Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:19

Жогорку Кеңеш "Мегакомду" сатууга макул болду


"Мегакомду" сатуу аракети 2015-жылы башталган.

Жогорку Кеңеш "Мегаком" бренди менен таанымал "Альфа Телеком" мамлекеттик компаниясын толугу менен сатуу тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун колдоду. Эми компания кандай шартта сатылары, баасы аныкталмакчы.

Жогорку Кеңеш өткөн айда жакынкы эки жылда толугу менен, же кайсы бир үлүшү сатылчу 25 мамлекеттик объекти тууралуу программаны бекитип, токтом кабыл алган. Министрлер кабинети эми ага кошуп дагы төрт объектини, тактап айтканда, "Мегакомду" (100%), Кепилдик фонддун (14,9%), "Керемет банкты" (0,74%) жана Евразиялык сактык банкын (76,56%) сатуу тууралуу токтомдун долбоорун даярдаган.

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров 29-июлда парламентте "Мегакомдун" азыркы баасы бычыла электигин билдирди. Ошондой эле компанияны Улуттук банкка сатуу караштырылып жатканын айтты.

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

"Бюджетте 500 миллион сом бекиген. Ошол каражатты толтурууда менчиктештирүү бирден бир булак катары сунушталып жатат. Эми баалоо механизми башталат. Аны көз карандысыз тараптар жүргүзөт. Баалоо бүткөндөн кийин атайын комиссия менен аукцион, же түз сатуу, же сынак аркылуу сатуу сыяктуу ыкмалар менен иш жүргүзөбүз. "Альфа Телеком" 2015-жылы 19 миллиард 700 миллион сомго бааланган. Сатыкка чыгып, өткөн эмес. Кийин баасын 25% азайтып, 14 милилард сомго түшүргөн, анда дагы кардар чыккан эмес. Улуттук банкты түз сатып алып, же аукционго, сынакка катышып потенциалдуу кардар болушу мүмкүн деген сунушту берип жатабыз. "Мегакомдун" кирешеси мурдагы жылга салыштырмалуу төмөндөгөн. Бирок соңку алты айдын жыйынтыгы менен болочоктогу көрсөткүчтөрү көтөрүлөт деген божомол бар. Негизи компания кирешелүү. Орточо бир миллиард сомдун тегерегинде пайда табат".

Айрым депутаттар мындан улам Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун пикирине кызыгышты.

"Бүгүнкү күндө Улуттук банкка расмий сунуш түшө элек. Биз ал сунушту карап, талдап көрүүгө даярбыз. Ошондон кийин гана кандайдыр бир чечим кабыл алабыз", - деди Абдыгулов.

Расмий маалыматка ылайык, "Мегаком" 2019-жылы 1 миллиард 34 миллион сом киреше тапкан. Ал эми 2020-жылы пайдасы 563 миллион сом болуп азайган.

Депутат Улукбек Ормонов "Мегакомду" сатууга каршы чыккан эки депутаттын бири болду.

Улукбек Ормонов.
Улукбек Ормонов.

"Убагында "Альфа Телекомду" менчикке коюуда талаш-тартыш болуп, депутат кезинде азыркы президентибиз Садыр Нуркожоевич каршы чыккандардын бири болгон. Азыр эми президент болгондон кийин ою өзгөрүп калдыбы? Биз соңку кездери Улуттук банкты коммерциялык уюмга айландырып баратабыз. Ага "Керемет банкты" сактап кал, башканы сактап кел дедик, эми "Альфа Телекомду" сатып ал деп атабыз. Мүлк фонду жакшы башкара албаса Улуттук банк жакшы башкарабы? Жылына бир миллиард сом киреше берип жаткан "Альфа Телекомду" сатууга мен каршымын. Иштебей турган ишканаларыбыз толтура. Ишкананы сатпай, жетекчини алмаштыруу керек. Мен сатууга каршымын, бул мамлекеттик бойдон калышы керек".

Буга чейин депутат Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) “Мегакомду” сатууга каршы чыкканын жазган. Ал парламентте сүйлөп жатып, президенттин "Мегакомду" сатуу тууралуу оюна кызыкты жана мындан улам Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакировго сунуш берди.

"Силерге бир аз саясий эрк керек. Себеби эртең сатуу жараяны башталганда айрым адистер чочулашы мүмкүн. Ошондуктан президентке кайрылып, кат жөнөтпөйсүзбү. Ошондо эртең кылмыш ишин козгоо коркунучу дагы болбойт".

Кыргыз өкмөтү “Мегаком” ишканасын бир нече жылдан бери эле сатууга аракет кылып келет. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң Убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49% улутташтырган. 2014-жылы болсо компания толугу менен мамлекеттин карамагына өткөн.


"Мегаком" алгач 2015-жылы сатыкка коюлган жана андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыккан эмес. Мындан улам компаниянын баасы арзандап, түз сатуу тууралуу чечим кабыл алынган. Анда орусиялык жеке ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган. Бирок коомчулуктун сынынан улам келишим түзүлбөй калган.

2018-жылы дагы “Мегакомду” сатуу аракетинен майнап чыккан эмес.

Президент Садыр Жапаров буга чейин мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, жеке менчикке өткөрүү зарыл экенин айткан. Ал менчиктештирүү иши аяктаган соң Мамлекеттик мүлк фонду жоюларын билдирген.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров "Мегаком" өңдүү мамлекеттик ишканаларды сатуу, менчикке берүүдөгү коррупциялык тобокелчиликтерге токтолду.

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

"Негизинен менчиктештирүү керек. Бирок ал таза кадрлардын тушунда гана жасалышы керек. Ал ачык-айкын болбосо чоң бир коррупциялык менчиктештирүүгө айланып кетиши мүмкүн. Мамлекет дагы, эл дагы утулуп, ал компаниялар деле өнүкпөй калышы мүмкүн. Азыркы аткаминерлердин бирөө арзан баага сатып, чөнтөгүнө салып алышы мүмкүн. Эң чоң тобокелчилик ушул жерде. Бул жерде таза, ишеничтүү кадрлар болушу керек. Аларга эл, коом, баары "булар менчиктештирүүнү таза жүргүзөт, ортодон эч кандай туура эмес иштер болбойт" деп кынтыксыз ишениши керек. Бирок менимче азыркы учурда андай ишеним жок".

"Мегаком" 2016-жылы "Белизгейт" деген ат менен тарыхта калган жаңжалга негиз болгон. Бул компанияга байланыштуу "Ата Мекен" фракциясынын ошол кездеги лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, экс-министр Дүйшөнкул Чотонов камакка алынган. Аларга "2010-жылы "Мегакомду" сатып алууга кызыккан орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган" деген айып коюлуп, соттолгон. Саясатчылар муну саясий куугунтук катары баалашкан. Алар 2021-жылы апрелде бул иш боюнча акталган.

Былтыр конституциялык реформага байланыштуу талаш-талкуу күчөп турган маалда "Мегакомдон" улам Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаев кайым айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG