Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:39

Германияда азан үнү жаңырабы?


Германиядагы мусулмандар. Жума намазы учуру. Май, 2020-жыл

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама. 11-17-октябрь, 2021-жыл.

Кытайдагы энергетикалык кризис

Москвадагы Карнеги борборунун сайтына 13-октябрда чыккан макалада аналитик Вита Спивак дүйнөнү тооруган энергетикалык кризиске кайрылып, Орусия Кытай туш болгон кыйынчылыктардан кандай пайда таба аларын талдаган.

Көлөмдүү материалда автор Европада газдын баасы көтөрүлүп жаткан чакта Кытай орусиялык «Интер РАО» ишканасынан өз продукциясы менен көбүрөөк камсыздоону сураганын жазат. Эмне дегенде Кытайда электр энергиясынын таңсыктыгы абдан сезилүүдө. 19 аймакта электр берүү чектелип, айрым жерлерде 10 күнгө чейин эл жарыксыз отурганы, дагы бир учурларда атүгүл үнөмдөө максатында жол чырактар өчүрүлгөнү, арты башаламанга алып келгени баяндалат.

Кытай
Кытай

Автор андан ары кризистин үч себебине токтолгон. Биринчиден, пандемиянын фонунда дүйнө рынокторунда энергетикалык ресурстардын, анын ичинде көмүрдүн баасы кескин өсүп кетти. Ошол эле маалда экологиялык талаптардан улам Кытайда көмүр казуу азайып, бир топ кендер жабылган.

Экинчиден, айрым региондордун жетекчилери борбордук бийликтин көмүр кычкылынын абага бөлүнүп чыгышын азайтуу көрсөтмөсүн аткарууга үлгүрбөй жатышканын түшүнүп, радикалдуу кадамдарга барышкан. Андан биринчи кезекте өлкөнүн энергетикалык балансында чоң роль ойногон көмүр станциялары жабыркоодо.

Үчүнчүдөн, кээ бир региондордо электр энергиясына талап абдан өсүп жатат.

Мындай жагдайда, көмүрдү бара-бара газга алмаштыруу аракетинде, - талдоочунун баамында орусиялык экспортерлор үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Азыр эле мунай менен газ Орусиянын Кытайга экспортунун 60% түзөт.

Андан тышкары 2019-жылдан тарта Орусия Кытайга суюлтулган газ жеткирип келатат. Ошол эле маалда көмүр экспорту да дагы көпкө чейин маанилүү роль ойномокчу, - деп жазды.

Жыйынтыктап айтканда, ал Бээжин бир жагынан көмүр запастарын көбөйтүп, энергетикалык коопсуздугун камсыздоого тийиш деп эсептейт. Анын жазганына караганда, экинчи жагынан көмүрдөн көз карандуулуктан арылуу үчүн өлкө газга өтүп жатат. Эки тенденция тең орусиялык экспортерлорго жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берип жатат.

Кардарларга жетпей жаткан товар

Ал эми франциялык Le Figaro гезити дагы бир дүйнөлүк кризиске кайрылат. Бир нече айдан бери логистика тармагы туш болгон кыйынчылыктар инфляцияга алып келип, глобалдык экономиканын өсүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Дүйнөлүк банк жакында маалымдагандай, кардарларга жеткирилчү жүктөрдүн 8,5% порттордон чыга албай турат. Январь айына караганда бул эки эсеге көп.

Пакистандагы порт (иллюстрациялык сүрөт).
Пакистандагы порт (иллюстрациялык сүрөт).

Басылма мындай жагдайга коронавирус кризисинен кийин экономиканын жанданышы менен логистикалык транспортко талаптын өсүшү, жумушчулардын тартыштыгы алып келгенин, натыйжада Эл аралык валюта фонду Кошмо Штаттар, Кытай, Германия жана Британия өңдүү алдыңкы мамлекеттердин экономиалык өсүш прогноздорун төмөндөткөнүн жазат. Маселе Чоң Жыйырманын жана Чоң Жетинин саммиттеринде талкууланды.

Экономисттер эл керектөөчү товарлардын баасы, товар ташуу чыгымдары кымбаттаганын, кризис жөнгө салынгандан кийин деле баалар ошол бойдон калышы мүмкүн деп айтышат.

Макалада айтылгандай, абалдан чыгуу үчүн АКШ портторун жана тиешелүү ишканаларды күнү-түнү, дем алыш күндөрсүз иштөөгө өткөрүүнү чечти.

Маалыматтарга караганда, өлкөнүн дүкөндөрү велосипед, теннис топторунан баштап чөнтөк телефондорго чейин айрым продукциянын таңсыктыгына туш болууда. Бир катар компаниялардын өндүрүшү пандемия башталгандан бери эле чийки зат, тетиктердин тартышыгынан чыгым тартып келатат. Муну менен катар карантинде үйлөрдө отуруп калган эл жабыла майда буюм-тайымдарды, ар кандай товарларды буюртма берүүгө киришкен. Көпчүлүк фирмалар айдоочулар, товар жүктөгөн жумушчулар өңдүү кызматкерлерди табууга аракет көрүп атышат.

Гезит жазгандай, мунун баары энергиянын да кымбатташына алып келүүдө жана элдин турмушуна терс таасирин тийгизүүдө.

Германияда азан жаңырабы?

Германиялык Көлн шаарынын бийлиги мечиттерде азан чакырууга уруксат берүүнү караштырууда. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазышты. Калаа мэри Генриет Рекердин айтымында, бул кадам “диний эркиндикке” урмат көргөзүүнү көздөйт.

Эки жылдык пилоттук долбоордун алкагында шаардын 35 мечити мусулмандарды жума намазына азан айтып чакыра алат. Азанды түшкү саат 12ден 15ке чейин беш мүнөт гана чакырса болот, айланадагы жашоочулар алдын ала кабардар болууга тийиш. Андан тышкары ар бир мечит добуш катуу чыгууда деген өңдүү даттанууларды чогулта турган адамды дайындашы керек.

Көлн шаарындагы мечит
Көлн шаарындагы мечит

Мусулман коомунун диний жетекчилери шаар башчылыгынын планын кубатташты. Ал эми немистердин көбү ага каршы сыяктуу. Былтыркы сурамжылоо респонденттердин 61% азанга уруксат берүүнү жактырбай турганын көргөзгөн.

Бир катар саясатчылар бул кадамдын артында дин иштери боюнча Түрк башкармалыгынын таасири турганын айтышат. Айрымдары азанга чакыруунун диний эркиндикке тиешеси жоктугун белгилешет.

Германияда 3 миңдей мечит иш алып барат. Алардын бир пайызга жакынында гана азанчы бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG