Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Орусияда коронавирус күчөп жатат


Москвадагы эмдөө борбору. Июль, 2021-жыл
Москвадагы эмдөө борбору. Июль, 2021-жыл

Орусияда 16-октябрда коронавируска кабылган 34 миң 303 киши катталып, 999 бейтап оорудан көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн тиешелүү органдары жекшембиде маалымдашты.

Көрсөткүчтөр көтөрүлүп жатканы менен Кремль экономикага катуу кесепетин тийгизген пандемиянын башындагыдай карантин мүмкүнчүлүгүн четке какты.

Анын ордуна жергиликтүү бийликтерге чектөөлөрдү күчөтүү көрсөтмөсү берилди. COVID-19га байланышкан статистика эмдөө солгун жүрүп, вакцинадан баш тарткандар көп болуп жаткандыгы үчүн өсүүдө.

Бийлик элди эмделүүгө чакырып, лотерея ойнотуп, кызыктыруучу чараларга барууда. Бирок көз карандысыз сурамжылоолор көргөзгөндөй, орусиялыктардын дээрлик жарымы вакцина алууну каалабайт.

Апта соңундагы маалыматка караганда, 146 миллион калктын 29% гана толук эмделди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG