Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Түндүк Македонияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо өттү


Түндүк Македониядагы шайлоо тилкеси. 17-октябрь, 2021-жыл
Түндүк Македониядагы шайлоо тилкеси. 17-октябрь, 2021-жыл

Түндүк Македонияда 17-октябрда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, мэрлерди, жетекчилерди шайлоо өттү. Премьер-министр Зоран Заев үчүн алгачкы сыноо катары каралып жаткан өнөктүктө 11 миң талапкер ат салышты. Мамлекеттик шайлоо комиссиясы түштөн кийин жарыялаган сандарга караганда, 1,8 миллион добуш берүүчүнүн 32% жакыны шайлоого катышты.

Өкмөткө кирген төрт партия либерал-демократиялык принциптерди, Евробиримдикке, НАТОго кошулууну колдошот. Коалициянын негизги атаандашы – улутчул партиялардын талапкерлери. Андан тышкары бир нече көз каранды эмес талапкер ат салышты.

Бул ирет шайлоодо шайлоочуларды бармак издеринен текшерген жаңы система жана терминалдар колдонулду.

Бийлик ишембиде добуш сатып алууга аракеттенген 5 киши кармалганын маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG