Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Менчиктештирүү саясатынын багыттары айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана финансы министрлиги мамлекеттик активдерди башкаруу боюнча реформалардын негизги багыттарын белгиледи.

Ага ылайык, натыйжасыз иштеп жаткан стратегиялык эмес ишканалар жоюлат же менчиктештирилет. Ошондой эле мамлекеттик активдер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлөт. Мамлекеттик ишканалар консолидациялоо жана акционерлештирүү жолу менен кайра түзүлөт.

Мамлекеттин үлүшү менен иштеп жаткан ишкердик субъектилердин акциялары жана пакеттери менчикке өтөт. Операциялык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бир катар компаниялар ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилет. Башкаруу органдарына көз карандысыз директорлор тартылат. Инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.

Ошол эле учурда мамлекеттик функцияларды аткарган жана калкка социалдык кызматтарды көрсөткөн объектилерге карата менчиктештирүү маселеси каралбайт. Бул объекттер министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында иштейт.

Президент Садыр Жапаров 5-майда мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, жеке менчикке өткөрүү зарыл экенин белгилеген. Ал менчиктештирүү иши аяктаган соң Мамлекеттик мүлк фонду жоюлат деп белгилеген.

Мамлекеттин менчигиндеги мүлктү сатуу, ижарага берүү, конфискацияланган объектилердин базасында бюджетке киреше алып келүү милдетин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аткарат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG