Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:45

Чыныбай Турсунбековдун көркөм дүйнөсү


Чыныбай Турсунбеков

Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери, маркум акын Чыныбай Турсунбековдун 60 жылдыгына карата эскерүү кечеси Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү.

14-декабрда өткөрүлгөн эскерүү кечесинде акын, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Чыныбай Турсунбековдун (1960--2020) чыгармачыл мурасына тилчилер, адабиятчылар, филология илимдеринин докторлору, коомчулук өкүлдөрү кеңири токтолушуп, “лирик акын Чыныбай Турсунбековдун көркөм дүйнөсү” тууралуу кеп козгошту.

Чыныбай Турсунбековду эскерүү иш чарасы
Чыныбай Турсунбековду эскерүү иш чарасы


Акындын “Жүрөктөгү жаңырык”, “Шаарда жоголгон сөз” , “Жалын тоо” аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн.

Жазуучу Чоюн Өмүралиев 1980-жылдары акындар Барчынбек Бугубаев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Жедигер Саалай, Чыныбай Турсунбеков адабият айдыңында өз үнү, өз көз карашы менен келишкенин эскерди:

жазуучу Чоюн Өмүралиев
жазуучу Чоюн Өмүралиев

Биз “Алыкул , Алыкул” деп абдан көп айтабыз. Алыкулду үстүртөн өздөштүргөндөр бар, жөн эле элди ээрчип “Алыкул” деп койгондор да бар. Бул Чыныбайдын бир артыкчылыгы бала кезден Алыкулга абдан сугарылган экен, мен ушуга абдан таң калдым. Алыкулдун “турмушта миң мертебе калп айтсам да, ырыма бир мертебе калп айта албаймын” деген саптары бар го, ошол саптар Чыныбайга абдан таасир эткендей, анын тээ бала кезден жазган ырларынан эң соңку жазган ырларынын бардыгында Алыкулдун таасири байкалып турат. Ал эми адабиятка жасаган мамилеси, принциби тууралуу айтканда, Алыкулдай чынчыл, жалган пафосу жок, өзү билген нерсени, өзүнүн жүрөгүнөн өткөндү гана жазган турмушка чыныгы өзүнүн мамилесин билдирген, өз жүзү бар акын. Ал ыр жазуунун формалык жагына көңүл буруп, поэзиянын жаңычылдык тенденцияларын колдонгон".

Лирик акындын “Ак ыр” же “уйкашсыз ырларынан” “Из” аттуу ырын мисалга келтирели:
“Жээгине издин
Гүл тигишип
Жүрүптүр кумурскалар.
- Кимдики? -
деп сурадым
алардан мен.
Бир ооздон:
- Дыйкандыкы! -
дешти мага.
- Ка-арк.
- Калп! -
Каргалар каркылдашты.
Башкарманыкы экенин
далилдешти.
- Бригадирдики! -
Чымчыктар чырылдашты.
Чыйпылдаган чычкандар:
- Милиционердики!-
деп жатышты.
Сагызган талдан-талга,
бутактан бутактарга
учуп-конуп:
- Билбейм, билбейм! -
дегендей башканы айтпайт.
Кечти күтүп,
ай-жылдыздан сурасам:
- Өлүп калган дыйкандыкы! -
дешти алар,
анан аста
жылып кирип кетти алар.
Кең талаада
атамдын изи жатты.
...Эңкейип өптүм аны”.

Тасма. Садык Шер-Нияз менен Чыныбай Турсунбеков. "Марал" радиосу. 2019-жылдын 7-майы.

Ч.Турсунбеков 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагу КУУнун) кыргыз филологиясы факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Жогорку окуу жайды бүтүргөн соң “Кыргызстан” басмасына редактор болуп эмгектенген. Кийин Кыргызсан Илимдер академиясынын Тил жана адабият институнун аспирантурасына тапшырган. 1988-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.

Чыныбай Турсунбековдун устаттарынын бири, Кыргызстан Жогорку Кеңешинин мурдагы спикери, коомдук ишмер, филология илимдеринин доктору, академик Абдыганы Эркебаев студентинин илимий изилдөөлөрүндөгү, котормочулугундагы жаңычылдыгына токтолду:

коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев
коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев

"Ал өзү мектепте эле ыр жазчу экен. Мен студент кезинен баштап ырларын, кол жазмаларын окуп, басмага сунуштаганмын. Ошондо алгачкы ырлар жыйнагы чыккан. Аспирантурада окуп жүргөндө кандидаттык диссертациясын “Кыргыз прозасында шаар менен кыштактын карым-катнашын чагылдырган чыгармалардагы конфликт жана каарман проблемасы” деген теманы изилдеди. Чыныбайда Алыкулдун рухун өзүнө сиңирүү, анын жакшы жагын алуу жагы күчтүү эле. Ал чыгармачылык чыйыр жолунда өзүнүн ички уйгу-туйгусун , сезимин, оюн бере алды".


Сөзүбүз куру болбосун, анын “Шиберде” деген ырынан мисал келтирели:
Кыбырашат,
Чөптөр,
Шыбырашат
Чөптөр:
- Акын экен,
Чынбы?
- Жакыр экен,
Чынбы?
- Бала окутуп
Шаарда,
Жатыр экен,
Чынбы?
- Жасайт ишин
Баланын
Дешкендери
Чынбы?
- Жакшы көрөт
Аялын
Дешкендери чынбы?
- Атасына кыздары
Окшош,
Көргөнсүңөрбү?
- Тынч!
- Тынч!
- Тынч ай
Уктады,
Сөздөн
Өлгөнсүңөрбү?
...Моюн-башты
Сайгылап,
Кыбырашат
Чөптөр.
Өздөрүнчө мени айтып,
Шыбырашат
Чөптөр".


Адабиятчылар, өнөр адамдары жакыр болот. Алардын чыгармачылыгы байлыкка умтулбайт. Ал - жүрөктүн иши. Чыныбай ишкердик, саясат менен адабиятты айкалыштырган адам болду.

Аты аталган кечеде акын, котормочу, ишкер, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыныбай Турсунбеков тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү. Тасмада акындын акындыктан - мамлекеттик ишмердикке чейинки баскан жолу, жасаган иштери тууралуу сөз болду. Анын көзү тирүүсүндө окуп кеткен ырларын өзүнүн окуусунда уктук.

Тасма. Ч.Турсунбеков. Айтчы досум...

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, коомдук ишмер Шарипа Садыбакасова Ч.Турсунбековдун 2014-жылы жарык көргөн “Жанар тоо” аттуу ыр жыйнагын окуганда, Теңир-Тоо койнундагы балалык чагы, ата-энеси көз алдына тартылганын билдирди:

Коомдук ишмер Шарипа Садыбакасова.
Коомдук ишмер Шарипа Садыбакасова.

"Адамдын турпаты, адамдын сыны толо турганы адамдык сапат. Ошол сапаттың бийик, таза элиңди өнүктүрүүгө багыт болгондо, ошол адамды сыйлагың, ичиңде сактагың, ошол адамдай болгуң келет, ошондой адам эле Чыныбай. Анын ыр жазганын 2014-жылга чейин билген эмесмин. Анын “Жанар тоо” деген китеби чыкканда, Кыргыз-Түрк “Манас” университетине китептин ачылышына барып, ал жердеги акын-жазуучулардын сөзүн угуп, кийин китепти окуп чыгып, анын табият менен бирге берилген тубаса талантына баа бердим. Ал дүйнөнүн оош-кыйышын бала кезинен кабылдап, жүрөгү курч, таза ырларды жазыптыр. Ырларында көркөмдүүлүк менен жасалмасыз, табийгыйлык бар".

Чыныбай Турсунбековдун “Табият” аттуу ырына Кыдыкбек Усупбаев обон жазган. Ырды опера ырчысы, баритон Орозбек Бакытов ырдап жүрөт.

Тасма. "Табият" ыры (сөзү Ч. Турсунбековдуку; обону К. Усупбаевдики; аткаруучу Орозбек Бакытов). 2016.

“Шаарда жоголгон сөз”, “Жүрөктөгү жаңырык” аттуу ыр жыйнактарын чыгаргандан кийин, ишкерлик менен алектенип, кийинчерээк саясатка аралашкан Чыныбай Турсунбеков (ал 2015-2017-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон) өлкөдөгү демократиялык баалуулуктарды чыңдоого зор салым кошкон.

Ал 1993––1996-жылдары «Азаттык» үналгысынын Түркия боюнча сырт кабарчысы да болуп иштеген.

Ч.Турсунбеков “Замандаш” журналы тарабынан “Жылдын мыкты өндүрүшчүсү” наамына татыган. “Замандаш” журналы, № 12, 2004.
Ч.Турсунбеков “Замандаш” журналы тарабынан “Жылдын мыкты өндүрүшчүсү” наамына татыган. “Замандаш” журналы, № 12, 2004.

XXI кылымдын башында ал Кыргызстан ишкерлер биримдигинин президенти, Кыргыз-Түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы коомдук кызматтарын да аркалады.

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков жана вице-спикер Алтынай Өмүрбекова. 2016-жылдын 28-апрели.
Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков жана вице-спикер Алтынай Өмүрбекова. 2016-жылдын 28-апрели.

Парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков 2020-жылдын 6-июлунда 60 жаш курагында катуу оорудан улам дүйнөдөн кайткан.

Анын сөөгү 7-июлда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик көрүстөнүндө жерге берилген.

Коомдук ишмер, маркум Чыныбай Турсунбеков кээ бир акын-жазуучулардын чыгармачылыгын колдоо үчүн демөөрчүлүк кылып келген. Ал өзүнүн Ысык-Көлдөгү Кара-Ой кыштагынын чыгышындагы «Акун» эс алуу жайында өлкөнүн жогорку окуу жайларынын окумуштуулары үчүн эс алууга жыл сайын шарт түзүп бергендиги, Алик Акималиев, Кожогелди Култегин сыяктуу бир катар акын-жазуучулардын чыгармалар жыйнактарын жарыялоого демөөрчүлүк кылганы маалым.

Ч.Турсунбековдун көп кырдуу чыгармачылыгы тууралуу 2019-жылдын 30-сентябрында “Азыркы кыргыз поэзиясы жана лирик акын Чыныбай Турсунбековдун көркөм дүйнөсү” аттуу илимий китеп 500 нускада жарык көргөн. Китепти Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин кандитаты Эмилбек Акунов түзгөн.

XS
SM
MD
LG