Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 14:35

“Үшүк менен мен да бастым демимди...” Эл акынын эскерүү


Майрамкан Абылкасымова.

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова өткөн кылымдын 60-жылдары адабиятка келген муундун көрүнүктүү өкүлдөрүнөн эле. Анын поэзиясында мекен, сүйүү, аял дүйнөсү өзгөчө бир көрк менен ачылган.

16-октябрда 84 жашында дүйнөдөн кайткан акын менен коштошуу зыйнаты 18-октябрда, саат 10до Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Ал 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районунун Кызыл-Суу айылында туулган.

Кош өйүз

Майрамкан Абылкасымова эки доордо, кош заманда жашады. Социализм заманында саналуу гана калемгерлерге ыйгарылчу Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгына арзыды. Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ болду. Социализм заманында бапыратып китеп артынан китеп чыгарууга ашыкпай, өзүнө жакын теманын ар кыл өңүттөрүн иликтөөгө убакыт-саатын жумшады. Кийин эгемендик келгенден кийин деле көнүмүш темасынан алыстаган жок. Акындын ойчул дүйнөсү эгемен өлкөсү башынан кечирип жаткан оорчулуктарды жашырбай ортого салып, билинбей туруп баары өзгөргөнүн, оргуштап чыкчу “ак булакты” кулаган таш басып, орду толбос дүйнөнүн арыз-арманын чогултуп алгансып “томурайып камышы жок саз” турганын жазды.

Өзгөрмөлүү дүйнө деген ушул экен, мурда “булут токтоп, туман токтоп” өтчү жерлер ээнсиреп бош турат. Ал жердин көркүн, сулуулугун арттырып, шамалга ыргалып турчу ”ак кайыңды жыгышыптыр текчеге”, орду оңурайып, томсоруп туру. Заман өзгөрүлгөндө табият да башкача түскө оронуп, пенде балдарынын жашоо-турмушунда “жакшылыктан жамандыктар көбүрөөк” чыгып калат окшобойбу. Мунун баарын көргөндөр бар, көнүмүштүн ыргагынан чыга албай, жаңыланууну жадынан чыгарып байкабай калгандар бар. Ага карабастан, заман, коом өзгөрдү, оорчулук аялдарга түштү. Аны акындын сөзү менен эле айталы:

Кайсыл элде жүдөө күтсө зайыпты,
Энелери элечегин тарталбай.
Ошол элдин уулуна кой айыпты,
Бул да кырсык бирге жүргөн байкалбай.

Кийинки кездери элдин оозунан түшпөгөн бул канаттуу саптар акындын “Көрдүңөрбү” деген ырынан алынган. Дегеле базар мамиле-катнашына көчүп жаткан кыргыз коомунун татаал, карама-каршылыктуу учурун мындан артык айтып бериш кыйын. Жаңы экономикалык мамиле-катнаш өзүнөн чоң чаарала баштыктарды сүйрөп, чет жерден буюм ташыган ак жоолукчандардын аракетинен башталган. “Аялдары базарда, эркектери казанда” деген канаттуу сөз ошондон улам чыккан. Жаңыга көнүү кыйындыгын элдин баары эле тартты окшойт. Ошол тарткылыктын эң оору, кыйыны ак жоолукчандарга түшүп, аёо билбес турмуш кымча бел кыздар менен кылыктуу келиндерди өзгөчө оор сыноого салганын Майрамкан Абылкасымова кемелине келтире айта алды.

Көп сырдуу чыгарма эл оозунан түшпөгөн учкул кепке айланды. Аны ак жоолукчандардын адамдык укугун жактагандар да, кыргызча капитализмдин көйгөйлөрүн алдыга жайгандар да, көркөм сөзгө куштар окурмандардын баары айныксыз аксиома катары колдонуп келишет.

Санаркоо

Жан дүйнөсүнө жакын коом урап түшкөндөн кийинки жагдайды акын “Үшүк” деген ырында да козгоду. Жаз маалкатып кечигип, күткөн жылуулук жок, табият капыс урган сууктан чүрүшүп-бүрүшүп жүдөп калышы чыгармада аллегориялык маани-мазмун алып кетет. Оңунан чыкпаган ыңкылаптар, башкаруучуларынын жасаган-эткенине нааразы болгон калктын улам-улам козголушу, коомдук аң-сезимдин токтолго таппай бир жээктен экинчисине урунуп-бериниши жагдайды ансайын курчутуп жатпайбы. Үшүк тек белги, символ, коомдун өз ордун таба албай, социалдык ылаңга кабылганы. Ошон үчүн акын:

Үшүк урду жеримди да, элимди,
Жүзүмдөрүм өлүп калды ылаңдап.
Үшүк менен мен да бастым демимди,
Эми кимге кубанамын ыр арнап,- деп жатпайбы.

Калкы кабылган катаал замандын символикалык эн-белгиси катары үшүктү алдыңкы планга чыгарган акын өзгөрүлгөн замандын ырайына баам салып, андан жоголгон жылуулукту издейт. Ачык айтылган сөзүнүн оңу келбей жатканын, оорукчан коомдо ошондой болорун белгилейт. Баарысы өткөн, эми алар кайрылбайт, мезгил бүктөмүндө жаштык, керемет учурлар өтүп кеткен. Жаңы доор, жаңы заман, элүү жылда - эл, жүз жылда - жер жаңы. А бирок ошол жаңылануу көнүмүш жашоо ыңгайына ылайыкташып алган муунга кыйла оор тиерин, аны көбү кабыл албай, өткөнү менен жашап каларын ким ойлоптур. Куулдап-шуулдап шагдам кирип келген “алгачкы капитал топтоо” заманы мурунку муундагыларга опсуз оорчулукту алып келгенин байкабай койбодукпу. Бүтүндөй бир муун баам сыртында калды.

Ооду оомат, жаштык кетти кайрылбай,
Булбул үнү түшкө чындап кирбеген.
Жалгыз башты батыра албай жайла-жай,
Күңгүрөндүм туман түшкөн түн менен.
Эчки талдай өзөн боюн каптаган,
Кызыл гүлдөр анда өңдөн азбаган.
Өр талааны жайпап күчтүү ташкындап,
Арыгыма кана, суулар батпаган?

Анын баары жок, арыгына суусу батпаган жаштык кеткен, адабиятка идеологиялык үмүт артып, калем кармагандын баарын кабагым-кашым дебей багып келген берешен өкмөт жок. Баарысы базар мамиле-катнашына байланган. Мурдагыдай күргүштөтүп китеп чыгаруу, тутамдап калем акы кармоо унутулган. Сүрөткерлер журту жазганын өздөрү чыгарып, анысын сатып өткөрүү ыгын билбей алдастап, жөнөкөй соода эрежесин баштан өткөрбөгөндөр маданий турмуштан алыстап, өзү менен өзү болуп калышкан.

Майрамкан эженин туңгуч президент ак жоолукчандарды жазгы майрамы менен куттуктап, салтанатка катышкандарга керектүү-керексиз буюм бергенин туйдуруп, анткенче колуна азыноолок акча карматып койсо дурус болорун айтып, ошондон кийин аялдарга конверт беришкенин маектеринин биринде эскере кеткен жайы бар. Көркөм сөз кудуретине айныксыз ишенип, ага өмүрүн арнагандардын көбү жаңы заман шартына ыңгайлаша албай, өткөн менен бүгүнкүнүн ортосунда асылып, күпүлдөп иштеп аткан улут адабиятынын басыгы жайлап, калаты абал түзүлүп калды. Бул жагдай акындын баам сыртында калбашы керек эле.

Амансыңбы, өтөп өмүр карызымды,
Мен келатам
өзүң жакка бел байлап.
Дене-башым
сар-санаага жанчылды,
Үмүт, азап
бул тарапка келди айдап.
Бой саласың
боз плащчан камышым,
Көрчү сага
келчү жолдун алысын.
Кышы менен
ооруп жүрдүм саргайып,
Кулагыма жетпей
сенин дабышың.

Бул эми жаңы заман тушундагы эски доордун сүйгүнчүк сүрөткеринин арызы, арманы, сүйүүсү, кайгы-касирети.

Майрамкан Абылкасымова чыгармачылык кечесинде. 2016-жыл. Бишкек.
Майрамкан Абылкасымова чыгармачылык кечесинде. 2016-жыл. Бишкек.

Кайрандарды эстөө - реквием

Майрамкан Абылкасымованын адабиятка аралашуусу, өз жолун табышы кыйла эле жеңил, ийгиликтүү башталган. Чыгармачылык баралына толуп турган кезинде социализм заманындагы абройлуу жаамы союздук Ленин комсомолу сыйлыгына арзыган (1970), чыгармалары дүйнөнүн башка тилдерине которула баштаган.
Акындын чыгармачылык жолунда өзгөчө орунда “Сен билесиң, Мекеним” жыйнагы, “Эстелик сүйлөйт” поэмасы турат. “Эстелик сүйлөйт” Экинчи дүйнөлүк согуш каргашасы, жерине кайтпай калган кайрандар тууралуу реквием, ташка айланган жоокерлердин жашабай калган өмүрү, жетпей калган сүйүүсү, жарыкчылыктан эрте кеткендеги арманы тууралуу чыгарма.

Балалыгы согуш кезине туш келип, айылынан кырчындай канча жигиттер батышка аттанып артына кайтпай калганын, жол карап өлөр өлгүчө үмүтүн үзбөгөн ата-энелердин, жакындарынын күйүтүн акын өзү деле көргөн, жакын адамдарынан айрылган. Мунун баары кийин аны таланттуу акын катары тааныткан каймана-символикалык маани-мазмунга чулганган чыгармасында чагылдырылган.

Эли-жерин коргойм деп барып канмайдандан кайтпай калган жоокердин таш эстелигинин жанында тирүүлүктүн шаңы өкүм сүрөт, эстелик жоокер кара жерди жыттаган жапжаш жигит апасына кайрылып өтүнүч айтат:

Апакебай, жакшы көрөм,
Жаз айынын көктөмүн.
Жактырамын жан-жагыман
Жаштар басып өткөнүн.
Жыттатып кой, жалбыз жытын,
Мен аларга жаштыгымды төккөмүн.

Ал эми чыгарманын финалдык аккорду өзгөчө бийик пафоско чулганган, көркөм жалпылоо бийик чекитке жеткен:

Бирок, силер,
Бардык жерде, бардык жерде барсыңар,
Бардык жерде жигитсиңер, жашсыңар.
Бардык жерде өлүм үчүн өч алып,
Бардык жерде жашап жатат бактыңар!

Майрамкан Абылкасымова Мекен үчүн жанын берген миллиондордун эли-журту алдында аткарган милдетин, анын барк-баасын ишенимдүү чагылдырып берген. Пенде баласынын бул жер үстүндөгү жашоо-турмушу уруш-жаңжал, кандуу согуштарга жык толгонун, адам азырынча ич ара мунасага келип, жашоого жете электигин, жаатташкан тараптардын тирешинде жапжаш жигиттер өмүр менен кош айтышарын, алардын деле башкаларчылап жашагысы келерин, кыз сүйүп, бүлө күтүп тукумун улантууга куштарлыгын, анын баарына кырчылдашкан кан майданда чекит коюларын элестүү, ишенимдүү, ынанымдуу сүрөттөп берген. Чыгарманын кыйла мезгилден бери актуалдуулугун жоготпой, улут адабиятындагы саналуу классикалык туундулардын катарында окулуп-үйрөнүлүп, иликтенип жатышынын себеби - андагы теманын философиялык маани-мазмунунда.

Абылкасымова тууралуу китеп.
Абылкасымова тууралуу китеп.

Майрамкан Абылкасымова адабиятка ак кызмат кылды. Айрым калемдештерине окшоп утурумдук темалардын азгырыгына кирбеди, жалган атак, жасалма дөөлөт күтпөдү, акындык дүйнөсүн жеңил-желпи нерселерге алмашпай, нукура сүрөткер катары жашап өттү. Эми анын адабий мурасынын экинчи өмүрү башталат, ошонусунун жолу узун болушун каалайлы.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG