Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Сөз жеткен жүрөктө мерездик болбойт


Жаш акын Мелис Маматжанов
Жаш акын Мелис Маматжанов

2010-жылдардан кийин адабий коомчулукка дагы бир жаңы муун, жаңы топ келгени байкалды. Алардын катарында калеми төшөлө баштаган, өз окурмандарын таап келаткан жаш калемгер Мелис Маматжанов да бар.

- Ыр дүйнө деген сиз үчүн эмне? Окурманга кандай сүрөттөп берет элеңиз?

- Дүйнө деген сөздүн өзү тереңдикти, кенендикти туюнтат. Демек, ыр дүйнө деген - чек арасыз сезимдердин эркиндиги. Бир чекитте турбай, элеп-желеп чуркаган дүйнө. Бир эле мезгилде ырахаты, бир эле мезгилде азабы бар. Ырахаты азап, азабы ырахат берет. Реалдуу турмуш чындыгы менен жомоктой кыялдардын айкалышы дээр элем. Көөдөнүңдө бир адам тынчтык бербей жаткандай. Поэзия бир эле учурда көлдөй терең, тоодой бийик, кыштай ызгаар, жайдай аптап, кыздай наздуу, жаздай сырдуу. Демек, сыйкырдуу арал десем жаңылышпайм.

Ыр дүйнө деген - чек арасыз сезимдердин эркиндиги. Бир чекитте турбай, элеп-желеп чуркаган дүйнө. Бир эле мезгилде ырахаты, бир эле мезгилде азабы бар.

- “Акынга тагдыр керек” деген сөзгө сиздин көз караш?

- Бул сөз туура. Адам баласы качан гана эмоциясы чыңалганда (кайгырганда, кубанганда) сезимдери дүрбөлөң түшөт. Акындар дал ошол сезимдерди ырга айланта алгандыгы менен айырмалуу. Жараткан шыбага берип, мыкты талант болуп, тагдырың чөк таштай төп келип турса, “акылдуу” ырларды эле жазуусу толук мүмкүн. Анткени жаралуу жериңди тырмаганда гана катуу үн чыгат. Тагдыры бар акындарды бул жашоо кыйнаса да, поэзия төргө өткөрөт. Мисалы, Алыкул Осмонов, Турар Кожомбердиев, Табылды Муканов, Тургунбай Эргешовдун ырларында жашоонун муңу, турмуштун жүгү, жүрөктүн ыйы жаңырып турат. Мүмкүн алар бакыттан, сүйүүдөн, аялдан баар тапканда тирүү ырлары жаралбай калат беле...

Мигранттык күндөрдөн чыйралган акын

- Мигранттык турмушту да баштан өткөргөн жайыңыз бар. Чыгармачылыгыңызга кандай таасири тийди?

- Мигрант болуп Москва жергесинде бир топ убакыт иштеп калдым. Бирөөнүн жери сени кучагына батырат беле!? Бардык мигранттардын жолу, изи окшош сезилчү. Таң атпай жумушка, жумуштан кайра үйгө (уктаганы гана). Жашоонун ушул чийген алгоритими аркылуу жашайсың.

Дал ушул учурда поэзияга баш-отум менен кирип кеттим. Атайын жумуш үстөлүмө дептер, калем коёт элем. Эргүү келсе ишими токтотуп жаза калам. Ырым бүтпөй калса, 16 саат иштеп, чарчап келгениме карабай, түнү менен ыр жазган күндөрүм болду. Дал ошол учурларда параллель дүйнөдө жашагандай сезчүмүн. Көп ырларым бир дем менен жазылды. Азыр ойлосом анда эргүүнүн толкуну болгон окшойт. Канчалык жараткан берген шыбагага аяр мамиле жасасаң, ыр үчүн жашасаң, поэизия да сага сөзсүз жообун берерине ишендим. Мигрант турмушу менин өмүрүмдө бир чети кусалык, сагыныч, мээрим, мерездик менен эсимде калат...

- Бүгүнкү күндө поэзияга болгон элдин кызыгуусу канчалык?

- Доор бүгүн миссиясын алмаштырып жатат. Санарип дүйнө өзүнүн сөзүн айтууда. Аалам алаканга чогулууда. Маалымат таштандысы каптап турган учурда поэзиянын орду кандай болуу керек? Азыркы коом чыныгы ырды талдап, аны сиңире алабы. Жаштардын сөзгө болгон табити кандай? Ырды электен өткөрүп окушабы? Көрдүңүзбү суроо көп, жооп - ар түрдүү. Коом бүтүндөй агарганда, бирдей аң-сезимде ой жүгүрткөндө бул суроолордун мааниси жоголушу мүмкүн.

Ал эми бүгүнкү күндө окурман менен социалдык тармактар аркылуу байланыш түзүлүүдө. Пандемия шартында онлайн поэзия кечелери өтүп жатат. Бул жакшы саамалык. Демек, окурмандар да социалдык тармактарга өттү, ооду. Кандайдыр бир деңгээлде окурмандардын катмары калыптанып калды. Акындар үчүн да дүйнөлүк адабият менен таанышууга, чет өлкөлүк жазмакерлер менен баарлашууга ыңгайлуу аянтча түзүлдү. Элдин кызыгуусун эми жазмакерлер мыкты ырларды жаратуу менен арттыралы.

- Коомду өнүктүрүүдө, агартууда акындардын ролу кандай?

- Адабияттын негизги предмети - адам. Демек, коомдуу агартууда адабияттын салымы чоң. Анын бир бутагы катары акындардын милдети зор. Элдик фольклорду карасак: Эшмамбет, Токтогул, Жеңижок акындар санат-насыят ырлары менен азыркы мугалимдердин милдетин аткарышкан. Кийин согуш учурунда акындар жоокерлердин деми болгон. Эгемендүүлүк учурунда гана ар бирибиз өз арабабызды тартып кеттик. Акындар элдин көөдөнүн тойгузгуча курсагын тойгузуп жүрдү. Чын эле ачкачылык күчүндө болду. Ал замандын эпкини бизге да тийди. Эми гана эл курсагы бир аз болсо да тоюп, жыртылган кийими бүтөлүп, жан дүйнөгө көңүл бөлө баштады. Олку-солку 90-жылдарда толук билим ала албай калган муундун өкүлдөрү негизги күчкө айланып калышты. Ал ортодо идеология издеп жүргөн кыргыздарга башка өлкөнүн тыңдары “жем чачып” кетишти. Кимди ээрчигенди, кимге биригүүнү билбей калдык. Куюн-чапкын болгон саясаттын деми дале басыла элек. Мындан келип жазуучу, акындардын милдети коомдогу жүрөктөрдү агартууга арналышы керек. Сөз жүрөктөргө жетсе ал жүрөктөрдө мерездик болбойт...

- Жашап жазылган ыр менен жасап жазылган ырды кантип айырмаласа болот?

- Жасоо деген сөздүн өзү “атайын”, “милдеттүү түрдө” дегенди туюнтуп турат да. Айырмасы робот менен адам баласындай эле го. Ыр жазып улуу жолго аттандыңбы, демек, жоопкерчилик менен мамиле жасоо керек. Поэиянын жүгү оор болот. Бир ырды беш жыл жазган учурлар болду. Канча саптардын тагдыры отто калды. Менимче, жакшы ыр жаза албай жаткан учурда тыныгуу керек. Жашаш керек. Поэзияда эң коркунучтуусу - бирөөнү кайталап калуу, ошондой эле өзүңдү өзүң кайталап калуу. Ошон үчүн жасап жазылган ырлардын өмүрүн кыйбай, аз болсо да саз жазалы.

Адырым

Азыр кечтим жыңайлак турпагын, ай,

Амансыңбы, төрөлгөн кыштагым, ай.

Маңдайымда үйүмдүн дөңчө турат,

Боюнда бар айымдын курсагындай.

Тыңшап уктайт чөбү да жамгыр ырын,

Төлгөсүндөй таштары тагдырымдын.

Кыйма – чийме жолдору түшүп турат,

Бырыш болуп бетине адырымдын.

Күч-кубаты жуурулуп демге бүткөн,

Калдай болуп сезилет жерге бүткөн.

Койлор оттойт алыстан караганда,

Кайноолудай күбүлүп жерге түшкөн.

Мезгил – шамал токтобойт жарышам, ээ,

Балалыкка баралбай алышам, ээ.

Кусаланып жүргөнчө бөтөн жерде,

Кучагында адырдын карысам не?

Ырларыма түшүрүп саймаларын,

Тирүү кезде көркүнө байланамын.

Сендигимди далилдеп көз жумганда,

Сенин да бир дөңчөңө айланамын.

Апакемдин алмасы

«Амансыңбы, айланайын кичинем,

Алаксытып койдум бекен ишиңен.

Эмне берип жиберейин?» - дегенде,

«Мээримиңиз керек» деймин ичимен.

Күйпөлөктөп кыйшык байлап жоолугун,

Күндө эстеп жатса керек жоругум.

Дүйнөдөгү таттуулардын ичинен,

Наныңыздын даамын таппай оорудум.

Салганыңыз келди жарып булутту,

Сезимиме чачылгандай тунук суу.

Өмүрүмдү узартчудай сезилди,

Өрүк кагы, таза балы, куруту.

Сагынычтан көтөрүлүп кан басым,

Суусаганда жуткум келди жармасын.

Апакемдин тийген үчүн колдору,

Айылымдын жуубай жедим алмасын.

Жаш акын Мелис Маматжанов
Жаш акын Мелис Маматжанов

Конок кыз

Конок болуп сен айылга келгенде,

Көлөкөмдү сыйдыра албайм кең жерге.

Катыгүн ай, чай салганды унутам,

Коломтодо сууну алып демдээрде.

Тууганыңдын келген сайын үйүнө,

Теректер да тосуп алат жүгүнө.

Тиктеп туруп кирпигиңди какканда,

Тазарат, оо, айыл эмес дүнүйө.

Сүйүүм таза актыгындай чынынын,

Соолуктурат дене бойду кылыгың.

Чакасына сузуп алса экен деп,

Сууга таштайм жүрөгүмдүн сыныгын.

Чечилбеген теңдемедей баш катып,

Жүрөгүмдү “шоопур” кылдың башкартып.

Корком, корком кокусунан эмкиде,

Келбесе деп, ак жоолугун пас тартып.

Күндөр өтүп, күйгөн шамдай өчөрбүз,

Көкүрөктө ойлор толду көтөргүс.

Колунду бир сунчу мага конок кыз,

Конок болуп биз да өмүрдөн өтөрбүз.

Маматжанов Мелис 1992-жылы 11-январда Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында төрөлгөн.

2015-жылы Ош гуманитардык-педагогикалык институтун кыргыз тили жана адабияты мугалими адистиги боюнча бүтүргөн.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму уюштурган республикалык “Беш акын” долбоорунун жеңүүчүсү;

“Апакемдин алмасы” аттуу поэтикалык ыр китептин автору.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG