Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:37

Айтматов - түрк дүйнөсүнүн жылдызы


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Чыңгыз Айтматов тууралуу түркиялык акын Ибрахим Түркхандын эскерүүсү.

«ЫСЫК-КӨЛДҮ САГЫНУУ»

Кыялымда ак куу болуп,

Учуп жүрөм көл үстүнөн.

Көк асмандын мейкининде,

Балык сымал эркин сүзөм.

Алыс кетсем, куса болуп,

Сагынам салкын төрүн.

Алтын көлүм, Ысык-Көлүм,

Сагындым мен толкун көркүн.

Байыркынын, бабалардын,

Сөзү калды көл бетинде.

Балалыгым эстен чыкпайт,

Изим калды көл четинде.

Кыялымда учуп барам,

Бийик чокунун үстүнөн.

Кылым карып, кырлар ашкан,

Кыргыз көлү чөкпөсө дейм.

Ушул ырдын обону композитор Муратбек Бегалиевге таандык экенин айтканыбыз менен сөзүн Айтматов жазганын билбегендер бар.

Кааласаңыз, мен Айтматов менен кантип таанышканымдын таржымалын айтып берейин.

1990-жылы, Түркияда университеттин 1-курсунда окуп жүргөн кезимде стипендиям колума тиери менен бир нече китеп сатып алаар элем.

Бир жолу адатымча китеп дүкөнгө барып Чыңгыз Айтматов аганын китептерин көрүп калдым. Бирөөнү алып окуп, аябай таасирлендим. Кийинки айда бардык китептерин сатып алдым.

Айтматовдун китептери аркылуу Орто Азия чөлкөмүн тааныдым, бул чөлкөмдүн маданиятына кызыга баштадым.

Ага чейин түрк дүйнөсүн иликтеген Явуз Бүлент Бакилер деген түркиялык акын жана жазуучунун Орто Азия жөнүндө эки китебин окугам. Ошол эки себеп менин Ала Тоого сапар тартышыма түрткү болду. 1992-жылы Айтматовдун ааламын тааныш үчүн Кыргызстанга келдим.

Ошентип, Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуй баштадым.

Кыргызстанда жашап, Караколдо окуп жүргөндө гезиттерге, журналдарга чыгармаларды которуп, макала жаза баштагам. Бирок Айтматов агай жөнүндө толук маалымат таба алган жокмун. СССРдин саясатынан уламбы, китептеринде анын өмүр баяны тууралуу кеңири маалымат берилбептир.

Баса, сааты келип турганда бир нерсени ачык айтайын. Ал кезде мен Айтматовду бул дүйнө менен кош айтышса керек деп ойлоп жүргөм.

Көп учурда автордун чыгармалары анын көзү өтүп кеткенде бааланат эмеспи. Мен ошол ойго бекем ишенип алсам керек.

Ошентип 1995-жылы Манас Атанын миң жылдык мааракесине байланышкан иш-чаралар эл аралык деңгээлде, шаан-шөөкөт менен айтылуу Каркыра жайлоосунда да өтүп калды. Ага мен да тааныштар менен бардым. Ошол күнү жайлоо «Манас» эпосундагы Көкөтөйдүн ашынан кийин эң көп чогулган элди кабыл алгандай сезилди.

Ибрахим Түркхан.
Ибрахим Түркхан.

Мааракеге чет мамлекеттерден келген кадырлуу коноктор, мамлекет башчылар да катышкан. Кусейин Карасаев баш болгон кыргыз элинин аттуу-баштуулары жүрүштү. Ал киши менен мурда таанышкан элем.

Чыңгыз Айтматовду ошол жерден көрүп аябай таң калдым. Бир чети тирүү көргөнүм үчүн төбөм көккө жетти.

Кусеин Карасаев менен Чыңгыз Айтматов XX кылымда «Манасты» кагазга көчүрүү ишине зор салым кошкон инсандар эмеспи.

Каркырада жазуучуну көргөндөн кийин аны менен жолугууну самап калдым. 1997-жылы Бишкекке келип, гезитте иштеп калдым. Декабрь айы эле. Бир күнү: «Бүгүн кечинде, бир кечеге барабыз. Ал жерде Ч. Айтматовдун «Балалыгым» деген китебинин бет ачары болот. Түркиядан келген журналисттер болуп аны менен маектешебиз. Сен бизге котормочу болосуң» деп чакырып калышты.

Бир чети катуу таң калып, экинчи чети катуу сүйүндүм. Жазуучуга котормочу болорума ишене албай апкаарып турдум.

Кечинде иш-чара өтө турган залга бардык. Китептин бет ачары бүткөндөн кийин маектешүү үчүн Айтматовго жолуктук.

Бир канча жыл мурда Түркиядан китеп аркылуу таанышкан, мага Орто Азиянын жана Кыргызстандын каалгасын ачкан, чыгармалары аркылуу кыргыздарга туугандык сезимди ойготкон, атагы таш жарган жазуучу маңдайыбызда турду!

Конок катары келген журналисттер суроо берип, Айтматов жооп кайтарып, мен которуп жаттым. Зор чыгармалардын автору болгону менен Айтматовдун жөнөкөйлүгү, ак көңүлдүгү, сылыктыгы, орду менен сүйлөгөнү кыргызча билбеген адамды да өзүнө тартарын байкадым.

Айтматовдо советтик адабиятчыларга таандык менменсинүү жана текеберлик, чытылган кабак жок эле. Тескерисинче, бардык адамдарга күлүмсүрөп, бардыгына жакшы мамиле кылган кең пейилдүү инсандын портрети эсимде калды.

Чыңгыз агайдын сөзүн которуу да жеңил экен. Бир аз түркчө сөздөрдү да кошуп сүйлөп жатты.

Бир маалда бир журналист адабияттагы постмодернизм агымы тууралуу суроо узатты. Бул сөздү биринчи жолу ошол жерден укканым үчүн кичине такала түштүм. Бирок Айтматов мени күтпөй эле суроого жооп бере баштады. Ошентип, кыргыз элинин чыгаан уулу, дүйнөнү дүңгүрөткөн Айтматов менен биринчи жолу жолугуп кеткенбиз.

1999-жылы Түркияга кайтып бардым. 2000-жылы Стамбулга жакын Адапазары шаарында иштеп калдым. Бир жолу туугандарыма учурашуу үчүн Стамбулга баргам.

Түркияга келгенден кийин Кыргызстанды сагынып, капа болуп жүргөм. Көңүлүм көтөрүлөбү деген ой менен Стамбулдагы Эюп борборуна, Мухаммед пайгамбарды конок кылып, кийин ушул шаарда көз жумган Азирети Эюптун күмбөзүнө зыярат кылмай болдум.

Ага бараткан жолдо Фесхане аттуу Осмон империясынан калган имаратта китеп көргөзмөсү өтүп жатканын көрүп кире калдым.

Ал жерде кыргыздар, мен окуткан балдар да бар экен. Көрсө Айтматов агай ошол жерге келиптир. Мен да эл катары кезекке туруп, китепке кол тамга алыш үчүн агайдын мандайына басып бардым. Адегенде салам берсем, башын көтөрүп: «Сен бул жерде эмне жүрөсүң?» деп акыбалымды сурады.

Жылына балким миңдеген адамдар менен жолуккан агайдын бир жолу котормочу болгон адамды унутпаганына тан бердим. Ал күнү убактысын албайын деп кетип калдым. Азирети Эюптүн күмбөзүнө барып дуба кылган соң үйгө жөнөдүм.

Айтматов менен андан кийин бир-эки жолу жолуккан учурлар болду. Бирок алар жалпы программанын айланасында болгондуктан, отуруп кенен-кесир сүйлөшө алган жокпуз.

2003-2004-жылдары Стамбулда бир басмаканада иштеп калдым. Айтматов агайдын кээ бир китептери ушул жерде басылган.

Айтматов агай кээде басмакананын иш-чараларына катышып кетчү. Бир жолу, Түркиядагы эң чоң арал Гөкчеада мэриянын чакыруусу менен, эл аралык кино фестивалына катышканы бардык. Чыңгыз Айтматов кеченин ардактуу коногу болду.

Мен анын китептерин көргөзмөгө коюш үчүн баргам. Биринчи күнү кечинде, Айтматов агай эл алдында сүйлөдү. Азербайжандан келген бир жазуучу котормочу болду. Кыргызча билгеним үчүн сүйлөмдөр жетиштүү которулбаганын байкадым. Айтматов агайдын айткандары элге толугу менен жетпей жаткан.

Эртеси күнү «бизге кыргызча билген киши керек» деп мени чакырышты. Котормо элге жетпей жатканын сезиштиби же азери жазуучу өзү сурандыбы, айтор мен эл менен жазуучуга көпүрөлүк милдетти аткармай болдум.

Чыңгыз Айтматов конферанцияда сүйлөгөнгө даярданып жатыптыр. Ошентип кезеги жеткенде сахнага чыкты. Мен ар бир сөзүн которо баштадым.

«Ушул аралга келгенде өзүмдү «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» романымдагы жээкте жүргөндөй сездим. Арал укмуштай кооз экен. Кийин дагы келип, ушул арал жөнүндө бир чыгарма жазсам болчудай», - деп бир топко чейин сүйлөдү. Айткандарын которуп жатсам, улам мени токтотуп: «Ибрагим, жакшылап которуп жатасыңбы, үлгүрбөй калган жоксуңбу?! Сөзүмдү элге жеткире жакшы котор», - деп суранып турду.

«Кам санабай сүйлөй бериңиз, агай» деп которуп жаттым. Ошентип, кол чабуунун коштоосунда сахнадан түшүп кеттик. Кечинде, Гөкчеанын салкын кечинде, жээктеги китеп сатуучу кеңседе кайра жолуктук. Бир аз баарлашып, кол тамга алып коштошконбуз. Кызыгы, өзүмдүн атымдан кол тамгасы бар китеп албай калыпмын.

Андан кийин да кездешип, кыска болсо да жүз көрүшкөн учурлар болду.

2008-жылы июнь айында Германияда көзү өткөнүн укканда атамды жоготкондой кайгырып, ыйлап жибергем. Ага арнап кыргыз жана түрк тилинде ырларды жаздым. 2014-жылы үй-бүлөм менен, 2015-жылы окуучуларым менен Кыргызстанга келгенде дароо эле Ата-Бейитке барып, Чыңгыз агайга багыштап куран окуп, көзүмө жаш алып өткөн күндөрдү эстедим.

Ибрахим Түркхандын Чыңгыз Айтматов тууралуу китеби.
Ибрахим Түркхандын Чыңгыз Айтматов тууралуу китеби.

Чыңгыз Айтматов бир гана кыргызга таандык эмес, бүткүл түрк дүйнөсүнүн да баласы жана жазуучусу эмеспи.

Кыргызстандын катардагы бир айылында жарык дүйнөгө келип, атасын репрессия шамалына жулдурганы, турмуш түйшүгүн эрте моюнга көтөрүп, канча деген тоскоолдуктарды жеңип өткөнү эле анын эрки күчтүү адам экенин айгинелейт.

Кыргыз элинин, Орто Азиянын, түрк дүйнөсүнүн, Манастын үнүн СССРдин темир дарбазасы тосуп турганына карабай дүйнөгө жеткизе алган. Ал Ысык-Көлдү, Ала-Тоону, Нургазы, Жоламан, Гүлсарат менен кошо «маңкурт» деген түшүнүктү дүйнөлүк адабиятка белек кылган жазуучу. Кыргыз элинин байыркы көөнөрбөс маданий байлыгын чеберчилик менен кагазга түшүрүп, өзү жашаган доорго из калтырып кетти. Айтматов азыр жана келечекте дүйнөгө таанымал жазуучулардын катарында тура бермекчи.

Мен агай тууралуу көп иштерди бүтүрүшүм керек, бирок 2018-жылы, жазуучунун 90-жылдыгында кыялымды ишке ашырдым деп ойлойм. Мен агайдын буга чейин гезит-журналдарга айткандарын жана китептерден алынган сөздөрүн топтоп, китеп даярдадым. Ушул китеп анын туулган жылына карата чыгарылган китептердин арасынан түрк дүйнөсүндөгү өзүнө таандык жалгыз гана китеп болуу менен өзгөчөлөнөт!

Кыргыз жана түрк тилдеринде басылган китептин аталышын, Чыңгыз агайдын сөзүнөн карызга алдым: «Күн сайын адам болуу» (Hergün İnsan Olmak).

Чыңгыз агай, жаткан жериңиз жайлуу болсун!

Жазуучунун көзү өткөнүн укканда ушул ырымды жазган элем:

АЙТМАТОВДУ ЖОКТОО

Кашка суудай тунук акты, таш жарып,

Кылым ашкан албан ишти аткарып.

Кайгы-муңдун үрөнүн сээп койгондой,

Булуң-бурчка кабарлашты, чаң салып:

Ысык-Көлдүн толкундары токтоду-

Ымырт түшүп жээгине апкаарып.

Аккан дайра түбөлүккө токтолуп,

Ажал шумдук, кайдан чыкты ок болуп?

Алыкулдай отуз беште көз жумбай

Сексен жылдын сересинде жок болуп.

Ала-Тоодой асман тиреп турчу эле,

Айрылдыңбы зор балаңдан кордолуп?

Өрт каптады сезимдерди тымызын,

Өчкөн үчүн асмандагы жылдызың.

Өскөн жерге, Aта-Журтка кош айтып

Сени жалгыз койду белем Чыңгызың!

Мындан ары кезиктирбей калдың го,

Эсил кайран бир боорум ай, Кыргызым!

10.06.2008

Ибрахим Түркхан, Түркия

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG