Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Мамлекеттик мүлктү сатууга камылга башталды


Кыргызстандын мамлекеттик мүлктөрүнүн эң ирилери жана белгилүүлөрү: "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" компаниясы, "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому, Евразиялык сактык банкы (РСК банкы) жана "Дастан-ТНК" ишканасы.
Кыргызстандын мамлекеттик мүлктөрүнүн эң ирилери жана белгилүүлөрү: "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" компаниясы, "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому, Евразиялык сактык банкы (РСК банкы) жана "Дастан-ТНК" ишканасы.

Министрлер кабинети мамлекеттик мүлктү жеке колго берүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, менчиктештирүү процессине шарт түзүп баштады. Анда ишканаларды, заводдорду, имараттарды жана башка активдерди сатуу жолдору жаңыланып жатат.

Мунун ичинде мүлктөрдү Улуттук банкка сатууга уруксат берүү нормасы да киргизилгени турат. Аталган чара жана менчиктештирүүнүн өзү түрдүү талаштарды жаратууда.

Мыйзамды даярдоо

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 7-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы палатасына биринчи окууга чыгарылды. Документ парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинен өткөн.

Мыйзам долбоорун коргоп жаткан инвестициялар министри Нурадил Баясов жыйында атайын баяндама жасады.

Нурадил Баясов
Нурадил Баясов

“Мыйзамды өзгөртүүнүн башкы максаты аны жаңы кабыл алынган Конституцияга шайкеш келтирүү жана ичиндеги туура эмес болуп калган беренелерди оңдоо. Бүгүнкү күндө мамлекеттик ишканаларды реструктуризациялоо жана менчиктештирүүнүн максаты бул алардын натыйжалуулугун көтөрүү”, -деди ал.

Менчиктештирүү процессин ишке ашыра турган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өкмөт Министрлер кабинети болуп түзүлгөн учурда Экономика жана финансы министринин кармагына кирген эле. Ал азыр Инвестициялар министрлигине өткөн, ошол себептүү тиешелүү мыйзамды ушул мекеменин жетекчиси алып чыкты. Албетте, олтурумга фонддун жетекчиси өзү да катышты.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров депутаттардын суроосуна жооп берип жатып буларды айтты:

Мирлан Бакиров
Мирлан Бакиров

“Кыскача айтсам, бул мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы эми башталат. Бул мыйзам мына ошону ишке ашырууга өбөлгө болот. Биз быйылкы жылы менчиктештирүүдөн 500 млн. сомду бюджетке төгүү планын койгонбуз. Бул мыйзам кабыл алынып, идеялар ишке ашып калса ошол аткарылат”.

Күчүндө турган мыйзамда мүлктөрдү сатууда аукцион, сынак, түз сатуу, фондулук биржа аркылуу сатуу сыяктуу бир нече усулдар бар. Жаңы мыйзамда деле ушул эле ыкмалар калып жатат. Болгону аларга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк формасы кошулганы турат.

Бирок ошондо да масштабдуу менчиктештирүү жараянынын алдындагы өзгөртүүлөр эл өкүлдөрүнүн кооптонуусун жаратууда. Депутат Евгения Строкова бул жөнүндө мындай пикирин айтты:

Евгения Строкова
Евгения Строкова

“Жеке мени түз сатууга уруксат берилип жатканы чочутууда. Бул мыйзам мурда “улутташтырылган” объектилерди кайра өз кожоюндарына кайтарып берүүгө шарт жаратып жаткандай сезилүүдө. Толуктоолор жана өзгөртүүлөр ошого мүмкүнчүлүк берчүдөй. Мен билгенден Орусияда да бардыгын сатып жатышканда президенти аны бир мезгилде токтотуп, мүлктөрдүн кайсы бир бөлүгүн кайтарып, кайра улутташтырып алган. Бизде тескерисинче, жерлерден бери сатат экенбиз да. Мен бул мыйзамды колдоодон корком, ошого добуш бербейм. Кечирим сурайм”,-деди ал.

Башка бир депутат Айнура Осмонова мамлекеттик мүлктөр сатыкка коюлса, аларды ала турган компаниялардын аталыштары ачык жарыяланышы керектигин, алар жумшап жаткан каражаттар айкын көрсөтүлүшү зарылдыгын айтты. Эл өкүлү Чыңгыз Макешов болсо сатуу процессинде күмөн саноолорду жаратпоо үчүн активдерди фондулук биржа аркылуу жеке колго берүүнү сунуштады.

Менчиктештирүүдө Улуттук банктын ролу

Кеп болуп жаткан мыйзамда жаңыдан киргизилип жаткан дагы бир норма – мамлекеттик мүлктөрдү Улуттук банктын сатып алуусуна уруксат берүү. Эл өкүлдөрүн так ушул маселе көбүрөөк түйшөлттү.

Депутат Осмон Турдумамбетов эгер башкы каржы көзөмөл мекемеси кайсы бир мүлктөрдү сатып алса, ал эл аралык резервдерге коркунуч жаратышы мүмкүндүгүн эскертти. Ал эми депутат Мамасадык Бакиров “Улуттук банк өз тарыхында мамлекеттик мүлктү сатып алганбы?” деген суроо койду.

Аталган суроого Улуттук банктын өкүлү Нурбек Жеңиш жооп берди:

Нурбек Жеңиш
Нурбек Жеңиш

“Биз буга чейин сатып алган “Керемет” банктан сырткары башка бир да банкты, бир да чарбаны сатып алган эмеспиз. Азыр биздин позиция макулдук берүү деп эсептелбейт. Анүстүнө бизге бул же тигил объектини сатып алуу боюнча сунуш берилген жок. Эгер берилсе аны карап көрүп, анан жообун айтабыз. Негизи Улуттук банктын өзүнүн мыйзамына ылайык, мекеме экономиканы өнүктүрүү максатында кайсы бир юридикалык жактардын акцияларына ээлик кылууга, башкача айтканда алардын ишине катышууга укугу бар”.

Министрлер кабинети быйыл июль айында, менчиктештирүү жараянынын баштапкы баскычы катары "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" компаниясын, Кепилдик фондунун, "Керемет" банктын жана Евразиялык сактык банкынын (РСК банкы) акцияларын сатууну сунуштаган. Мунун ичинен “Мегаком” боюнча токтомду парламент 30-июлда жактырып берген.

Ошол учурларда мурда улутташтырылган уюлдук компания Улуттук банкка сатылышы мүмкүндүгү айтылган. Депутат Каныбек Иманалиев жаңы мыйзамды мына ушуга шарт түзүү деп атады:

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

“Улуттук банктын негизги миссиясы валюталык саясатты алып баруу, банк ишмердигин көзөмөлдөө. “Мегакомдун” башкы миссиясы - коммерциялык кызмат көрсөтүү, киреше табуу. “Мегакомду” иштетүү Улуттук банктын милдетине кирбейт. Ага болбой эле мына бул мыйзам менен ошону Улуттук банкка сатууга даярдап жатасыңар. Анда Улуттук банк жөнүндө мыйзамды өзгөртүп, “мекеме телекоммуникация жана байланыш кызматын да көрсөтөт” деген сыяктуу норма киргизишиңер керек болуп калат. Бул нонсенс. Банк өзүнүн милдетин аткарып жатабы, ага тийишпеш керек. Мен сунушталып жаткан идеяны таптакыр туура эмес деп эсептейм”,-деди ал.

Кантсе да, жыйын соңунда бир нече мыйзамдар менен чогуу менчиктештирүүгө байланышкан мыйзам долбоору да добуш берүүгө коюлуп, кабыл алынды. Документ экинчи, үчүнчү кароого качан чыгарылары белгисиз.

Президент демилгелеген өнөктүк

Мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү идеясын быйыл президент Садыр Жапаров 5-майда, Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу аземинде жарыялаган. Ал муну экономиканы өнүктүрүү боюнча беш демилгесинин бири катары атаган.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Бешинчиден, мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм”,-деген анда Жапаров.

Президенттин бул билдирүүсүнөн кийин Министрлер кабинети, анын ичиндеги министрликтер жана мүлк фонду масштабдуу менчиктештирүү жараянына даярдыктарды баштаган. Өнөктүктүктүн ири деп аталып жатканы анда көп активдер жеке колго өтөт деп күтүлүүдө.

Мамлекеттик мүлк дегенде буга, кадимки Ак үй, Өкмөт үйү жана резиденция баштаган имараттар, министрликтердин кеңселери, органдардын корпустары, жер тилкелери, аэропорттор, стадиондор, театрлар, ишканалар, заводдор, автоунаалар, жада калса ажатканаларга чейин, бардык мамлекеттик нерселер кирет.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мурдараак кабарлагандай, учурда кыргыз бийлигинин колунда 10 406 имарат, 15 022 курулмалар (сооружение), 434 курулуп бүтө элек объектилер, 366 жер участкалары, 7907 автотранспорттор, 2135 темир жол жана аба-суу транспорту, 78 385 материалдык эмес активдер, 784 090 техникалар жана жабдуулар бар. Бул мүлктөрдүн жалпы баланстык баасы акыркы жолу 83 млрд. сомдон ашык деп эсептелген. Бирок 2021-жылга карата инвентаризациялоо аяктаса бул сумма дагы өзгөрөт.

Мындан сырткары “Кыргыз темир жолу”, “Кыргызкурал”, “Кыргызкөмүр”, “Кыргызкитеп” ишканалары, “Кара-Балта” спирт заводу, “Бишкек-Ош” жолундагы дирекция, "Кыргызгипрозем" долбоорлоо институту, Кара-Суудагы эң ири “Туратали” базары, пансионаттар, санаторийлер, үрөнчүлүк, балык чарба, асыл-тукум, пахта жана башка багыттагы заводдор баштаган 104 мамлекеттик ишкана бар. Мүлктүн бул түрүнүн жалпы наркы белгисиз.

Мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун саны болсо -38. Алардын белгилүүлөрү “Мегаком” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком”, “Манас” эл аралык аэропорту, “Кыргызтелеком”, “Айыл Банк”, “KICB Банк”, “РСК Банк”, “Бакай Банк”, “Кыргызалтын”, “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Улуттук энергохолдинг” компаниясы, “Айдаркен-сымап”, “Дастан-ТНК”, “Ош-Дюбек-тамеки”, “Кызыл-Кыя-тамеки”, “Кайыңды-кабель” заводдору, “Кыргызнефтегаз”, “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы, “Учкун”, “Найман ГЭС” ишканасы жана “Пирамида”, “ОшТВ” телеканалдары. Бул компаниялардын жалпы акциялары канча турары азырынча айтыла элек.

Саясатчылардын, экономисттердин жана активисттердин кайсы бир тобу маммүлктү менчиктештирүү саясатын колдоп чыгышса, ошол эле убакта ага караманча-каршылар да позицияларын ачык айтышкан.

Жарандык активист Кылыч Шанаев беш-алты айдан бери бийликти бул идеядан кайтууга чакырып келет:

Кылыч Шанаев (ортодо).
Кылыч Шанаев (ортодо).

“Менимче, бул - Жапаровдун эң чоң каталарын бири. Учурунда жеке менчикке өткөрүүгө каршы болуп келген киши бүгүн теңирден тескери саясат баштады. Акаев мамлекеттик ишканалардын, завод-фабрикалардын баарын сатып, элди тентитип жиберди. Натыйжада, бир миллион ашуун мекендешибиз мигрант болуп жүрөт. Ошол жеке менчикке сатылып кеткен кайсы ишкана азыр ийгиликтүү иштеп, дүйнөлүк аренага чыгып кетти? Тескерисинче, бүт бардыгы базар, соода борборлору болду, бизнесмендер, бир ууч топ гана пайдасын көрүп жатат. Ошондо дагы "жеке менчикке өткөрүп берсек, өсүп-өнүгүп кетет"деген жакшы ой болгон. Бирок ишке ашкан жок. Азыр бюджетти толтуруу үчүн эле колдо калган мүлктөрдү сатып, убактылуу гана чара. Эгер “мамлекеттик кызматкерлер начар менеджер болуп, азыр иштете албай жатат” дешсе, анда тийбей эле коюшсун. Кийин татыктуу менеджерлер келгенде иштетип кетет. Азыр сатышса деле тааныш-билиш, коррупциялык жолдор менен олигархтарга арзан-арзан сатылып кетет”.

Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик мүлктү массалык менчиктештирүүнүн биринчи этабы өлкө алгач эгемендик алган жылдары, 1991-1994-жылдары орун алган. Төрт этаптан турган өнөктүк 2015-жылдарга чейин созулган. Учурда Кыргызстандагы чарбалардын жана мүлктөрдүн дээрлик 90-97% бөлүгү менчик колдо экени маалымдалып жүрөт.

"Азаттыктын" Кыргызстандагы мамлекеттик мүлктөрдүн санагын чыгарган видео түшүндүрмөсү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG