Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Анкарада кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды


 Болотбек Мамбетов, Үмүт Мамбетова жана Азизбек Сулайманов Анкарадагы көргөзмөдө.
Болотбек Мамбетов, Үмүт Мамбетова жана Азизбек Сулайманов Анкарадагы көргөзмөдө.

17-октябрда Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында IV аралык искусство фестивалынын алкагында кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Ага Болотбек Мамбетов, Үмүт Мамбетова жана Азизбек Сулаймановдун эмгектери коюлган. Алар конокторго жана студенттерге чеберчилигин көрсөтүп, ошол жерде сүрөт тартып жатышат.

Иш-чараны уюштурган Билкент университетинин искусство борборунан кабарлашкандай, максаты - чет өлкөлүк искусство адамдарын жергиликтүү түрк сүрөтчүлөр менен тааныштырып, тажрыйба алмашуу.

Кыргызстандык сүрөтчүлөр менен катар көргөзмөгө 35 өлкөдөн скульпторлор катышууда.

Көргөзмө Билкент университетинин искусство борборунда 20-октябарга чейин уланат.

Түркияда расмий эсеп менен 25 миңден ашык кыргызстандык жашап иштейт. Алардын дээрлик көпчүлүгү үй кызматтарында, тейлөө жаатында иштегени менен арасында музыкалык ийримдерде, сүрөт галереяларында, скульптура ийримдеринде, консерваторияда иштегендер да бар. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG