Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Кыргыз акын-жазуучулардын окурмандар арасындагы рейтинги чыгарылды


Китепкана. Бишкек
Китепкана. Бишкек

Кыргызстандыктардын арасында кайсы акын-жазуучулардын чыгармалары популярдуу экенин аныктаган изилдөөнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Изилдөөгө катышкандардын 51% Чыңгыз Айтматовду белгилешкен. Дээрлик баары "Кайсыл чыгармасын окугансыз?" деген суроого "Саманчынын жолу" повестин аташкан.

Сурамжылоого үн кошкондордун 5% Төлөгөн Касымбековду, 4% Алыкул Осмоновду, 3% Мукай Элебаевди, Аалы Токомбаевди, Касым Тыныстановду, 2% Касымалы Баялиновдун атын айтышкан.

Респонденттердин 2% азыркы замандын акын-жазуучу, ойчулдарынан Шайлообек Дүйшеевди, 4% Нуржигит Кадырбековду аташкан.

Сурамжылоо көрсөткөндөй, аял акын-жазуучулар окурмандар арасында популярдуу эмес. Алардын аты-жөнүн респонденттер аташкан эмес.

"Өнүгүү китептери" коомдук фонду жүргүзгөн онлайн сурамжылоонун жыйынтыгы 16-октябрда Бишкекте адабияттын бүгүнкү абалын талдаган жыйында жарыяланды. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG