Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Кыргыз поэзиясын өзбек окурманга жеткирген акын


Элмурод Жусупалиев.
Элмурод Жусупалиев.

Драматург, акын, котормочу, «Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын журналисти Элмурод Жусупалиев 50 жашка чыкты. Ал “Жараланган жүрөк”, “Бар экен, жок экен”, “Ревизор” өңдүү көптөгөн пьесалардын, ырлардын, котормолордун автору. Чыгармачылыгы, кыргыз-өзбек адабий алакалар тууралуу сыябан-маек курду.

- Элмурод, бүгүн экөөбүз журналистика эмес, адабият тууралуу сүйлөшсөкпү деп турам. Себеби, драматург, акын, котормочу катары бир топ эмгектерди жаратып койдуңуз. Эки кесипти кантип жанаша алып кетип баратасыз?

- Бул чоң өнөр. Себеби, өзүңүз дагы акынсыз, билесиз, журналистика бул – 24 сааттык конвейер. Адабият көңүлдүн иши да.

Иш учурунда ыр саптары ойго келип калат, бирок, күндөлүк ишиң алдыңкы планга чыгып, адабият артта калып кетет. Бизде адабият тармагы жакшы өнүккөндө мен журналист эмес, адабиятчы болуууну каалайт элем. Адабиятты, чыгармаларыбызды сатуу бизнеси өнүккөн эмес.

Сексенинчи жылдардын аягында отуз секунддук интермедия үчүн телекомпаниялардан 50 рубль алчумун. Элде театрга баруу салты бар эле. 91-жыл “кара жыл” болду. Эгемендик алганыбыз жакшы болду, бирок, беш-алты жыл бою адамдар курсагын эле ойлоп калды да. Рухий дүйнөсү бузулду. Китеп окубай, акындар ыр жазбай койдук.

- Ошого карабай драмадан мюзиклга чейин бир топ чыгармаларды жараттыңыз. Сахналарда коюлуп келатат.

- Ооба, Кыргызстандын, Өзбекстандын театрларында кыргыз, өзбек тилдеринде коюлуп келет. Биринчи пьесам 1995-жылы Бабур атындагы Ош мамлекеттик драма театрында коюлган. Кийинкилери Ташкентте, Анжиянда коюлду, биздин Жалал-Абаддагы Барпы атындагы кыргыз улуттук театрда, Алай элдик театрында коюлду.

- Кош тилдүүсүз, кайсы тилде көбүрөөк жазасыз?

- Мен журналисттик ишимди кыргыз тилинде баштагам. Бирок, адабий чыгармаларды өзбек тилинде жазам. Себеби, кыргыз тилинде жазуу үчүн кыргыз болуу, кыргызча ойлонуу керек, кыргыздын руху керек. Ансыз жазганым кыргыздын жүрөгүнө жетпейт.

- Поэзияда кайсы темага басым жасалат?

- Тема тандабайм. Жакында Өзбекстан илимдер академиясынын тил, маданият жана фольклор институту “Сөздөн мекен курган акын” деген китеп чыгарыптыр. Ошондо “Элмурод бир карасам кылычын алып жоого чыккан патриот, бир карасаң бак түбүндө гүлгө суктанып отурган лирик акын болуп калат, бир карасаң мындан өткөн ашык жок” деп жазыптыр.

- Китептер чыкты беле?

- Азыр үч томум даяр турат. Демөөрчү керек.

- Котормо менен да алектенесиз...

- Мен биринчи жолу Токтогулду окуганда андагы сөздөрдүн төгүлүшү чоң таасир калтырды. Котормо ошондон башталып, кийин Барпыны, Аалы Токомбаевди, Жоомарт Бөкөбаевди, Зайырбек Ажыматовду, башкаларды которуп койгом. Ал өзүнчө китеп болчудай.

Зайырбек Ажыматов мага бир ырын “Которуп бериңиз, Ташкентте бир журналга чыгарган атышыптыр” деп суранды. Ал ырдан тышкары “Падыша эл” деген ырын котордум. “Муну эмнеге бербедиңиз?” десем “Ыр кыргыз эли тууралуу болуп атат. Өзбек эли кандай кабыл алат?” деди. Мен: “Аябай жакшы кабыл алат. Ар бир акын өз элин көккө көтөрөт. Бул сизге болгон урматты ашырат” деген элем.

- Албетте кыргыз-өзбек алакалары терең. Кошуна эл, тектеш тилдер дегендей. Биздин муундагы адабий байланыш алакалары кандай азыр?

- Акыркы эки жылда жанданып калды. Мурда жолдор буулуп, бири-бирине каттай албай калышкан. Жакында Кыргызстан жазуучулар союзунун делегациясы Ташкентке барып, адабий журналдардын кызматташтыгы тууралуу үч тараптуу меморандум кабыл алышыптыр. Мааракелерди өткөрүү боюнча жол картасын иштеп чыгышыптыр.

- Мындан да тыгыз кызматташуу үчүн кандай аракеттер керек?

- Менимче, мамлекеттик деңгээлдеги программалар керек. Азыр биздин жазуучулар союзу айлыксыз, коомдук башталышта иштейт.

- Өзбекстандын адабий тармакка мамилеси Кыргызстандыкынан канчалык айырмаланат?

- Айырмасы аябай чоң. Мисалы, өкмөт Жазуучулар бульвары деген аймакта жаңы имарат куруп берди. Мындан тышкары үйү, жери жок союзга мүчө болгон жаштарга үй берип, китептерин чыгарып берип атат.

Дагы бир жагы, канчалык туура билбейм, бирок Мирзиёевдин демилгеси менен мектеп мугалимдеринен акимдерге чейин милдеттүү түрдө жок дегенде айына бирден китеп окуу милдеттендирилген. Ошентип, китеп сатуу бизнеси өнүгүп кетти. Мурда бизге окшоп миң нускадан чыккан китептер азыр 15 миң нускага чейин жетти. Мындай күчкө салууну кээ бирөө зарыл дейт, кээ бирөө авторитаризм дейт.

- Элмурод, кайсы жанрда көбүрөөк иштейсиз: поэзиябы же драматургиябы?

- Драматургия. Драматургияда мүнөздөрдүн кагылышы, курчтук, образдар... Бир чыгарма жазгым келип калса каармандар түшүмө да кирип чыгат. Драматургиянын күчү бар.

- Ийгилик каалайм!

Элмурод Жусупалиев менен маекти толук аудиодон уга аласыз.

Жусупалиев: Чыгарма адамдын жүрөгүнө өз тили менен жетет (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:31 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG