө күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Быйылкы эсептер жылдын жыйынтыгында аныкталат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG