Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Эки активист Бээжиндеги Олимпиадага каршы акция өткөрдү


Гонконг жана Тибеттен келген эки активист Афиныдагы Акрополисте Бээжин Олимпиадасына каршы акция уюштурушту. Дүйшөмбүдө ал жерде кышкы оюндардын отун жагуу жөрөлгөсү өтөт.

Тибеттик студент Цела Зоксанг жана гонконгдук саясий бозгун Жои Сиу Эл аралык Олимпиада комитетин Кытай башкалаасын дүйнөлүк спорттук иш-чараны өткөрүү укугунан ажыратууга үндөгөн кыймылдын мүчөлөрү. Аларды грек полициясы кармап кетти.

Активисттер Кытай бийлиги Шинжаңда уйгурларга каршы геноцид жүргүзүп, Тибетте, Гонконг, Ички Монголияда куугунтукту токтотпой, эгемен Тайванга сес көрсөтүп жатканын белгилешет.

Бээжин куугунтук тууралуу айыптарды четке кагып келатат. Шинжаңдын тургундары кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөгөн.

Кышкы Олимпиада оюндары Бээжинде эмки жылдын февралында өтмөкчү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG