Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Жаңы салык кодекси: артыкчылыктар жана тобокелчиликтер


Өкмөт үйү, Бишкек шаары.

Экономика жана каржы министрлиги жумушчу топ “Салык кодексинин жаңы редакциясынын” акыркы долбоорун президенттик администрациянын кароосуна бергенин маалымдады. Бир ай мурда министрлер кабинети долбоорду өзүнүн сайты аркылуу коомдук талкууга чыгарган.

Учурда иштеп жаткан Салык кодексин өзгөртүүгө кандай муктаждык түрткү болду? Жаңы даярдалып жаткан редакцияда кандай артыкчылыктар жана тобокелчиликтер бар? “Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда ушул жана башка суроолорго жооп издейт.

Талкууга Экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиев, Эл аралык ишкер кеңештин төрагасы Аскар Сыдыков, чет өлкөлүк инвесторлор ассоциациясынын жетекчиси Кайрат Итибаев катышты.

“Азаттык”: Бекболот мырза, сиз бүгүн маалымат жыйынында айтканыңызга караганда парламент кабыл алып берсе, “Салык кодексинин жаңы редакциясы” келерки 2022-жылдан баштап күчүнө кирет экен. Азыр иштеп жаткан кодексти алмаштырууга кандай принципиалдуу жагдайлар себеп болду?

Бекболот Алиев
Бекболот Алиев

Бекболот Алиев: Эмне түрткү болду? Кадимки жашоо сыяктуу эле экономикалык процесстер да күндө өзгөрүп турат. Ишкердиктин жаңы түрлөрү, жаңы технологиялар, жаңы процесстер пайда болуп турат. Ошондуктан, заманбап технологиялардын жол-жоболоруна салык кодексин ылайыктап, иреттеп туруш керек.

Экинчиден, салыктык жол-жоболорду санариптештирүүнү масштабдуу түрдө баштап атабыз. Ушул санариптештирүүнү мындан ары дагы жылдырууга жардам бере турган нормаларды Салык кодексине киргиздик. Каттоодо, отчеттуулукта же салыктык жол-жоболорду аткарууда маалыматтык технологияларды кенен колдонуу боюнча киргиздик. Дагы бир негизги жагдай – азыркы Салык кодекси 10-11 жылдан бери колдонулуп келатат. Бул аралыкта ага 130дан ашык өзгөртүүлөр киргизилген. Кээде тактоо иретинде, кээде чоң-чоң комплекстүү өзгөртүүлөр киргизилип атып, 2008-жылы жазылган Кодекстин иреттүүлүгү, структурасы бир кыйла өзгөрүп кеткен. Ал салык төлөөчүлөргө да, салык органдарына да ыңгайсыздыкты жаратып калган. Ошондуктан, өзгөртүүлөрдүн бардыгын эске алуу менен бир түрдүү, иреттүү, структурасы жакшы болгон бир кодекс жазыш керек болду.

Эми бул салыктык мамилелер болгон жерде ар дайым келишпестиктер, талаш-тартыш болот. Ошондой шартта ыйгарым укуктуу орган катары Экономикалык жана каржы министрлигине жылына салыктык нормаларды кандай колдонобуз деп сураган 500-600дөй кайрылуу түшөт. Салык органдары менен салыктык келишпестиктер 700-800 чамалуу болот. Кесиптик топтор бар, аларга дагы келип турат. Ушул талаш-тартыштардын бардыгын бирден карап чыгып, мындай келишпестиктер болбосун деп, боштуктарды толтуруп чыктык.

“Азаттык”: Ошондо жаңы Салык кодекси Кыргызстандын салык саясатына кандай жаңылыктарды киргизет?

Бекболот Алиев: Салык кодексин жазуунун алдында ишкерлерге да, салык төлөөчүлөргө да ыңгайлуу, түшүнүктүү болушу керек, мамлекет үчүн жакшы киреше алып келиши керек деген максатты койгонбуз. Ошонун алкагындагы эксперттик анализ биздин салык системабыз башка коңшу өлкөлөрдүн салык системаларынан кыйла ыңгайлуу, прогрессивдүү, ошол эле учурда салыктык эң аз жүгү бар экенин көрсөттү. Ошондуктан, биз салык системасын өзгөртпөдүк, бирок салыктык нормаларды өзгөрттүк.

Эки негизги режимди киргизип атабыз. Биринчи - ири компаниялар төлөй турган салыктык жалпы режим. Экинчи - бирдиктүү салык төлөмү. 30 миллион сомго чейинки акча каражатын жүгүрткөн компаниялар менен ишкерлер ушул бирдиктүү салык режимине өтө алат. Ал жерде бир гана салыктын түрүн төлөйт, бир гана салыктык отчет берет. Бул абдан жеңилдетилген салыктык режимдер болуп жатат деп ойлойм.

Көптөгөн жакшы нормалар кирди. Мисалы, Салык кодексинде карама-каршы келген же талаш жараткан нормалар болсо, ал ишкерлердин кызыкчылыгында чечилиши керек деген принцип бар. Биз ошол принципти ишке ашыруу механизмин киргиздик.

“Азаттык”: Жумушчу топ бир айлык талкуудан кийин салыкчылардан 15тей сунуш эске алынды деп жатат. Салык кодексинин долбоору ийине жеттиби? Долбоор ишкер чөйрө буга чейин кабылып келген кыйынчылыктарды жоюуга кудуреттүүбү?

Аскар Сыдыков
Аскар Сыдыков

Аскар Сыдыков: Ушул айдын ичинде Экономика жана каржы министрлиги менен бир нече ирет жолугушуу өткөрүп, көп талкуулар болду. Бизнес коомчулуктун бир катар сунуштары эске алыныптыр. Бирок, бул Кодексти азыр шашылыш кабыл алуу дагы опурталдуу. Себеби, биринчиден, азыр элдин башка кам көрө турган иштери бар. Кодекс дагы эле чийки болушу мүмкүн. Көп ишкерлер, эксперттер кодексти окуп, талдай элек. Алардын дагы сунуштары болушу мүмкүн. Анан, кодексти азыркы Жогорку Кеңеш кабыл алганы туура эмес болот. Анткени шайлоого камынып жаткан учурда бул мыйзамды депутаттардан эч ким окубайт. Бир күндө эле кабыл алышат. А биз ушул мыйзам менен жашайбыз. Ошондуктан, кодексти жаңы мандат менен келген Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек.

Экинчиден, кодекстин ченемдерин ала турган болсок, дагы эле опурталдуу ченемдер бар. Анын катарында салык кызматына укук коргоо статусун, ыкчам иликтөө ыйгарым укуктарын берүү. Салык кызматкерлери көбүрөөк салык чогултабыз деп укук коргоо органдарына таандык ар кандай ыкмаларды колдонушу мүмкүн. Буга ким жооп берет?

Салык кызматына 3% бөлүп берүү боюнча. Бардык чогулган салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн ичинен 3% түздөн-түз салык кызматын каржылоого жиберилет экен. Бардык салыктардын баланча пайызын аласыңар деген жобо кайсы өлкөдө бар экенин билбейм. 3% болжол менен 3 млрд. сомго бара турган акча каражаты. Бул аябай чоң каражат.

Эксперттердин айтымында, келечекте, 20-30 жылдан кийин бухгалтерлер, аудиторлор сыяктуу эле салык кызматкерлери да болбой калат. Ал механикалык жумуш. Элестетсеңер, азыр салык кызматынын бюджети 1,5 миллиарддын тегерегинде окшойт. Мындан ары дээрлик эки эсе көбөйсө, аны эмне кылышат?

Мен эртең менен эле карап көрдүм, дүйнөлүк рейтингде бюджеттин чыгашалары менен ички дүң продукцияны салыштырганда биз - Кыргызстан каражаттарды 39%га чейин сарптайт экенбиз. Чыгашалар боюнча АКШ жана башка өлкөлөр биздин артыбызда. Демек, бизде бюджет аз эмес. Болгону аны пайдалана албай жатабыз.

Кайрат Итибаев
Кайрат Итибаев

Кайрат Итибаев: Биз быйыл 10-мартта президентке кат жолдоп, конкреттүү сунуштарды бергенбиз. Биздин сунуштар жаңы кодексте каралыптыр. Ага ыраазычылык билдирем. Бирок, Аскар мырза айткандай, кодексти “бышырып” алып, жаңы легитимдүү парламент келгенде, декабрга жакын же яынварь-февралда кабыл алыш керек. Дагы убакыт берип, кеңири коомдук талкууга коюш керек.

Мен катымда кыргыз бюджетин НДС аркылуу он эсе көтөрсө болот деп жаздым эле. Бул кем дегенде 1 триллион сом. Бул популисттик сөз эмес. Теорияда керектөөгө салык, келишүү салыгы, менчикке салык өңдүүлөр бар. Ошол салыктардын эң орчундуусу - кошумча нарк салыгы (КНС). Биз катыбызда сатуудан түшкөн салыкты жоюш керек дегенбиз. Бул биринчи дүйнөлүк согуштун убагында каражат керек болгон үчүн Европа мамлекеттеринде кирип калган. Бул бааны көтөргөн салык. КНС болсо Францияда 57-60-жылдары кирген, адилеттүү, кайтарылчу салык.

Практикалык жагын алсак, биз сунуш кылгандай, патенттер, салыктык келишимдер кодекстен алыныптыр, бул жакшы. Канагаттандырбаган жагы – 3% сыяктуу коррупциялык факторлорго ээ боло турган беренелер бар экен. Сатуудан салык калыптыр, жеңилдиктер каралыптыр. Жеңилдиктер өзгөчө аймактарда гана берилиши керек. Ал режим Эркин экономикалык аймактардын (СЭЗ) ичинде калыптыр. Бирок, аны өзүнчө кеңири жазып чыгарыш керек го. Эң негизгиси, кошумча киреше болсун деп энергетиктерге, таттуу суусундуктарга салык киргизиш керек эле. Анткени, бул ден соолукка зыян алып келген суусундуктар. Эң негизгиси жанагы 30 миллион сом ири компаниянын жүгүртүүсү. Муну 10-15 миллион сом менен эле чектеп койсо болмок. Анткени, бардык ири ишкерлер ошол жакка кире качышат. Эгер убактылуу чара болсо, анын мөөнөтүн, андан кийин жалпы системага өтүүгө милдеттүүлүгүн белгилеш керек.

Талкуунун толук версиясы менен бул жерден таанышыңыз:

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG