Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 18:14

"Обо эне адашкан дүйнөдөн, кандай жан түз жашап, түз өтөт?"


Гүлүмкан Исаева.

Жаш акындардын катарын толуктаган Гүлүмкан Исаева соңку убакта котормочулук менен көбүрөөк алектене баштады. Ал өзгөчө өзбек акындарынын ырларын которууга басым жасоодо. “Азаттык” Гүлүмкандын адабият тууралуу ой-толгоолору, чыгармачылыгы менен тааныштырат.

- Ыр дүйнө эмнеси менен арбап алды? Алгачкы таасирлер качан, кантип ойгонду?

- Мектепте окуп жүргөн кезимен эле адабият сабагына кызыкчумун. Мен элеттин жөнөкөй, карапайым үй-бүлөсүндө чоңойдум, ойлоп көрсөм мектепке окуганга чейин эмнегедир үйүбүздө китептер, журналдар, гезиттер болгон эмес экен. Биздин айыл райондун четиндеги айыл эле, ошол себептен окуганга адабий китептер абдан жетишсиз болчу. Ошол кезде интернет да толук жеткиликтүү болбогондуктан, өкмөттүк китепканалардагы болгон китептерди окуу менен чектелдим. Мектепте акыркы класста окуп жүргөндө, Лейлек райондук "Ата-журт" гезитинин редактору, акын Абдилаат Дооров агайга жолугуп калдым. Кыргызда жакшы сөз бар го "Булакты көрсөң, көзүн ач" деген. Мен Абдилаат агайдан көп нерсе үйрөндүм десем болот. Ал бүгүнкү күнгө чейин чыгармачылыкта кеп-кеңешин айтып келет.

- Ыр жазган талант менен адамдарга кандай кызмат өтөсө болот?

- Өлкөдөгү бүгүнкү экономикалык, саясий шарттарды эске алуу менен жооп берчү болсом, ыр жазган киши бүгүн башкаларга эле эмес, өзүнө да материалдык жактан пайда бере албай келет. Негизги маселе материалдык кызыкчылык эмес. Айтайын дегеним, чыгармачылык, чыгармачыл кишилер бааланбаган заманда жашап жатабыз. Ыр жазган киши менимче окурмандарына, башкаларга руханий жактан гана кызмат кылат.

- Кыргыз поэзиясы дүйнөлүк адабиятка эмнелерди бере алды жана андан эмне ала алды?

- Кыргыз адабияты дүйнөлүк адабиятка Чыңгыз Айтматовду берди. Бул өзүнчө сыймык. А кыргыз поэзиясычы? Кыргыз поэзиясынын чындыгында эле үлкөн акындары бар. Ошол эле Рамис Рыскулов, Табылды Муканов, Сагын Акматбекова ж.б. акындарыбыз. Менимче алардын поэзиясы башка тилдерге которулушу керек. Которулганда гана дүйнөлүк адабий чөйрө тааныйт. Биз дүйнөлүк адабиятты да кыргыз тилинде эмес дээрлик орус тилинде окуйбуз. Бизге көркөм адабий чыгармаларды которуу мобилдүүлүгү керек.

Биз канчалык дүйнөлүк адабият жөнүндө сөз кылбайлы, (муну менен дүйнөлүк адабиятты четке кагып аткан жокмун албетте) кыргыз адабияты сөзсүз окулушу керек. Сөздүн кору "Манас" эпосубуздун өзүндө жатат.

- Кайсы акындардан, адабиятчылардан өрнөк ала алдыңыз?

- Кайсы акындардан өрнөк алдым? Мен өрнөк алган чыгармаларын баалап окуган акындардын көч башында Сагын Акматбекова жана Мадина Тураева, Табылды Муканов, Алым Токтомушев, Рамис Рыскуловду атай алам.

- Котормо өнөрүнүн артыкчылыгы кандай? Эмне үчүн өзбек элинин поэзиясына тартылдыңыз?

Өзбек поэзиясы назиктиги, сезимталдыгы менен жагат. Ошондой сезимтал жакшы ырларды окуп калсам, кыя өтө албай которгум келе берет.

- Башка акын-жазуучуларды окуганда эргүү алгандай эле, котормо да ыр жазган кишиге эргүү берет, тажырыйба берет. Котормосуз адабиятты, анын келечегин элестетүү кыйын.

Мен өзүм "Дивани" адабиятын анан өзбек поэзиясын жакшы көрөм. Биздин айылда өзбек туугандар көп. Кошуна жашайбыз. Узун чачтуу, атлас көйнөк кийген өзбек кыздар менен ойноп өстүк.

Өзбек поэзиясы назиктиги, сезимталдыгы менен жагат. Ошондой сезимтал жакшы ырларды окуп калсам, кыя өтө албай которгум келе берет. Дараметимдин жетишинче айрым авторлордун ырларын которгонго да аракет кылдым.

- Кыргыз адабиятынын келечегин кандай элестетесиз?

- Көп учурда улуу муундун өкүлдөрүнөн "азыркы жаштар окубайт", " азыркы жаштардан чыкпай атат" деген өңдүү сөздөрдү угуп калам. Мен антип ойлобойт элем. Тескерисинче бүгүнкү жаштарда мурункуга салыштырмалуу мүмкүнчүлүк кенен. Тил билүү жагынан да жаштар кыйла алдыда. Орус тили менен катар эле, англис, немис, түрк, кытай тилдери жаштар арасында кеңири колдонулат. Өзүбүздүн адабият эле эмес дүйнөлүк адабиятты окууда, изденүүдө бизде мүмкүнчүлүк жогору.

Тынымсыз изденген, ар тараптуу ой жүгүртө алган жаштар келатат буюрса, кыргыз адабиятынын келечеги али алдыда.

Гүлүмкан Исаева.
Гүлүмкан Исаева.

* * *

Күндөр мени өз чуусуна көндүргөн,

Сен узаксың, сендей узак бир сезим.

Биздин жашта менимче эч күнөө жок,

Көктөмүндөй артта калган күздөрдүн.

Сыр чөйчөгүм сынып калды бир сөздөн,

Балким бала көңүлүмө кеч кирген.

Эми сени кайра берем өзүңө,

Баёо дүйнөм сактады эле эскиртпей.

Тарт тамеки мен үчүн да жаш жигит!

Менде да бар сен көтөргөн жашчылык.

Мени дагы күтпөй кетти бир көңүл,

Сени дагы сүйбөй кетти жаш сулуу.

Дүйнөбүзгө жараат көйнөк кийдикпи,

Ичибизде өлдүбү ээ кара түн?

Сен айласыз тамекиңди түтөтүп,

Мен аргасыз күндөлүкчө жазамын.

(февраль 2019)

* * *

Көңүлгө от салып, муз салып,

Кудурет узактан күзөтөт.

Обо Эне адашкан дүйнөдөн,

Кандай жан түз жашап, түз өтөт?

Ар кимден уктабай кайтарчу

Арзууга эмес ал чек ара.

Келе элек эртеңге чуркабай,

Мен бүгүн жашагым келатат.

Сагабы?

Сага да жол алыс,

Эңсетип жеткирбес, ашыктык.

Деңизден өтүүгө белсенип,

Канчалар жээкте калышты.

* * *

Төрүм бош, эшик ачык.

Түрдүү из кирет-чыгат...

Бир акын күткөндүгүн,

Билеби?

билбейт чыгаар...

Кыялдар алдан тайып,

Эркимдин оозу бошойт.

Экинчи сүйбөйм аны,

Келбесе буйрук ошол.

Тешилип бүттү карек.

Төш кагып, эрдемсине

караанын көз-көз кылып,

Кайрадан келбестир ээ?

Төрүм бош, эшик ачык.

Түрдүү из кирет... чыгат...

Күлмүңдөп жүрсө керек,

Күткөнүм билбейт чыгаар.

* * *

Жакшы ыр жазамын качандыр,

Сезимдер жайышса кулачын.

Көңүлдө эс тартып келатат,

Сүйүүгө али жаш бир акын.

Ким билсин жакшы акын келатат.

Теңирдин бешигин терметер.

Каламбы тагдырдан же менин,

Акындык жүк түшүп желкеме?..

Назым Хикметтен:

Таарынуу

Билесиңби таарынуу не?

Таарынуу бул- чынчылдык,

балалык.

Жалганы жок тазалык!

Таарынуу бул – “Сени сүйөм”,

“Баш тартпадым” дегендик.

Таарынуу – наз,

Сени жакын көргөндүк.

Мен да сага таарындым!..

Таарынганым ачуум дагы, кечирүүм.

Кетпегеним,

Кете албаган чечимим.

Өзүң түшүн мага кымбатсың баарынан.

Мен да сага таарынгам…

Өзбек акыны Гүлжамал Аскаровадан:

Неге сүйбөйсүң мени

Карайласам үн катпас

мен ашыкка. Сен кимсиң?

Оюн көрүп турмушту,

От кече элек дейсиңби?

Сапсары күз кол сунуп,

Санаа тарткан тереңге.

Көкүрөгүң толтуруп,

Ыр арноого келем мен.

Мени гүлдөр жараткан,

Мен - дилдердин актыгы.

Түш көрө элек мени эч ким

Үр кыздан да жакшымын.

Мен уктабай... А сенин

Гүл ойгонот койнуңан.

Сага түшкөн көңүлдүн,

Бүт убалы мойнуңа!

Көрбөй, билбей сезимди

Убал кылчу сен эмес!

Көктөн бери келбеген,

Кудайсыңбы сен эмне?!

Неге?

Неге сүйбөйсүң мени?..

Акын курбума куса

Чын, акын болбодук, жөн гана,

Акынга окшогон бирөөбүз.

Көп болду ашыгып сүйгөндөр,

Биз сүйгөн кишилер сүйбөдү.

Атыбыз ак болсун дедикпи,

Көңүлгө толсо да муң, кайгы?

Кур намыс бийлеген кишиге,

Ашыктык жарашпайт турбайбы...

Акыл да, жүрөк да эм болбой,

Азапка жанашып кетебиз.

Түшүнбөй короду көп жылдар,

Акындык- ашыктык экенин.

Биз акын эмеспиз. Акындык

насиби, бакыты кимдердин?..

Чыныгы ашыктык, ыр үчүн,

Чоң эрдик керекпи? Билбедим...

Жүрөктөр биздин тун балабыз.

Биз аны кыялдан корудук.

Көп тагдыр муунтту баламды,

Энелик!

Жан дүйнөм ооруду.

Өзбек акыны Башорат Отажоновадан:

Сиңдиме

Бизди айыл төрөгөн

Байчечектүү талаалар.

Балалыктан батперек,

Учурганбыз абага.

Алыс учту. Жоголду.

Батперектей балалык.

Кичинекей дүйнөгө,

Чоң шаардан карадык...

Көлөкөсүн бир өпсөк,

Көтөргөндөй төбөгө,

Анык мекен бул- айыл!

Бизди айыл төрөгөн...

Гүлүмкан Исаева 1999-жылы, 11-сентябрда Баткен облусунун, Лейлек районунун Бешкент айылында туулган. Учурда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин, гуманитардык факультетинин социология бөлүмүнүн 4-курсунун студенти.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG