Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Ат-Башы райондук ооруканасы 30 медайымдын иш ордун кыскартты


Ат-Башы райондук ооруканасы.
Ат-Башы райондук ооруканасы.

Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Илим Бейшеналиевдин билдиришинче, ооруканада мурда иштеп жүргөн 30 медайымдын штаттык орду кыскарган. Буга иш орундардын ыксыз көп болгону себеп болгон.

“Эрежеге ылайык, 1000 кишини бир медайым тейлеши керек. Ошондуктан ашыкча иш орундар кыскартылды. Мурдагы жетекчилер штаттарды ыксыз ача беришип, медайымдардын санын көбөйтүп коюшкан. Бирок жумуштан бошотулган медайымдар ишсиз калган жок. Алардын айрымдары оорукананын башка бөлүмдөрүндөгү бош орундарга которулду. Айрымдары пенсияга кеткен медиктердин бошогон ордуларына отурушту”, - деди Бейшеналиев.

Маалыматка ылайык, райондо медайымдар жетиштүү. Дарыгерлердин таңкыстыгы күч. 90 дарыгерге ылайыкташкан ооруканада 50дөй врач иштейт. Хирург, жандандыруу дарыгерлери жок. (MiK/BsB)

XS
SM
MD
LG