Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Анатолиянын жана үмүттүн акыны – Ахмед Ариф


Түркиялык акын Ахмед Ариф (1917–1991).
Түркиялык акын Ахмед Ариф (1917–1991).

Поэзиядагы үнүн, стилин, символду колдоно билүү ыкмасын Анатолиянын элдик оозеки чыгармаларынан, дастандардан, түркүлөрдөн таасирленген белгилүү түрк акыны – Ахмед Ариф (19271991) өзүнүн көркөм поэтикалык табылгаларын фольклор менен гана чектелбей, анын алда канча тереңинен издеп табат. Өз мекенинде туткун болуп жашаган, “кусалыктан кишендер эскирткен” акындын таржымалы менен Бакай Алмаз тааныштырат.

“Айтылгандарга караганда, 1927-жылы апрель айынын 21-күнүндө Диярбакырдагы Йагжы көчөсүнүн номур жетинчи үйүндө төрөлүптүрмүн. Мындайча айтканда, жайкы жана кышкы бөлмөлөрү, кенен короосу, бакчасы бар өз мезгилинин кадимки эле көнүмүш Диярбакыр үйлөрүнүн биринде.

Башталгыч мектепти Диярбакырдагы Сиверек мектебинде окудум. Орто мектепти болсо Урфадан аяктадым. Андан соң Афйон жатак лицейинде окудум.

Билим алган жылдарымдагы эң эле таланттуу, тайманбас, март, эң билимдүү балдар ошол лицейде эле. 1943-жылы болушу керек... Ашып барса 16-17 жаштамын. Токтоосу жок ыр жазмай. “Тандалма ырлардын букети” деген ат менен каптамалуу кагазга басылып чыккан бир журналга. Бир беттин сол жак башында – Нейзен Тевфик (акын, 1879–1953, Стамбул – автор), оң жагында – Ахмед Ариф.

Арийне, мен ал кезде Нейзен Тевфиктин небереси куракта же андан да кичүү элем. Журналдан 10 түрк лирасы калем акы келип турат. Эми ойлоп көргүлөчү, атам мага айына 5 түрк лирасын гана жөнөтө алат. Андыктан, 10 лира анда оңбогондой чоң акча эле”, – деп баяндайт акын өз жашоосун.

1950-жылы Ахмед Ариф Анкара университетинде Философия бөлүмүндө окуп жүргөн кезинде башаламандыкка аралашты деп айыпталып, камакка алынат. 1952-жылы жашыруун уюм түзгөн деген жүйөө менен кайрадан кармалып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылат.

Жаза мөөнөтү бүткөндөн соң Анкара шаарында газета жана журналдарда техникалык кызматкер болуп эмгектенет.

1967-жылы Айнур Өнал менен турмуш куруп, 1972-жылы Филинта аттуу уулу жарыкка келет. Интервьюларынын биринде ал өз кубанычын минтип бөлүшөт:

Жашоомдогу эң кубанган күнүм – ата болгон күнүм. Ишенесиңерби, ашык-кеми жок 2 жыл уулумдун күбөлүгүн чөнтөгүмдө алып жүрдүм. Чөнтөгүмдө жүргөн капчыгым дүйнөдөгү эң бай капчык сезилер эле. Уулум төрөлдү. Уулум, дүйнөнүн эң кооз көгүчкөнү... Дүйнөнүн эң кудуреттүү куралы”.

Эң алгачкы ыры “Миллет” журналында жарык көрөт. Чыгармачылыкка баш-оту менен киришкендигин 1948-1954-жылдар аралыгында "Жер жүзү" (“Yeryüzü”), "Биргеликте" (“Beraber”), "Тандалган аңгемелер" (“Seçilmiş hikayeler”), "Жаңы таңдар" (“Yeni ufuklar”), "Булак" (“Kaynak”) журналдарына жарык көргөн ырлары менен айгинелейт. Анын артынан узак мөөнөткө чыгармачылыктан алыстай түшөт.

Тасма. Ахмед Арифтин "Анатолия" (Анадолу) ыры. Түрк тилинде.

Акындын "Анатолия" (“Anadolu”) ырынан:

Бешиктер бергенмин Нухка,

Селкинчектер, гамактар (асма тор),

Обо энең кечээги ымыркай болор,

Анадолумун мен,

Тааныйсыңарбы?

* * *

Көрчү, кайрадан жаралышымды,

Намыстуу, жапжаш колдоруң менен.

Кыздарым,

Уулдарым бар келечекте,

Ар бири садагасы аалам тиреги.

Сан миң жылдык кусалыгым көктөмү,

Көздөрүңдөн,

Көздөрүңдөн өбөйүн,

Жалкы үмүтүм сенде,

Түшүнгөндүрсүң?

1968-жылы анын “Кусалыктан кишендер эскирттим” ("Hasretinden Prangalar Eskittim") деген көзгө басар ыр жыйнагы жарык көргөндө адабият айдыңына болуп көрбөгөндөй жаңырык менен кирип келет. Китеп жарык көргөндөн кийинки 12 жылда катары менен 18 жолу кайрадан басылып чыгат.

Орхан Велинин таасири араандай жүрүп турган мезгилде ыр жазып баштаган Ахмед Ариф жазуучу, акын, коомдук ишмер Назым Хикмет (1902--1963) чыйыр салган жолдо жүрүүнү улантат. Андан алган поэтикалык көркөмдүктү Анатолияга болгон сезими жана сагынычы менен кеңейтет.

Ырлары көбүнесе түркүлөрдүн (өлөңгө жакын элдик ырлар) таасиринде жазылгандай көрүнгөнү менен элдик табылгалардын касиеттерин андан да тереңирээк изилдейт.

“Кусалыктан кишендер эскирттим” китеби жөнүндө акындын минтип эскергени бар:

Муну айткан деги эле туурабы, билбейм. Мен үчүн өзгөчө сезимтал, жекече бир окуя, эми эскерме болуп калбадыбы. Китебимди “Чар тарабым – сойку жыйындысы” деп атаган элем, бирок мени бир тууганым токтотуп калды. “Китебиңе мындай ат берүүгө укугуң жок, сени 15 жаштагы балдар, кыздар Кудайындай сүйүп окушат. Сен муну менен буржуазиянын тузактарын айтып жаткандырсың, бирок сени окуган жаш балдарга сый-урмат көрсөтүшүң керек. Бул аталыш менен, жадакалса, ырыңды да атабай эле кой, ырыңдагы бир сап бойдон кала берсин. Ойлонуп олтуруп, бир тууганымдын айтканын оң көрдүм. Андай болсо, китебимдин аталышы “Кусалыктан кишендер эскирттим” болсун деп чечтим”.

Түркиялык акын Ахмед Ариф (1917–1991).
Түркиялык акын Ахмед Ариф (1917–1991).

Ахмед Ариф – заманбап түрк поэзиясынын алдыңкы социалисттик реалист акындарынын бири катары поэзиянын бул түрүндө өзүнө таандык стили, элдик оозеки курамдарга кайрылышы жана салттуулук менен байланышы жагынан алып караганда өзгөчө, өзүнө гана таандык көркөм нук жараткан акындардын сап башында турат.

Айрыкча 1940-жылдардын мууну катары айтылып жүргөн, аны менен катар Назым Хикметтин “таасиринде” калган солчул реалист муундун ичинде жетилген Ахмед Ариф ошол кездеги башка социалисттик реалист акындардан көп жактан алып караганда өзгөчөлөнө алган акын болуп эсептелет.

Ахмед Ариф өзү менен замандаш акындар менен тең катар эле авангард акын Назым Хикметтен таасирленгени менен, анын көзгө урунган өзгөчөлүгү – курулай кайталоо, эскини туурап жазуудан өзүн ыраак кармоого жетишкендигин жана өз үнүн, стилин жарата алган дараметин баса белгилеп айтып өтүүгө тийишпиз.

Акындын новаторлук жетишкендиги өзү туулуп өскөн чөйрөнүн фольклордук табылгаларын, тилдик жана диалектилик айырмачылыктарын заманбап поэзияга ылайыкташтыра алгандыгында эле.

Ошондой эле ал өз ырларында кадимки сүйлөө речин болгонун болгондой натуралдуу колдонуу менен ой-туюмун жеткире алгандыгы, окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапкан жылуу, чоочун эмес айтымдардын кездешүүсү бири-бирине түспөлдөш курулай баяндамалардан, чакырык-ураандардын чеңгелинен чыга албаган замандаштарынан айырмалап турган.

Ырларында балалык, жаштык чагы, абакта өткөн жылдары сыяктуу биографиялык деталдардын камтылышы элестүүлүктү арттырып турат. Акындын жай турмуштагы сүйлөө речинин чыгармалары менен жуурулушуусу табигыйлыкты дагы да кеңейтип, окурмандарды өзүнө тартып турат.

Кабарың барбы, таш дубал?

Кабарың барбы, таш дубал?

Темир каалга, сокур терезе,

Жаздыгым, керебетим, чынжырым,

Эчен жолу өлүм менен бетме-бет

тирешүүгө мажбур кылган –

койнумдагы куу баш сүрөт,

Маектешим жашыл пияз жөнөтүптүр,

Чеге гүл жыты аңкыйт тамекимден

Тоолоруна жаз келиптир айылымдын…

Анын ырларында Анатолиянын түштүк-чыгышында жашаган кишилердин жашоосунан алынган көрүнүштөр даана байкалып турат. Акындын Анатолияны жана анын адамдарын “өлгөнчө” сүйөрүнө күбө болобуз.

Ал элдик түркүлөрдүн, оозеки сөз айкаштардын жардамы менен туулган жерге болгон сүйүүсүн жүрөккө жеткире чагылдырып берет.

Абакта өткөн күндөрү жөнүндө: “Мен жакта жаздын эпкини деле болчу эмес. Себеби, туюк бир жер, чынжырлуу... Өзү эле айтып турбайбы – темир тор... Тек гана бир керебет батат. Анын алдында отуз сантиметр чыгып-чыкпаган гана боштук бар” (Дурбаш, 2009:93) дейт.

Туткунда жүргөн учурда дагы акын туулган жерине болгон кусалыгын ырдап, жалгыздыгын бөксөрткүсү келет. Чынжырлуу жашоосун туулган жерине болгон сүйүүсү, сагынычы менен чырмалыштырат. Тамекисинин түтүнүн ичине тартып, жашыл пияз менен эртеңдерге болгон үмүтүн жаңылайт.

Ахмед Арифтин ырлары көп жагынан Чыгыш мотивдерин камтып турат. Бала чагы жана жаштык кези өткөн Диярбакыр, Шанлыурфа сыяктуу Анатолиянын эки байыркы калаасына таандык табылгалар, дастандар, түркүлөр, көчө тили, жаргон, сөгүнүү сыяктуу деталдар анын көп ырларында “оозеки” стилде чагылдырылат.

Тасма. Ахмет Арифтин "Ай караңгы" ("Ay Karanlık") ыры.

Ай караңгы

Көгүлтүр

Көгүлтүр тартат көздөрүң,

Жалт жанган от көгүлтүрүнө.

Ызгаарда бейбаш,

Көзүм көр, керең болсом,

Сени деп гана соксо жүрөгүм,

Жолу жок наадан болсом,

Кыял да, жан да меники,

Элге, журтка эмине?

Кана кел,

Ай караңгы...

Жаштык кезинде жазылган ондогон ырлардын көпчүлүгү сакталбай калган. Мунун себебин ал минтип баяндайт:

“Дептерлерде толгон-токой ырларым боло турган. Түнүчүндө 8-10 бет жазар элем. Арийне, жакшысы бар эле, жакшы эмеси... Ар бири ар башка кыздарда калып кетти. Ал эми бир даары полиция кызматкерлеринде калды... Кайтарып ала алган жокмун, беришпейт тура...”

Арифтин дагы бир өзгөчөлүгү ырларды жарыялабастан көп күттүргөндүгүндө эле.

“Мен ырларды узак күттүрөм. Мисалы, азыр жыйырма жылдан бери кол тийе элек ыр бар. Тура берсин, ширеси чыга берсин... Бир жеринен такалып калган болуум керек. Ошол жерге ылайыктуу, жарашыктуу бөлүм табылганга чейин күтө берсин. Себеби, баш жагы жакшы, ортосунан бир жери кунарсыз, эптемей иш болбосун... Мен буга аябай кылдат көңүл бөлөм.

Көгүлтүр

Көгүлтүр тартат көздөрүң...

Бул эки сап, балким, он жыл эмес, дагы да көп, дагы да көбүрөөк күттү”.

Акындын ой-туюмунда жашоо менен ыр киндиктеш. Чыныгы жашоодо болбогон нерсенин ырда да орду жок деп эсептейт. Арийне, бул сөз акындын курулай өмүр баяны менен гана чектелип калгандыгын айгинелебейт. Анын жашоосу саясий көз караштары жана өзү жашап өткөн Анатолия чөлкөмүнүн кылт этпей миңдеген жылдар бою уланып келе жаткан таржымалы менен шөкөттөшө жуурулушкан.

Ариф ырды: “Махабат, кусалык, уруш, согуш, ынтымак, козголоң, кыжырдануу, төңкөрүш, көтөрүлүш, молчулук, берекет, жокчулук, эзилүү, тонолуу, зулум, эркиндик, адилеттүүлүк... Кыскасын айтканда, кадимки жашоо. Айрыкча менин ырларымда бул көрүнүш басымдуу келет” (Шекер, 1997:47), - деп сүрөттөйт.

Мында айтайын деген ою, албетте, реалдуулук жөнүндө экендиги талашсыз. Ушул ракурстан алып караганда, Ахмед Арифтин ыры жүрөккө жакын, өзүнүн сөзү менен айтканда “калпы жок” ыр.

Бакай Алмаз,

адабият таануучу, блогчу.

Бакай Алмаз, блогчу.
Бакай Алмаз, блогчу.

Колдонулган булактар:

  1. Dr. Mehmet Emin. Uludağ “Ahmet Arif’in Şiirlerinde Anadolu Sevgisinin Yansımaları”, 2013, 203-210;
  2. Yusuf Aydoğdu “Ahmed Arif’in Şiir Anlayışı ve Gelenekle İlişkisi”, 2020, Anemon Muş Alparslan Üniversitesi Sosyal Bilimler Dergisi 2020 8(4)
  3. «Korkusuz ve sevdalı bir yürek işçisi: Ahmed Arif»: https://www.fikriyat.com/edebiyat/2018/04/22/korkusuz-ve-sevdali-bir-yurek-iscisi-ahmed-arif
  4. Sinan ERDOĞDU “AHMED ARİF”: https://www.tunaydingazetesi.com/makale/250/ahmed-arif/
  5. Saadet Firdevs Aparı “Hasretin şairi: Ahmed Arif”: https://www.aa.com.tr/tr/kultur-sanat/hasretin-sairi-ahmed-arif/1860640
  6. Ali Şener «Ahmed Arif Kimdir? İşte Ahmed Arif'in Hayatına Dair Bilmeniz Gereken 25 İlginç Bilgi»: https://onedio.com/haber/ahmed-arif-in-hayatina-dair-bilmeniz-gereken-25-ilginc-bilgi-500353

XS
SM
MD
LG